Дайыр Кенекеев: Таластын 44 миң тонна төө буурчагы дүйнөнүн 23 өлкөсүнө экспорттолду

27.02.2017 | Маек

Дайыр Кенекеев

Дайыр мырза, сиз Талас облусун жетектеп жатканыңызга жарым жылдан ашты. Бул убакыт ичинде көзгө көрүнөрлүк кандай иштерди жасай алдыңыз?

— Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагына кирүү менен алардын талаптарына ылайык  айылдык товар өндүрүүчүлөр өндүргөн продукцияларын экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн     арттыруу максатында  учурда Талас район аралык ветеринардык дарт аныктоо борборунун курулуш иштери башталып, жүрүп жатса, Кара-Буура районундагы фитосанитардык лабораториянын курулуш иштери бүтүп, ишке берилгени турат.  Мындан тышкары, облусубузда чакан болсо дагы 3 мал союучу жай курулуп, иштеп жатат. Облусубуздун сүт өндүргөн тургундары үчүн дагы жагымдуу жакшы шарттарды түзүүүгө аракет кылуудабыз. Алсак, жакынкы арада айыл  чарба  продукцияларынын бир нече түрүн иштетип чыгуучу, көп  тармактуу  “Үмүт”  компаниясы Кызыл-Адыр  айылындагы   “Арашан” ААК сүт заводун сатып алып, анын базасында  27  млн. сом  акча  каражатына заводду   модернизациялоо  жумуштарын жүргүзүүдө. Ал заводдун   сүттү  кайра  иштетип  чыгаруу кубаттуулугу  суткасына  70  тоннаны түзсө, сүттү кардарлардан сатып алуунун баасы 20 сомдун тегерегинде белгиленүүдө. Салыштырмалуу айтсак буга чейин элден алынып жаткан сүттүн бир литри 10-11 сомдон ашкан эмес. Заводдун   толук   ишке  кирүүсү  жаз айларына  пландаштырылып,  80  адамды  иш  менен  камсыз кылып, сүт  азыктарынан  сыр, май  жана  кургатылган  сүт  чыгарылат. Белгилей кетсек биздин мал чарба продукцияларынын экспортун өнүктүрүүгө  2016-жылы август айынан декабрь айына чейин облустан биринчи жолу чет өлкөлөргө экспортко 298 тонна сүт азыктары – сыр, май экспорттолгон.

Ошондой эле “Жерүй” алтын кенин иштетүүнүн эсебинен түзүлгөн   облустук өнүктүрүү фонддун башкармалыгы тарабынан 89,1 млн. сомду түзгөн 24 долбоор жактырылып, анын ичинде облусубуздун аймагында МТСтерди түзүү боюнча да алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, Талас району боюнча 7 даана МТСтер ишке киргизилди. Бул МТСтерге жалпысынан 53 769,0 миң сомго 40 техника сатылып алынды. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө облустун өнүктүрүү фондусу аркылуу 6,6 млн. сомго 3  айыл аймагына техникалар алынып келинди.

Мындан эки жыл мурун “Суусамыр-Талас-Тараз” магистралдык жолунун биринчи баскычы сапатсыз курулуп калгандыктан ал жолдор азыртан эле четинен бузула баштады. Ошондуктан мен азыркы тапта жол куруучулардын ишин өзүм тыкыр көзмөлгө алып, анын ар бир чакырымын, метрин сапаттуу курулушун көзөмөлдөп, текшерип турууну атайын адистерге тапшырдым.  Буюрса аталган магистралдык жолду тез жана сапаттуу курууга көзөмөл күчөтүлөт.

— Талас облусунун мамлекеттик деңгээлде чечиле турган негизги чоң көйгөйлөрүн айтып берсеңиз?

— Азыркы учурда облуста республикалык бюджеттен каржылануучу 26 социалдык обьектилер курулуп жатат. Анын ичинде мектептер, медициналык мекемелер, бала бакчалар жана башка обьектилер бар. Мына ушулар өз убагында мамлекет тарабынан каржыланып турса курулуп жаткан обьектилердин тез жана сапаттуу бүткөрүлүшүнө жакшы жардам болот деген ойдомун. Мындан сырткары облустун экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында облустан өндүрүлгөн мал азыктарын, эт, сүт азыктарын сертификациялап, атайын күбөлүк берүүчү ветеринардык борборду  ачуу зарылдыгы турат. Бул дагы мамлекеттик деңгээлде чечилүүчү маселе.

Талас шаарында 2000-жылдардын башында  Индия мамлекетинин гранты менен чала курулган картошкадан чипсы чыгаруучу завод көп жылдан бери иштебей турат. Ушул заводду курууну аягына чейин чыгарып, керектүү жабдууларын оңдоп, ишетүүгө мамлекет тарабынан жардам болсо жакшы болор эле. Мындан тышкары облуска тике инвестицияларды тартууга да мамлекеттик колдоо керек деп ойлоймун. Негизине бул көйгөйлүү маселелерди чечүүдө мамлекет, өкмөт тарабынан жардамдар көрсөтүлүп жатат, бирок бул иш мындан ары да жакшыртууну талап кылат.

Облустун бардык тармактар боюнча көрсөтмөлөр, жетишкендиктер кандай? Айрыкча, өнөр-жай, айыл чарба жагын, негизги капиталга инвестицияларды тартуу жана аларды иштетүү жагын  баса белгилеп айталы…

— 2016-жылы облустун негизги өндүрүш тармагы болгон айыл чарбасында 17,7 млрд. сомдук дүң продукция өндүрүлүп, салыштырмалуу баа менен алганда өсүү темпи 101,6 пайызга аткарылган. Талас облусу дүйнөнүн 32 өлкөсү менен соода байланышын түзүп, чет өлкөлөргө экспорттук жөнөтүүлөр бир жылдын ичинде эле 1 млрд. 222 млн. сомго көбөйгөн.   Облус боюнча  2016-жылдын январь-декабрь айларында негизги капиталга 1765,0 млн. сомдук инвестициялар тартылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 465,7 млн. сомго, же 135,8 пайызга көп тартылды.

Жалпы тартылган инвестициялардын ичинен ички инвестициялардын көлөмү 1149,0 млн. сомду, тышкы инвестициялардын көлөмү 616,0 млн. сомду түздү. Ички инвестициялардын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен “Талас-Тараз-Суусамыр” магистралдык автожолун калыбына келтирүү иштерине 57,4 млн. сом, ал эми тышкы инвестициядан 232,2 млн. сом сарпталып жатат. Мектептердин курулушуна ички инвестициядан 169,8 млн. сом каралган. Ишкана жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен электр энергиясын, газ менен сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү обьекттеринин курулушуна 233,6 млн. сом, калктын каражатынын эсебинен соода объектилерин курууга 34,6 млн. сом жумшалды. Ошондой эле 578,6 млн. сомго  жалпы аянты 44,8 миң кв. метр  болгон  402 турак жай  курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди.

— Таластагы төө-буурчак өндүрүү, өстүрүү жана сатуу, экспорт маселесин өзүнчө кеп кылбасак болбойт. Кененирээк маалымат берсеңиз. Былтыркысы кандай болду, быйыл канча гектар жерге айдалат ж.б. дегендей…

— Таластын дыйкандары жыл сайын өндүрүп жаткан төө буурчак дүйнөлүк рынокто чынында эле негизги брендге айланды. Өткөн 2016-жылы Талас облусу боюнча төө буурчак жалпысы 52832 гектар жерге айдалып, анын түшүмдүүлүгү гектарынан 17,3 центнерден айланып, жалпы дүң жыйымы 91 миң 469,2 тонна түздү. Төө буурчак жогорку рентабелдүү, кирешелүү өсүмдүк болгондуктан 2016-жылдын 1-сентябрынан 2017-жылдын 3-февралына чейин 43 миң 840 тонна төө буурчак дүйнөнүн 23 мамлекетине экспорттолду. Азыр облуста төө буурчакты элден алып, даярдап, чет мамлекеттерге сатып өткөрүү боюнча 30 га жакын фирмалар иштешүүдө. Алардын ичинде ата-мекендик жана чет элдик фирмалар да бар. Биздин дыйкандар өндүргөн төө буурчак  негизинен Турция, Россия, Болгария, Сербия, Македония, Польша жана Грузия сыяктуу чет мамлекеттерге экспорттолууда. Өткөн 2016-жылдын башында төө буурчактын бир килограммы болгону 25-30 сомдон араң сатылып жатса, быйыл кудайга шүгүр анын баасы 80-85 сомго чейин көтөрүлүп, дыйкандардын маңдай тер төккөн мээнетинин акыбети кайтарылууда.

Бул албетте жакшы. Биз буга бардыгыбыз сүйүнүп жатабыз. Ошону менен бирге Таласта төө буурчак монокультурага айланып, бул өсүмдүктү эгүү аянты көп болгондуктан айыл чарба өсүмдүктөрүн которуштуруп айдоого мүмкүнчүлүк жакшы болбой жатат. Бул болсо жердин асылдуулугун арттырууга терс таасирин тийгизип жаткандыгын белгилей кетүү абзел. Ошондуктан биз канчалык кирешелүү болсо да жердин асылдуулугун сактап, которуштуруп айдоого мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу максатында дыйкандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдөбүз. Мына ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында 2014-жылга салыштырмалуу 2016-жылы төө буурчакты эгүү аянты 2047 гектарга азайган. Быйыл да ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен негизги көңүлдү кылкандуу дан эгиндерин, көп жылдык чөптү, жашылча-жемиштерди көбүрөөк эгүүгө аракет кылабыз деген ойдобуз. Албетте дыйкандар өндүргөн төө буурчакты жана башка айыл чарба продукцияларын чет өлкөлөргө жана дүйнөлүк рынокко чыгарып сатууга жардам берүү биздин негизиг приоритеттик багытыбыз болуп саналат.

Булак: “Chagylgan.kg»


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: