«Деноддук» деген сөздү билесизби?

18.03.2016 | Эне тил

Чал небереси менен

“Бөксө” деген сөздү чечмелейли. “Бөксө тоо” деп, бийик тоолордун этегиндеги тоголок, жапыз тоолорду айтат. “Жорунун өзү тоодо болгон менен, көзү бөксөдө” дейт. “Чайды мелт-калт кылбай, бөксөрөөк куюп жүр” дейт. “Бөксө чайнек бат кайнайт” дейт.

“Мээси бөксө, акылы бөксө, ырыс-кешиги бөксө” деп да коет.

“Карыган сайын мээ деген бөксөрө берет экен” дейт. Акыл азая берет экен дегени.

“Бечара келин суу жээктеп келип олтуруп, ичиндеги күйүтүн бөксөртүп алып үйгө кайтар эле” дейт.

Бир кезде орус тилинен кирген “самовар” деген сөз “самоор”, “ящик” деген сөз “жашик”, “бутылка” деген сөз “бөтөлкө”, “кроват” деген сөз “керебет” болуп өз сөзүбүзгө айланып кеткени  качан. Орус тилиби, кытай тилиби, араб тилиби, кайсыл гана тилден кирген сөз болбосун башка элдин тилине келгенде ошол элдин ырын “ырдап”, кыргыз тилинин мыйзамына баш ийип, кыргыз болуп кетсе, анда мындай сөздөрдүн көтөнүнөн жөлөп,  тилибизге кийрип алып колдоно бергенге эмне жетсин?

Эсиңиздерде болсо, бир кезде орустун “выходной день”, “день отдых” деген сөзүн “деноддук” деп айтып жүрүп кыргыз кылып албадык беле?

Баарыбыз эле: “Ии, ал деноддук алыптыр”,  “Сен деноддукка чыктыңбы?”, “Канча күн деноддук бермей болду?” деп сүйлөчү эмес белек. Бүгүн мына ушул сөздү кайрадан турмуш-тиричилигибизге кийирип алып сүйлөп жүргөнгө эмне үчүн болбосун?

Эми “жесир” деген сөзгө келели. Араб тилинен кирген бул сөз күйөөсү өтүп кеткен аялга карата айтылат. Илгери “тул калган катын” деп койчу экен. “Эмне эле тул калган катындай карарып, түнөрүп калгансың “ деп кабагы ачылбаган эркекке айтышкан.

“Жамандын катыны болгончо, жакшынын жесири бол” деген да сөз бар.

“Мырза” деген арабдын сөзү, “жигит” деген кыргыздын сөзү.

Акционер дегенди кыргыздар “аксенер” деп койчу экен.

“Аруу” деген сөз бар. Таза дегенди билдирет. “Келген жеринден, кеткен жериң аруу болсун” деп бата берген. “Анын аруу буюмдары көп” деген. “Анын кымбат буюмдары көп” дегенди билдирген. “Ал аябагандай аруу кыз эмес беле” дейт. “Аруу чапан кийгизди” десе, “Кымбат чапан кийгизди” дегенди түшундүрөт.

Аруунун башка бир мааниси-күтүүсүз жерден кармай калган ооруну айтат. “Аруусу кармай түшкөн экен, ырымдап койсом, кетип калды” дейт. “Ал үйдүн аруусу бар, абайла, адегенде өзүлөрү ооз тийсин, биринчи ооз тийе көрбө” дейт.

Илгери кыргызда адамдарды бир көрүп туруп эле сынап койгон сынчылар болгон. Андай сынчылар келечегиңди, өмүрдө өтөй турган жолуңду көрүп тургандай айткан. Мындай сынчылар кишилерди жана күлүктөрдү сынаган.

Талаа кезип келатып, аттын куураган башын таап алып, көз жашын төгүп, “кезиңде күлүктүгүн мен билсемчи?” деп муңканган киши атактуу Толубай сынчы болгон. “Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол” деген сөз ошондон калган.

Манастын сүрүн сүрөттөгөн манасчылар Манас кирип келгенде сүрүнө чыдай албай: “Сынап турган сынчы өлгөн, аңдып турган тыңчы өлгөн” деп айтышкан.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: