Домой Саясат Депутат Бекешев: Камчы менен аялды коркутпай, ууруну колго чапкыла

Депутат Бекешев: Камчы менен аялды коркутпай, ууруну колго чапкыла

4

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Сооронбай Жээнбеков «коррупцияга каршы саясат артыкчылыктуу багыт» дегени менен укук тартибин коргоо органдары берилген тапшырмаларды аткара албай жатат деп эсептейт.

Мындай пикирин парламентарий 5-декабрда жалпы жыйында билдирип, коррупционерлер менен аткезчилер Кыргызстанда ээн-эркин басып жүрүшкөнүн айтты.

— Алар Кыргызстанда жыргап жатышат. «2020-жылы парламентке келебиз» деп жатышат. Аткезчи, жөнөкөй тил менен айтканда – ууру. Ууруларды, элди тоногон кишилерди түрмөгө отургузуп, мүлкүн камакка алыш керек. Жылаңач жүргөн аялды камчы менен коркутпай, ууруларды колго чабыш керек. Кыргызстанда аткезчилер керек болсо биз менен тойго барышат. Чет өлкөдөн кымбат мүлк алып, партия түзүп жатат. Биз ошого жол бербешибиз керек. ИИМ «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жок» дейт. Бажы болсо «аткезчилик жок» дейт. Мүмкүн кагаз жүзүндө жок. Бирок эл билет, — деди Бекешев.

Жогорку Кеңеш учурда «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жана Мамлекеттик бажы кызматындагы аткезчилик боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өкмөт аткезчиликти жоюу боюнча системалуу иш жүргүзүп жатканын айтып, анын алкагында «Торугарт», «Эркечтам» бажы постторунда заманбап текшерүү комплекстери коюлганын мисал келтирди.

Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда феминнале иш-чарасы башталган. 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укуктарын коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири — денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.

2-декабрда жарандык активисттер тобу нааразылыгын билдирип чыккандан кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан өз арызы менен кеткен.

Музейдин алдына барган айрым эркектер колуна камчы көтөрүп жүргөн сүрөт Интернетке тараган.

Феминналенин уюштуруучулары аялдардын укугун коргоо, көйгөйдү түрдүү экспонаттар аркылуу чагылдыруу максаты гана болгонун айтып жатышат.

Булак: Азаттык