Досым САТПАЕВ, казакстандык эксперт: «Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин Казакстанда жашап жана иштеген Кыргызстандын жарандарына биздин бийликтин басым жасоо аракети эң эле акылсыз чечим болду»

11.10.2017 | Коом, Саясат

Досым Сатпаев

Ачуу чындык айтылышы керек эле. Аны 7-октябрда КР президенти Алмазбек Атамбаев айтты. Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдында казак бийлигинин жана казак олигархтарынын кайсы бир талапкерди колдоого алып атканын сынга алды.

Бул сын казак бийлигине, өзгөчө лидери Нурсултан Назарбаевге өтө катуу тийгенин байкадык. Ошентип натыйжада 10-октябрдан тарта Казакстанда жашап жана иштеп аткан кыргыз жарандарына басым жасалып атканы маалым болду. Муну Казакстандын эле жарандары өздөрүнүн Кыргызстандагы досторуна телефон чалуу аркылуу билдирип атышат. Алардын айтымында азыркы тапта Казакстанда милиция кызматкерлери кыргыздарды кармап, өлкөдөн чыгып кетүүлөрүн талап кылышууда. Ошол эле убакта эки өлкөнүн чек арасындагы «Кордай» өткөрүү пунктунда да казак чек арачылары тарабынан текшерүүлөр күчөтүлүп, ал жерден өтө албай тургандардын саны улам арбып баратканы билинди.

Мына ушундай көрүнүшкө кыргызстандыктар гана эмес, Казакстандын жарандары, бир тууган карапайым казак эли, казак эксперттери да нааразы болушууда. Маселен, Казакстандын эксперти Досым Сатпаев «А. Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин Казакстанда жашап жана иштеген Кыргызстандын жарандарына биздин бийликтин басым жасоо аракети эң эле акылсыз чечим болду» деп эсептейт.

«Кордайдагы жасалма түзүлгөн кырдаал мындай акциянын башталышы эмес деп үмүттөнөм. Саясатчылар келет жана кетет, ал эми эл калат. Ошол эле учурда Кыргызстан бизди кайсы бир нерселерге үйрөтө алат. Ошол эле А. Атамбаев Конституциянын алкагында өзүнүн кызматынан өз каалоосу менен кетип аткан Борбордук Азиядагы биринчи президенттердин бири. Революция же мамлекеттик төңкөрүштөн кийин эмес, өз эрки менен. Ошону менен бирге башка талапкерлердин саясый күрөштөгү катуу атаандаштыгы үчүн шарт түзүп берди. Башка авторитардык коңшулардын фонунда ал ак карга сыяктуу. Бирок, бул биздин региондогу маанилүү прецедент, ал кайсы бир убакта бизде да болот деп үмүт кылам. Эгерде биз өзүбүзгө өзүбүз ыраазы болуп, региондогу эң мыктыбыз деп жүрө берсек, анда эртең бардыгын артынан дем алып калабыз. Болбоду дегенде саясый реформа жагынан биз Кыргызстандан аркада калдык. Ал реформалар текши жүрбөй атканы түшүнүктүү, бирок бул жок дегенде алдыга жылуу, ордунда токтоп калуу эмес», — дейт ал.

«Элден айланса болот» деп бекеринен айтылган эмес. Мына ушундай пикирди айткан казак туугандарыбыз арбын. Кыргыз менен казак эли чындыгында бир тууган эл. Тилибиз да, кийген кийимибиз да, каада-салтыбыз да окшош. Эзелтеден бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жашап келген. Андыктан саясатчылардын саясый көз караштарынын дал келбей калышынан эки эл эч качан бет карашпай калбайт. Болгону казак лидери өзүнөн кетип калган катачылыкты моюндап, бузулуп бараткан кырдаалды оңдогонго аракет кылат деп ишеним артып туралы.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: