Домой Саясат Чыныгы элиталар кимдер?

Чыныгы элиталар кимдер?

12

Акыркы учурларда «Элита» сөзү коомчулукта кызуу талкууга алынып, атка минерлердин короосуна жем ташталууда. Интернет колдонуучулары: бүгүнкү күндүн элиталары жокко эсе. Кылган ишинин майнабы чыкпай жатып, элитага ашыкканы аша чапкандык — деп агынан жарылышып, алар элита эмес деп ар кандай намыска тийчүү сөздөр менен атап, ашмалтайын чыгарышууда.

Чырдын башы кайдан чыкты?

Экс президент Алмазбек Атамбаев «Жогорку Кеңеште жалаң колунан иш келбеген чимкирик депутаттар олтурат» — деп бир топ сын пикирлерин кайра-кайра жаадыра баштаганда Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев спикерге кайрылып: «биздин укугубузду коргоп бергиле. Биз чимкирик эмеспиз, какырык эмеспиз. Бул жерде жалаң кыргыздын элиталары олтурабыз. Саясий элиталар олтурат» — деп агынын жарылган. Мына ошол күндөн тартып коомчулукта элиталар кызуу талкууга алынып, бир дагы жаран атка минерлерди элита деп атоого оозу барбастыгын айтып кыжырданууда. Бирок, Жогорку Кеңеште өзүн элита атагысы келбеген депутат Алтынбек Сулайманов: «Биз элита эмеспиз, элита адамдар — мугалимдер. Алар интелллигент, билимдүү адамдар» — деп өзүнүн уят-сыйыттуу экендигин өз сөзүндө көрсөтө алды.

 

Чыныгы элиталар кимдер?

Алгач элита сөзүнө түшүндүрмө берели. Аларда кандай сапаттар болушу керек? Элита сөзүнүн түпкү мааниси боюнча маалымат алып, анан бүгүнкү күндүн элита болчу адамдары менен салыштырып көрөлү.

Элита (фр. elite «тың чыкмалар», «таңдалмалар», «эл жакшылары» маанисинде) — кеңири мааниде ар кандай социалдык, этностук, кесиптик топтун мыктылары, лидерлери.

Tap маанисинде — ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндө — саясатта, идеологияда, чарбалык турмушта, маданият тармагында алдыңкы, көрүнүктүү абалды ээлеген адамдар жана топтор. Коомдогу башкаруу, илимди жана маданиятты өнүктүрүү функциясын ишке ашыруучу жогорку артыкчылыкка ээ болгон катмарлар. Элита теоретиктери анын болушунун себебин ага кирген кишилердин табигый мыктылыгынан көрүшөт. Элитанын негизги беш түрүн көрсөтүшөт: саясий, экономикалык, административдик, аскердик жана идеологиялык.

Алгачкы общиналык коомдун шартында мыктылар өздөрүнүн жеке сапаттары менен көзгө көрүнгөндүктөн социалдык топто, урукта, урууда элиталык статустун мураска калтырылышы мүмкүн эмес эле. Алгачкы общиналык коомдун бузулушунун жана таптык коомдун (мамлекеттин) калыптанышынын жүрүшүнө жараша алгач урук-уруу башчылары, кийинчерээк үстөмдүк кылуучу топтор элиталык ролду монополиялаштыра (ээлеп алуу, үстөмдүк кылуу) баштайт. Бул тенденция социалдык мобилдүүлүгү эң начар болгон орто кылымдардагы коомдук түзүлүштө өнүгүү чегине жеткен.

Чыныгы Кыргыз Элиталары кимдер болгон?

Абдыкадыр Орозбеков Түркстандагы жумушчу кыймылына катышкан. Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоо үчүн күрөшкөн, атуулдук (граждандык) согуш мезгилинде катардагы жоокердне отряд командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн.

1920–1923-ж. айылдын, болуштун, райондун революциячыл комитеттерин башкарган.

1924–1925-ж. Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон. Тоолуу Кара Кыргыз областынын жумушчу, дыйкан жана солдат депутаттар советинин уюштуруу съездине делегат болуп, анда Тоолуу Кара Кыргыз областтык АКнын (Аткаруу Комитетинин) төрагалыгына шайланган.

1925-жылдын 31-мартында Кара Кыргыз автоном облусунун биринчи уюштуруу курултайында Кара Кыргыз автоном облусунун Төрагалыгына депутаттар тарабынан шайланган. Ошентип, бүгүнкү эгемен Кыргыз мамлекетинин биринчи Президенти Абдыкадыр Орозбеков болгон десек акыйкат кеп болот.

1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.

Жусуп Абдрахмановду Кыргыз АССР Эл комиссарлар Кеңешинин төрагалыгына дайындоо жөнүндөгү токтомго кол койгон.

Кыргыз АССР Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон. Касым Тыныстановду Эл агартуу министри кылып дайындаган. Төрөкул Айтматовду (Чынгыз Айиматовдун атасы) Жалал Абадга аким кылып дайындаган.

1936-ж. Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.

Ошентип, чыгаан инсан Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айыны чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы, азыркыча айтканда Президенти болуп абийирдүүлүк менен иштеген.

Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. 1938-жылы май айында аттырылган. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө түн жамына башка Кыргыз интеллигенциясы(Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов) менен кошо коюлган.

1956-ж. 21-майда партиялык жагынан акталган.

Жусуп Абдырахманов (1901, Күнгөй-Аксуу болушу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысык-Көл району, Жаркымбаев айылы — 1938, Бишкек, сөөгү 1991 Ата-бейит көрүстөнүнө коюлган) — советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмери, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинини биринчи Председатели(1927–1933), РСФСР ВЦИКтин мүчөсү, СССР ЦИК Президиумунун мүчөлүгүнө кандидат, ВКП(б)БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, эл тарыхын объективдүү изилдөөчү.

 

Коомдук жана саясий мансабы

1918-ж. кызыл гвардиячылардын катарына кирген жана Жетисууда Совет бийлигин чыңдоого катышкан.

1919-жылы РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун жана РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган.

1920–1924 жылдарда партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-ж. мартта Түркстан АССРинин Борбордук аткомунун президиумунун мүчөсү жана жооптуу катчысы болуп шайланган.

1924-ж. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген.

1925-ж. майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор.

1926-ж. октябрда Кыргызстанда облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын жана РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон.

1933-ж. Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.

1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык боюнча орун басары болуп иштеген.

Өмүрүнүн кара мезгили

1933-ж. сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.

1937-ж. 10-июнда Абдрахманов контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа менен камакка алынган.

1938-ж. 5 ноябрда атылган.

1958-ж. акталган.

Абдрахманов жана тарых

Абдрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын республиканын тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-ж. «Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн. 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө чындык жана акыйкат өңүтүнөн жазылган «Күндөлүгү» жана башка китептери белгилүү. Жусуп Абдрахманов Кыргызстандын чыныгы патриоту. Бул инсанга, Кыргыз Мамлекети түзүлүшү үчүн күрөшүнө, ар бир кыргыз таазим этиши керек.

 

Касым Тыныстанов — Касым Тыныстанов (1901, азыркы Ысык-Көл району, Кажы Сай кыштагы, — 1938) — кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору (1936).

К. Тыныстанов адегенде араб тамгасын колдоп, кийин латын тамгасына, андан орус тамгасына өтүүгө алгачкылардан болуп үндөгөнүн замандаштары эскерет. «Эркин Тоо» гезитинин 1926-жылкы 8-апрелдеги санында анын «Баку калаасында боло турган түркология съезди жана анын кадыры» деген макаласы басылып, ал курултайда өзү түзгөн латын алфавитинин долбоору боюнча баяндама жасаган.

Бул мезгилде жергебизде жаны мектептердин массалык түрдө ачылышы да анын чыгармачылыгынын гүлдөп турган учуруна туш келди. Ал мектептер үчүн эне тилибизде окуу китептери түзүлүшү зарыл эле.

Дал ушул маанилүү маселени чечүүнү Касым жарандык-атуулдук милдетим деп эсептеп, окуулуктарды түзүп, кураштырууга биротоло отурат.

1924-жылы «Окуу китебин» түзүп, 1926-жылы «Чондор үчүн алиппе», 1927-жылы «Эне тилибиз», 1933-жылы «Социалдык-экономикалык сөздүк», 1934-жылы «Кыргыз тилинин морфологиясын» 1936-жылы «Кыргыз тилинин синтаксисин» жаратты.

Ошондой эле «Эне тили», «Жаны айыл», « Кыргыз адабий тилинин жаны долбоору», «Жаны алфавит түзүүнүн жаны принциптери», «Биздин тил» ж. б. макала, эмгектерин жазды. 37 жылдык өмүрүнүн көп бөлүгүн мамлекеттик жумуштарга арнаган К. Тыныстанов көркөм чыгарма жазууга убактысы аз болгон. Ошондой болсо дагы Ташкентте окуп жүргөндө «Өрис», «Жаңы өрис» гезиттеринде бир нече казакча ырлары жарык көргөн. Анын биринчи өз эне тилинде жазылган ыры «Ала-Тоо» 1922-жылы жазылган. Ал поезия менен гана эмес, проза менен дагы алектенип, «Жас кайрат» журналынын төрт санына «Мариям менен көл боюнда» деген көлөмдүү ангемеси «Келгин» деген ат менен жарыкка чыккан. 1925-жылы Москвадан чыккан «Касым ырларынын жыйнагы »акындын 1919–1924-жылдары жазылган бардык ырларынан куралаган. Ага удаа поэзиялык котормолор топтому «Өзгөрүш ырлар» деген ат менен Фрунзеде жазылды. Анын бул жыйнагына казак тилиндеги он эки, кыргыз тилиндеги жыйырма бир ыры жана «Жаныл Мырза» поэмасы кирген. К. Тыныстановдун жетекчилиги менен У. Абдукаимов, К. Карасаев, Т. Саманчин «Манастын» «Чоң казат» бөлүгүн сапма-сап которушкан. «Академия кечелери» пьесалар түрмөгүүндө «Алмамбет менен Чубактын жол талашканы» жана «Yргөнчтүн жээгинде Айчүрөктүн кырк кыз менен турушу» деген эки көрүнүш жазылган.

Искак Разаков (25 октябрь 1910, Коросон айылы, Фергана областы, Россия империясы — 19 март 1979, Москва шаары, СССР) — Кыргыз элинин улуу жетекчиси, мамлекеттик жана саясий ишмер. Кыргыз Республикасынын Баатыры. Сталиндин кадры.

1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкендеги педагогикалык техникумун (1931 ж.), Москвадагы пландоо институтун бүтүргөн(1936 ж.). 1945–1950-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950–1961 жж. Кыргыз ССР Коммунистик партиясынын Борбор комитенин биринчи катчысы болуп иштеген.

1945–61-жылдары элибизге албан эмгек өтөп, 35 жашында Министрлер Советинин Председатели, 40 жашында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы болот. Ошентип, Октябрь революциясынан кийин 33 жыл өткөн соң гана Москва республикалык партиялык уюмду, демек Кыргызстанды башкаруу милдетин биринчи ирет кыргыз кулунуна ишенип тапшырган… Төрт Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери, Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы, Кызыл Жылдыз ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

1956-жыл Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болду. Ошол жылы пахтадан, кант кызылчасынан жана башка өсүмдүктөрдөн жогорку түшүм алынды, эт, сүт өндүрүү да бир кыйла артты. Айыл чарбасын өнүктүрүүдө жетишкен бул ийгиликтери үчүн Кыргыз ССРи 1957-ж. Ленин ордени менен сыйланган.

Турдакун Усубалиев (06.11.1919–07.09.2015) — мамлекеттик, партиялык саясий ишмер. Кыргызстан КП БКнын 1-секретары (1961.09.05–1985.02.11). Кыргыз Республикасынын Баатыры (1999). «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси, 3 Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Достук (РФ), 1-даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.

Турдакун Усубалиев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө, ошондой эле Кыргызстанды жана анын борбор шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген. 1960–70-жылдары өлкөнү индустриалдаштыруу, машина куруу өнөр жайын өнүктүрүү, гидроэлектростанцияларды куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп. 150дөн ашык ири өнөр-жай имараттары, 511 миңден ашык көп квартиралуу үйлөр, борбор шаарда онкологиялык оорукана ишке киргизилген жана ар бир райондо райондук ооруканалар, маданият үйлөрү, китепканалар ачылган. Космосту изилдөө боюнча институт ачылып, айдын топурагын ала турган атайын аппарат жасалган. Токтогул ж. б. ГЭСтери, лампа, цемент заводдору курулуп, 1970–80-жылдары республикада 7 эт комбинаты иштеген жана жылына 25 миң тонна жогорку сапаттагы эт даярдалган жана койдун башы 12 млн жетип, өндүрүлгөн 40 миң тонна меринос жүнү союздук башка республикаларга жөнөтүлүп турган. Булардан тышкары азыркы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имараты, Өкмөт үйү, Борбордук китепкана, цирк, бир нече кичи райондор, «Манас» аэропорту сыяктуу ири курулуштар ишке киргизилген.

Тарых беттеринде мына ушинтип өчпөс издери менен сакталып калган кыргыздын дагы канча деген каймактары, элиталары өз жанын курман кылып бүгүнкү биз жашап жаткан жаркын келечекти мурас кылып калтырып кетишкен. Өз убагында ал улуу инсандарыбыз эч кандай байлыкка, бийликке, наамга, атак-даңкка ашыкпай, бир гана элим-жерим үчүн деп жан үрөп кызмат кылышкан. Аттиң азыр андай инсандарыбыздын аздыгы, алардын жолун жолдой албагандыгы өкүндүрөт. Ким элиталуу адам болгусу келсе, алгач кыргыздын тарыхын окусун, бизге из салып берип кеткен улуу инсандарыбыздын өмүр жолу менен таанышып чыксын. Атак-даңкка эмес, аркабызга өчпөс из, жакшы из калтырууга ашыгалы. Ал эми бааны, сынды «Эл тараза, эл сынчы» дегендей кылган кызматына жараша элибиз баалап алат.

Наргиза Бекташ

Булак: Ачык сөз