Демократиянын ашы

23.04.2016 | Аналитика

Демократиянын ашы

Илгери-илгери, Европанын ээгинен Тынч океандын жээгине чейин басып турган, “Эй!” деп сөөмөй кезегендердин көрүн казып турган Ыс-Ыс-Ыр деген хан болгон экен. Ошол хандын ээгинде бүйлөсү, этегинде дүйнөсү түгөнгүчө эл башкарып туруп 75 жашында каза болот.

Анан анын ордуна ойдо жок жерден түндүктөн түшүп, Демократ аттуу жаркылдаган, баарын ачык айтып, ак сүйлөп таркылдаган, элдин башын бир заматта айлантып жалпылдаган жаш бала такка олтуруп сурагын сурай баштайт. Арадан аз убакыт өтпөй, баягы Компартиянын арбак урган арам сийдик балдары кутум уюштуруп, баланы өлтүрмөкчү болушат. Көздөрүндө көрөлбастык, төштөрүндө партбилети бар бул көзкамандар жел чыкпасын деп Демократтын көчүгүн тряпка менен бүтөп, оозун жаздык менен думуктуруп өлтүрөт.

Ошондо он гүлүнүн бири ачылбай шейит кеткен Демократтын эжеси Апей катындын ичинен кан өтүп, “катын катындыгын кылып зыйнатын жасабай койду дегизбейин, карачечекей инимдин кара ашын бере турган жер издейин” деп чамынып, Нарындан жылкы, Баткенден өрүк, Өзгөндөн күрүч, Жалал-Абаддан кайналы, Оштон батыр нан, Ысык-Көлдөн алма, Чүйдөн Токмоктун тоогун алдыртып камынып, иш билги келин-кыздардын баарын Бапсайтка саксайтып, итейген чалды Интернетке, очойгон кемпирди Онлайнга койдуртуп, оң кетип бараткандарды ОБОНдорго сойдуртуп, төгөрөктүн төрт бурчунан “мен демократ” дегендерге кабар айттырып, кол-бут боло турган жигиттерин жыйып, колтуктагы жүнүн кырып, аш бергени калды дейт…

 

Апей катын ашка катуу киришти

Э-эй,
Жексурдун баары уюшуп,
Желкеде быгып турушуп.
Жекесин төрдүн күсөштү,
Жел чыкчу жерин Демостун
Жекендос менен бүтөштү.

Ошондо,
Эсил кайран эрениң,
Эки буту сырайып.
Ээгиндеги эки кыл,
Экиленип булайып.
Эңкейгенге жарабай,
“Эңк” дей түштү тырайып.

Коммунисттер уюшуп,
Колтукта быгып турушуп.
Ооматын төрдүн күсөштү,
Олтура калып заматта,
Оөнуң Демократтын
Оозу менен жанагы
Оосурчу жерин бүтөштү.
Кош кареги тунарып,
Колу-буту сырайып.
Кокосунун тамыры
Колкосунан булайып.
Козголгонго жарабай
“Кор” дей түштү тырайып.

Капылеттен катыгүн,
Кайран балаң өлгөндө.
Кайра келбес чын жайды,
Кара баскыр көргөндө.
Кандим катын Апийай:
–Каралдым!-деп бакырып,
Калайыктын баарысын
Кара ашына чакырып.
Кыл тулпарды байлатып,
Кымызын суудай жайнатып.
Кыргызга күйөр жан болсо,
Кылгырып туруп берсин деп,
Кыйналып куруп берсин деп,
Кыр-кырдан элди айдатып.

Тегерегин козготуп,
Телелерин боздотуп.
Келин-кызын козготуп,
Кезиттерин боздотуп.
ЭНПОлорун дуу кылып,
Эгемен Горький аянтын,
Эки ай бою чуу кылып.
Укмушун кара жеңеңдин
Устун кылар барбы деп,
Узун тилин кайратып.
Укук коргойм дегендин
Уул-кызын кошо жайнатып.
Добулдай баарын жапыртып,
Добулбас уруп бакыртып.
Дооронго туруп берсин деп,
Дооронбекти чакыртып.
Эт кемеге жасатып,
“Эгемен кафе” аташып.
Элден четтеп баскандын,
Энесин койбой ашатып.
Аш кемеге жасатып,
Ак үйдөн чыгып баскандын
Атасын койбой ашатып.
Сарттардын көзүн талдыртып,
Сабизин сабап салдыртып.
Санаттуу Өзгөн күрүчүн
Салижанга алдыртып.

