Динара Сагинбаева: Дарыгерлердин айлык маянасын көтөрмөйүнчө бул тармактагы коррупция жоюлбайт

18.03.2016 | Маек

Динара Сагинбаева

Улуттук госпиталдын жетекчиси Динара Сагинбаева менен маек.

— Динара Зарылыковна, Саламаттык сактоо министри болуп үч жылга жакын иштедиңиз. Убагында жакшы көрсөткүчтөр менен иштеп, ишиңизге өтө деле катуу сын пикирлер айтылган жок. Бул жакка дайындалып калышыңызга эмне себеп болду?

— Жумуштан кеткенде өз ыктыярым менен кеттим. Бир-эки айдан кийин ушул жумушту сунуш кылышты. Ал жак менен бул жакты салыштырып көрсөм, ал жак көбүрөөк теория болсо, бул жакта тажрыйба экен.

— Республикалык оорукананын жетекчилиги дарыны 21 сомдон сунуштаган бааны четке кагып, 120 сомдон алышкан деген маалымат ЖМКларга чыкты. Бул сиз келгенге чейин болгон иш болсо керек?

— Интернетке чыккан маалымат боюнча бул 2014-жылы болгон иш экен. Биз аны тактап сураштырып, Башкы прокуратуранын маалымат борборуна чалып сурадык.  Азыркы күндө Улуттук госпиталдын бир кабинетинде Биринчи май райондук прокуратурасынын тергөөчүлөрү иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Жагдай мындайча. Антибиотиктин ар кандай түрлөрү болот, арзаны да, кымбаты да бар. Ооруканада арзаны да, кымбаты да сатып алынган. Коюлган доомат боюнча эмнеге кымбатка аласыңар, арзанын алсаңар болбойт беле деп жатышат. Дарыгерлердин айтканына караганда бул ооруканада эң оор ахвалдагы оорулуулар жатышат. Дарылоону баштаганда арзан баалуу дары менен башташат, ал жардам бербесе анан кымбат дарылар менен дарылашат. Дарыгерлер өз оюн, доомат койгондор өз оюн айтып жатышат. Тергөө иштери азырынча аягына чыга элек.

— Жалпы коомчулук билишет. Мурунку жетекчи Мирбек Нуралиев мырзанын тушунда дары-дармек сатып алуу боюнча кылмыш иши козголгону билинген. Бул боюнча эмне айта аласыз?

— Ал жөнүндө билбейт экенмин. Мыйзам бузуулар, текшерүүлөр болуп жаткан, бирок кылмыш иши козголду деп уккан эмесмин. Мен мисалы, бир-эки жолу ар кандай комиссиялар келип текшергенин көргөнмүн. Ал киши өз ыктыяры менен жумуштан кеткен. 2015-жылы Башкы прокуратурадан келишип 2011-жылдан берки дары-дармектердин сатып алынышын текшере башташты.

— Тажрыйба жүзүндө көрүп атам деп атпайсызбы. Материалдык базанын жетишпегендиги, коррупциялык көрүнүштөр, дарыгерлердин оорулууларга туура эмес мамилелерин көрүп атасыз да? Мындан кандай жыйынтык чыгарып, аларды жоюу боюнча кандай аракеттерди көрө баштадыңыз?

— Чындыгында Саламаттык сактоо министрлигинен жакшы эле жоболор, буйруктар чыгат. Бирок, негедир нааразычылыктар боло берет. Жакшы жоболор чыгып атса, нааразычылыктар эмнеден келип чыгат деп ойлочубуз да. Медперсонал деп коёбуз, анын ичинде дарыгерлер, орто билимдүү адистер, санитаркалар, короо тазалагычтарыбыз бар. Мисалы, дарыгердин орточо айлык маянасы 10 миң сомдун тегерегинде. Бир жарым ставка менен иштеп, дежурствосу кошулганда ошончо болуп атат. Атүгүл профессордун айлыгы да 12-13 миңге араң жетет. А калгандарыныкы андан да аз. Албетте, бул адистикти өздөрү тандап алган соң берилип иштеши керек деп ойлойсуң, бирок заман ушундайбы, айтор тапканың эчтекеге жетпесе, жумушка көңүлкоштук ошондон башталат го деп ойлойм. Ал үчүн алардын айлык маяналарын көбөйтүп, медперсонал жумуштан башка эчтекени ойлобогондой шарт түзүп, жумуштун жыйынтыгын талап кылуу керек. Бирок айлык маяна боюнча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан чыккан жобо башка, Каржы министрлигинен чыккан жобо башка экен. Дарыгерге 1,5 ставкадан ашык жумуш бере албайсың.

— Бул маселени министр болуп турганыңызда көтөрсөңүз болбойт беле?

— Мунун баары каражатка келип такалат экен. Дарыгерлердин маянасы кечээ жакында эле 2,5 миң сом болчу. 2011-жылы бул маселени карап, бара-бара 5 миңге, анан 10 миңге көтөрө алдык. Бул биринчиден. Экинчиси, биздин ооруканалар, улуттук борборубуз материалдык жактан абдан эле начар абалда. Госпиталь 21 имаратта жайгашкан. Эң эле эскиси 1928-жылы курулган. 1936-38-жылы курулган имараттар, эң жаңысы 2013-жылы Кытай Эл Республикасынын грантына курулган имарат.  Демек, көпчүлүк имараттарыбыз капиталдык ремонтко муктаж. Медициналык жабдуулар да жетишсиз. Каражат чыкчу жердин баарынан жардам сурап, оңдогонго аракет кылып жатабыз. Өкмөт өткөн жылы Саламаттык сактоо министрлигине 70 млн. каражат бөлгөн, ал акчага  11 бөлүм капиталдык одоп-түзөөдөн өтмөк. Тендердин жыйынытыгынан кийин 11бөлүм жалпысынан 45-500 млн. сомго оңдоло турган болду.  Бирок каражат жылдын аягында үчтөн бир бөлүгү эле келип, калганы быйыл берилет. Буйруса,  март айында үч бөлүмдү, андан кийин беш бөлүмдү ишке киргизүүнү максат кылып жатабыз.

— Улуттук госпиталь заманбап аппаратуралар менен канча пайыз камсыз болгон?

— Биздин ооруканага республиканын туш-тарабынан дарыланууга келишет. Чынында заманбап аппаратураларыбыз жетишсиз. Миллиондогон акчага кымбат баалуу аппаратты сатып алсак, ага тетик алуу эле бир топ  кымбатка турат экен. Бөйрөктөгү ташты майдалай турган аппаратыбыз бар. Ал жыл сайын бузулуп турат. Ал аппаратты иштеткенден түшкөн каражат ал аппараттын өзүнө эле кетип калат. Өкмөткө күч келтирбестен жеке менчик ишканалар менен иштешип, аларга мамлекеттик буйрутма берип эле биздин мынча жараныбызды дарылап бересиңер, ал үчүн биз силерге быяктан орун бөлүп берүү маселеси менен иштешели деген оюбуз бар.  Биздин адистердин квалификациясы өтө бийик. Нейрохирургия, көз, кулак-мурун бөлүмдөрүнө мындан да жакшы аппаратуралар керек.  Бизде  жалпысынан 34 бөлүм бар. Баштан баштап, бутка чейин дарылайбыз. Көз, кулак-мурун, кан тамыр, пульмонология сыяктуу бөлүмдөр. Сынык менен күйүктөн башканын баары бизге келишет. Албетте, биздин оорукана заманбап аппаратуралар менен жабдылган оорукана болушу керек.

— Сиздерге республиканын кайсы аймактарынан көбүрөөк кайрылышат?

— Жыл сайын 35-36 миң киши ооруканага жатып чыгышат. Келип дарыланып кеткендердин ичинен Чүй өрөөнү менен Бишкек шаарынан көп келишет. Андан кийин Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абаддан келишет. Эң аз келгендери — Ош менен Баткенден келген оорулуулар. Себеби, Ош облусунда мыкты облустук ооруканасы бар. Оорулардын ичинен кан тамыр оорулары биринчи орунда турат. Андан кийин нерв оорулары менен ички органдардын оорулары турат.

Негизинен бизге дарылануу үчүн Казакстандан да  көп келишет. Мисалы, өткөн жылы миңден ашык адам даарыланып кетти. Өзбекстандан аз санда, анан биздин Орусиянын жарандыгын алган өзүбүздүн мигранттар да көбүрөөк келишет.

— Ак халатчандардын шаалакылыгынынан, катасынан улам  каза тапкандар да көп эле да…

— Дарыгерлердин катасынан деп айтпайт элек, себеби ооруканага жаткан адамдардын дээрлик бардыгынын бир эле эмес, 3-4 жери ооруйт. Бир жерин дарыласак, экинчи оорусуна жакпайт, күчөп кетет дегендей. Мисалы, өткөн жылы бизде 18592 киши операция болуп, анын ичинен опреацияны көтөрө албаган 90 киши каза болду, бул көрсөткүч 2014-жылкыга салыштырмалуу 18 кишиге аз. Ал эми мыйзам бузуу менен менен өткөн жылы  арыздардын негизинде үч дарыгерибиз жумуштан кетти. Өзүбүздүн коррупцияга каршы планыбыз бар. Студенттер менен бирге жашыруун эки тилде анкеталарды түзгөнбүз. Бизде жаткан оорулар өз каалоолору менен ал анкетага өз ойлорун ачык жазышат. Бул да өтө кызык нерсе экен. Себеби, билинбей жаткан көп нерсе ачыкка чыгып калат экен. Мисалы, 2014-жылы бизге 46 ар кандай нааразычылыктар жазылса, 2015 жылы 48 болгон. Ыраазычылык билдирүүлөр 2014-жылы 10 болсо, былтыр 18ге жетти.

Маектешкен: Назгүл Осмонова


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: