Домой Саясат Депутаттын пара менен кармалган иниси инфаркт болду

Депутаттын пара менен кармалган иниси инфаркт болду

140

Өткөн аптанын жума күнүндө Финансы полициясына Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат жана кеңеш берүүчү борборунун жетекчиси үчүн Тез жардам кызматы келген.

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы Бактияр Төлөнов инфаркт болду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматындагы (Финансы полициясы) маалымат булак билдирди.

9-январда аталган кызматтан анын 800 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөндүгүн айтышкан.

«Кечинде Финансы полициясына Бактияр Төлөнов үчүн тез жардам автоунаасы келгендигин айтышты», — деп билдирди ал.

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтагы борбордун жетекчиси Бактияр Төлөнов 2020-жылдын 9-мартына чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында кармалып турмакчы. Бул чечимди Биринчи май райондук соту чыгарган.

Булак: Спутник