–Кайда, Демос, кайда?– деп,–
Кара чым баскан жайда,– деп.
Карып, мискин, кайырчы,
Каңгып жолдо калба деп.
Укпаганын коркутуп,
Уктаганын толкутуп.
Уйгу-туйгу чаптырып,
Уйгак куйрук иттерин
Улагага жаткырып.
Улам бир ат токутуп,
Улук-кичик молдого
Узун аят окутуп.

“Молдосунун” жөнү бар,
Монтаждалган өңү бар.
Катуу чыгып жашында,
Камунис болгон башында.
Ыс-Ыс-Ыр капут болгондо,
Ыргытып ийип белетин,
Ыйманын бутка таптаган.
Зордуктай салып бир кызды,
Түрмөдө жанын сактаган.
Эчен жыл кетип дайынсыз,
Эбин таап кайра каттаган.
Башына шейшеп оронуп,
Басмалап куран жаттаган.
Эки кез шейшеп оронуп,
Ээгине сакал чаптаган,
Эжелеп куран жаттаган,
Кусавирин адыртып,
Кумарын антип кандыртып.
Кыраан Демос ашы деп,
Кылгылыктын башы деп.
Кыйын катын бул Апий,
Кылыгын минтип баштады.
Кызматына чыдабай,
КЫДЫКЫнын балдары
Кырылып кете жаздады.

Апий жеңең ошентип,
Аш берем деп бүлүнүп.
Аның менен мунуңдун
Арасында жүгүрүп.
Чакчелекей дүйнөнүн,
Чар тарабын чалдыртып.
Чабарманга жарачу,
Чабандестен алдыртып.
Чуу түшүрүп калды дейт,
Чулу туяк балдарды
Чуулуу катын Апийай,
Чубатууга салды дейт.

Атаңдын гөрү ошондо,
Ток курсактар тороңдоп.
Топоз мурун тойроңдор,
Ток тийгендей ороңдоп.
Топ баштыгы Топчубек,
Толгой тартып сороңдоп
Токтоналбай калды дейт.
-Ашка кабар айтууга,
“Агымдагы” Жолдошбек,
Жарайбы деп калды?-дейт.
Апий анда кеп айтат:
-алеп-жалеп Топчуке,
Абайлай тур,-деп айтат.
-Жолго жорго Жолдоштун
Жойку кара жону бар,
Жонжорудай бою бар.
Жолугабыз деп коюп,
Жоксон алмай жогу бар.
Жалаңкабат жалы бар,
Жайыты жакын
“малы” бар.
Жаалданымыш этсе да
Жаабай турган кары бар.
Жалган айтса ээрибес
Жаагында майы бар.
Жасай турган болгондо
Жаза тайма жагы бар.
Жарым саатка жумшасаң,
Жалаяктай жайылып,
Жарым жылга кургабай
Жатып алма жайы бар.

Келдесинде изи бар,
Кетигинде мизи бар.
Кепер ысык керегей,
Келмеси бош ичи бар.
Керек кездей кашайып,
Кемпирге да макул деп,
Кетип калма ити бар.
-Кой, Топчуке барыңар,
Барга-жокко байымдуу
Башкасынан табыңар?-

Деп жеңекең мойноду,
Деңгээлин аштын ойлоду.
Ал аңгыча болбоду,
Бети түтүн Бишкекте
Бензиндин жыты жойлоду.
Ак үй жактан чаң оргуп,
Ала булут сойлоду.
Бурулуштан бурулуп,
Бура тартып жулунуп.
МАИлерден буйтайм деп,
Маршруткага урунуп.
Жыгылып-кооп келатса,
Жыйналыш кылат
деп айтты.
Жылмаңдаган Апийге
Жыпар Жекше кеп айтты:
-Мончосун күчтөп жагалы,
Мончолотуп алган соң,
Мойнуна тумар тагалы.
Молоко ичкен эме эле,
Момпосуюн алалы.
Моюбаган эр ошол,
Мойнок чөлгө салалы.
Мотору жок от алат,
Момбековду чабалы?-
Деп Жекшеев экчелди,
Деис катын чекчейди.

-Сагынбегиң салбаймын,
Саатына калбаймын.
Саман жыям деп кетип,
Сахнага жетчү эле.
Сахнага жеткен соң
Саясатчыл түгөнгүр,
Сапталбаган ийнедей
Сайгак уруп кетчү эле.
Адамдын баарын
калмак деп,
Айгак уруп кетчү эле.
Тартса этектен куюлуп,
Тайгак уруп кетчү эле.
Үйгө кеттим деп коюп,
Чүйдү көздөй жетчү эле.
Чүйгө жетип алган соң,
Чүкө, сака тандабай,
Чүмбөттөрүн чеччү эле.
Чүлүгү жок түгөгүр,
Чүчөк уруп кетчү эле.
Салар бала ашка тап,
Сагынбектен башка тап!
Момун бала ашка тап,
Момбековдон башка тап!

Жылма катын кеп айтты,
Жыпар уксун деп айтты.
Кыйды катын кеп айтты,
КЫДЫКЕ уксун деп айтты.

Ал аңгыча капырай,
Аңгыраган дүйнөнүн
Азары жерге бөгүлүп,
Ак үй жактан асманга
Аксаргыл чаң өрүлүп.
Ал эмине шумдук деп,
Адамдын көөнү бөлүнүп.
Алып-учуп айгыры,
Аягы жерге төгүлүп.
Карап турган пенденин,
Кабыргасы сөгүлүп.
Кагаз Жолборс кадимки,
Казат тегин көрүнүп.

Апаңдын гөрү дүнүйө,
Алабынан баш кетип,
Аргамжыдан ат кетип,
Абабыз ыйлап алыптыр,
Акырек ылдый жаш кетип.

Ийининен баш кетип,
Илебинен ат кетип.
Ийип ыйлап алыптыр,
Ийрелеңдеп жаш кетип.

Бар-бар ыйлап, бар ыйлап,
Бакырып Казат кары ыйлап.
Баласындай эле деп,
Балакеттин баары ыйлап.
Торгоюм ыйлап жатат деп,
Топчуке тиккен тал ыйлап.
Замзамдап жашы көзүнөн,
Замира айым ал ыйлап.
Депутаттардын жанагы,
Демократ жагы ыйлап.
Чокусу көзгө көрүнбөй,
Чокчолой Баатыр барылдап.
Чоро Тегин баштаган,
Чоронун баары аңылдап…

“Эсил Демос бирөө” деп,
“Ээ болалбай өлтүрткөн
Элибизде күнөө” деп.

“Кымбат Демос бирөө” деп,
“Кырчынында өлтүрткөн,
Кыргыздарда күнөө” деп.

Ыйын абаң баскан соң,
Ызасы бойдон качкан соң.
Арманын абаң баскан соң,
Азасы бойдон качкан соң.
Алиги Казат муну айтат,
Адам уккус шумду айтат:

-Чар тарапка чабыттап,
Чаба турган кишим бар.
Чарк айланып Жер шарын,
Чаба турган кишим бар.
Чалгычы жок мээңи,
Чала турган кишим бар.

Турушу менен чабарман,
Тубаса талант, кабарман,
Туулгандан чабарман.
Тукумун үзгөн жанды да,
Турнабайсыз табалган.
Жаралгандан чабарман,
Жаннатта жок кабарман,
Жаандан чыккан табарман.
Жаракага түшсөң да,
Жадыбалсыз табалган.

Бака-шака сүйлөгөн,
Батылдыгы бар анын.
Алты жылда бир жазган,
Акындыгы бар анын.
Азели катын албаган,
Асылдыгы бар анын.

Автоунааны күтпөгөн,
Алтымыш мил жолдорду
Аягына жүктөгөн.
Арбын сүйлөп, аз уктап,
Ачкылды ичкен сүт менен.
Жетип алса мээңе
Жемейинче түшпөгөн.
Баштыгы бар асынган,
Бар дүйнөсүн бапестеп,
Баштыгына жашырган.
Билип айткан, бир айткан,
Бир эле айтпай миң айткан.
Түн оогончо мээңи жеп,
Түнөй жаздап бир кайткан.
Чымкый кызыл берен бар,
Чынарбек Айдар деген бар.

Антип Казат салды дейт,
Апий катын жактырып:
-Ап бали!-деп калды дейт.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ,
Кыргыз эл акыны


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: