Чыныбай Турсунбеков: Спикерлик буйруктан жана депутаттардан

30.04.2016 | Маек

Чыныбай Турсунбеков

— Чыныбай Акунович, өткөн жумада спикерликке Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин өтпөй калышы, ит жыгылыш болуп берилген добуштар 51х51 болуп калышы боюнча оюңузду ортого салсаңыз?

— Ал жерде эч кандай талаш-тартыш же кандайдыр бир бурмалоолор болгон жок. Баары таза, калыс болду. 30-40 камера иштеп, түз эфирден да көрсөтүлүп турду. Эсептөө комиссиясына биздин фракциядан 4, “Республика-Ата Журттан” 3, “Кыргызстандан” 2, калган фракциялардан бирден болду, баары 12 депутат көзөмөл кылышты. Ал депутаттар күн мурунтан тандалып алынган, эки талапкер тең аларга өз ишенимдерин көрсөтүшкөн болчу.Ошон үчүн бул жерде кандайдыр бир күмөн саноолор болбошу керек. 51х51 пайыздан добуш алып калышканы, буйруктун иши болду да. Эгер депутаттарды атайылап экиге бөлүп, жарымын бир талапкерге, дагы жарымын экинчи талапкерге саласыңар десе да жыйынтыгы башкача болуп калмак.

— Буга чейин эле сипкерликке КСДПдан сиз, Иса Өмүркулов, “Республика-Ата Журттан” Руслан Казакбаевдин аты аталып жатты эле. Эми бүгүнкү күндө бардык фракциялар сизге бирдиктүү талапкер катары токтолуп турат. Бул боюнча оюңузду уксак?

— Туура, спикерликке талапкер маселеси алгачкы күндөрдөн бери эле айтылып жаткан. Бирок башында биздин фракция баш тартып, Исаев менен Төрөбаев чыгышпадыбы. Ал экөө тең өтпөй калгандыгына байланыштуу, кайрадан сунуштар айтылып, мүмкүнчүлүк берип, колдоо көрсөтүп жатышкандан кийин ойлондук. Ошентсе да колдоо көрсөткөндөрдүн ичинде да спикерликке: Өмүрбек Текебаев, Руслан Казакбаев, Өмүрбек Бабанов сыяктуу өздөрүнүн да татыктуу адамдары бар экенин ачык айтып коюшубуз керек. Ушундай адамдар сунуш кылып жатышкан соң, биздин фракция өздөрү чечсин деп ойлодум. Жыйынтыгында биздин фракция да бир добуштан колдоп бергенден кийин, талапкерлигимди коюуга макул болдум.

— Жеке каалооңуз, саясаттагы максаттарыңыз дагы түрткү берди да?..

— Ачыгын айтыш керек. Кээде мындай каалоолорду жаратып ойготкондор бул — биздин оппоненттер же биздин намысыбызга тийгендер да болот. Ойдо жок жерден, ойлобой жүрсөң да “КСДПдан өкмөт башчылыкка же спикерликке татыктуу адамдар жокпу?” деп айтылган сөздөр же ушул сындуу ар кандай окуялар кээде адамды ойлондуруп коёт. Ошондуктан мүмкүнчүлүк берилип жатканда өзүбүздөн да көрсөтүп коёлу деген тыянакка алып келди. Чынында мен буга чейин спикер болом деп күйүп-жанып кеткен эмесмин. Азыркы ээлеп турган кызматым деле өзүмө жетиштүү, канааттандырып турат. Бирок кырдаал өзгөрүп кеткенде, мени да бышырып койду окшойт.

— Сиз эми башкаларга салыштырмалуу чоң саясатта узак жылдардан бери эмессиз да. Спикерлик маселеден улам бул кеп сөзсүз айтылат экен. Саясатта толук бышып-жетилдим деп ойлойсузбу?

— Негизи эле адам өмүр бою окуп, өмүр бою үйрөнүп өтөт экен. Мен дагы улам бир жаңы нерселерди өздөштүрүп, үйрөнүп жүргөн адамдардын катарындамын. 6 жылдан бери чоң саясатка аралашып, анын так чордонунда кайнап, үйрөнүп, улам такшалып келатам. Менин жанымдагы окутуучуларым, бирге иштешип жаткан бир топ кесиптештерим дагы оңой саясатчылар эмес, алар эчак эле бышып, Кыргызстандын саясатында негизги фигураларга айланып калышкан. Анан алар менен маселе чечишип жүрүп, саясатта көп нерсени үйрөндүк десем болот.

— Президент дагы,  премьер дагы, эми спикер дагы КСДПдан болобу деген сөз катуу жүрүп жатат. Аны угуп жатасыз. Бул боюнча эмне айтасыз?

— Жогоруда айткандай, биз ушул маселени эске алып, башында эле спикерликтен баш тартканбыз. Биздин тилегибизди турмуш чындыгы жеңип койду. Андыктан айланып келип, дагы бир чоң жоопкерчилик бизге сунушталып калды. Биз мындай чоң жоопкерчиликтен качпашыбыз абзел. Исаев менен Төрөбаевди чакырып алып, бирөөңөр чегинип бергиле деп да сурандык. Биздин фракциянын чечими чыккандан кийин Бакыт мырзаны өзүнчө чакырып алып да, артка чегинүүгө чакырдым. Ал да өз позициясына турду. Акыры жыйынтыгы башка болуп калбадыбы.

— Президенттин көз карашы кандай бул маселеге? Саясый тил менен айтканда, “батасын” бердиби?

— Алмазбек Шаршенович бул маселени көпчүлүк коалиция жакшылап сүйлөшүп, өзүңөр чечкиле деген ниетин бир нече жолу билдирген. Өмүрбек Текебаев дагы абдан татыктуу экенин айтып өттүк, ал киши да мени колдоп чыкты. Андан соң, “Республика-Ата Журт” фракциясы биринчилерден болуп колдоп чыкканда, президент дагы туура көрдү окшойт. Албетте, Президентибиз деле айтылып жаткан ар кандай дооматтарды эске алды да, анын үстүнө парламенттин ички-тышкы кырдаалын да байкап, менимче жок деген жок.

— Эл дагы, эксперттер, депутаттардын басымдуу бөлүгү да ишенип турат. Буйруса, бүгүн спикер болуп шайланарыңызга өзүңүз да ишенип турасызбы?

— Бардык нерсе буйруктан да. Өткөндө буйрук кандай болорун баарыбыз бир сыйра көрүп, таң калып калбадыкпы. Негизинен бүгүнкү күнү депутаттардын көпчүлүгүн түзө тургандай колдоо бар десем жаңылбайм. Калганын буйруктан көрөбүз да.

— Асылбек Жээнбеков 4 жылдан ашык спикер болуп абдан татыктуу иштегенин жакшы билесиз. Парламенттин миллиарддан ашкан чыгымдарын 784 млн. сомго чейин кыскарта алды. Көптөгөн оптимизация жүргүздү, эл аралык мамилелерди чыңдоодо да жакшы иштерди алып барды дегендей.  Сиздин планыңыз кандай? Спикер болуп калсаңыз, парламентте эмнелерди өзгөртөсүз?

— Асылбек Шариповтин жетекчилиги менен бардык фракциялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда парламенттин 5 жылдык планы иштелип чыгып, бүгүнкү күндө талкууда турат. Бул бир күндүк иш эмес. Же спикерликке талапкер болгон адам 2-3 күндө олтура калып жаза койчу иш эмес. Бул маселе атайы ойлонулуп, талкууланып иштелип чыккан. Ал алдыңкы 5 жылга парламенттик негизги жол көрсөткүчү болот. Ошол программага көп нерсе камтылган. Маселен, комитеттердин ролун жогорулатуу, өлкөнүн социалдык-экономикасына, өнүгүүсүнө басым жасалып жазыла турган мыйзамдар ж.б. Ачык айтыш керек, өткөн чакырылышта мыйзам жазуу жагынан сапатка эмес, санга көбүрөөк басым жасалып калбадыбы. Эми бул жолу сапатка көңүл буруу маселеси абдан каралып жатат. Электрондук версияларга өтүүнү кароо каралган. Буга каражат да, убакыт да керек. Өтүп алсак, келечекте сарамжалдоо да болот. Чынында иш кагаздарга тонналаган кагаздар кетип, чыгым да көп болуп келген. Туура, жетекчи туура багытты көрсөтүп, талапка ылайык иштеши зарыл. Бирок, ошол эле учурда ар бир депутаттын иши маанилүү. Бул деген жалпы парламенттин чыныгы парламент болуусуна салым кошчу нерсе.

— Эл үмүт кылып жаткан маселеден суроо берейин. Бийликтин негизги эки тизгин, бир чылбыры КСДПнын колуна тийгени турат дейли. Президент өзгөчө инвестиция тартуу, эл аралык мамилелерди чыңдоодо абдан жакшы иштерди жүргүзүп жатат. Ал эми өкмөткө, парламентке катуу сындар айтылып эле жатат. Ушундан улам жакынкы жылдары бийликтин ишинде кескин түрдө жакшы жагына өзгөрүүлөр болобу?

— Туура, жоопкерчилик абдан чоң. Баары жеңил, баары оңой эле болот деп же баарын кыйратып жиберебиз деп айтуу кыйын. Кудай буйруса, колдон келген иштер мындан ары тынымсыз жасала берет. Бардык маселелер, бардык багыттар боюнча сапатка көңүл бурулат. Эң башкысы, бизде бийликти өмүр бою басып алуу, авторитардык режим орнотуу деген ой жок. Мунун өзү чоң саясый өзгөрүү да. Мыйзам маселеси буйруса, биринчи орунга чыкты. Жаманбы-жакшыбы, баарыбыз ал мыйзамдын чегинен чыкпай иш кылышыбыз керек. Мурун Баш мыйзамды тез-тез эле өзгөртүп турушкан, азыркы Баш мыйзам 6 жыл болду, дагы 4 жыл чыдап, 2020 — жылга чейин өзгөртпөй койсок болот. Башка мыйзамдарды жакшыртып, жоболорду, эрежелерди тууралап турушубуз абзел. Мунун баары саясый туруктуулукка негиз болуп берет. Ошондой эле, алдыда коррупцияга каршы катуу чараларды мындан дагы күчөтүү маселеси турат. Ал эми бийликтин алмашуулары саясый атаандаштык аркылуу болушу шарт деп эсептейм. Бул биздин милдетибиз, азыр ушул маселени талапка ылайык камсыздап жатабыз. Экономикалык жактан алганда, албетте кризис болуп жатат, ага карабастан экономикалык багыттарда иштин ыкмаларын өзгөртүү керек экенин айтып келем. Бизде көбүнчө ишин эмес, көбү өзүн көрсөтүү менен алектенишет. Өнүккөн мамлекеттерде болсо такыр башка. Австралиянын чиновниктери ар дайым ишканаларын кыдырып, чуркап үйрөнүшөт. Кыдырган киши ишканалардагы көйгөйлөрдү чечишет. Болбосо, Сингапурду алалы. Ли Куан Ю ар бир өкмөт мүчөсүнө: “1 жылдын ичинде баланча чоң инвестиция тартып келесиң, баланча иштерди бүтүрөсүң, инвесторлорду биздин шарттарга көндүрөсүң, шарттарды чечип бересиң, эгер аны аткара албасаң иштен кетесиң”, — деп катуу тапшырма койгон. Ишти аткара албагандарды уят кылып кетирип турган. Натыйжада Сингапур экономика боюнча дүйнөдөгү биринчи өлкөлөрдүн бирине айланды. Бизде да ушундай система орношу керек. Ал үчүн биринчи кезекте аң-сезимди өзгөртүп, тартипти катуулатыш керек.

Негизи бизде ишти аткарбай илең-салаң жүргөн беш чиновниктин ордуна, ишти мыкты аткарган бир чиновник койсоң, ошол натыйжалуу болот. Маселен, өнүккөн өлкөлөрдө ар бир саатта кандай иш бүтүргөнү тууралуу отчёт берген чиновниктердин эрежеси бар. Бизде болсо илең-салаң болуп, эки-экиден биригип алып, биринин кабинетине кирип алышып, бул кызматтан кетет, ал келет, минтет, тигинтет деп эле ушакташып олтура беришсе, ал жерде иш болбойт. Бир гана интрига болот. Мына бир мисал. Биздин фракция Германиядан 2014-жылы үч багытка бөлүнгөн ондогон миллион доллардан турган маселенин иш-кагазын кечээ гана ратификация кылды. Ал ишти өкмөт убагында бүтүрбөй эки жыл кармады. Демек, өкмөт каякты карап, эмнени ойлоп жатат? Башка жеке кызыкчылыктарды гана ойлоп жаттыбы? Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам, бизге Германиянын элчилигинен “Кыргызстандагыдай бюрократия жок” дегендей кагаз келди. Албетте, мунун баары жагымсыз да. Бул бир эле мисал. Мындай көрүнүштөр чынында көп. Биз ушундай нерселерге каршы күрөшүп, иштин  натыйжалуу болушуна чоң аракеттерди көрүшүбүз керек.

— Акыркы суроо болсун. Сиз буйруса спикер болуп шайлансаңыз, КСДП фракциясынын лидери Асылбек Жээнбеков болот деп жаздык эле, бул пикир негизинен туура да…

— Мунун баарын убакыт көрсөтөт. Мен дагы бир нерсени айтып коёюн, спикер маселеси буйруктан жана депутаттардан. Биринчи кезекте спикер маселеси чечилиши керек. Андан соң, лидер маселеси ошого жараша биздин фракциянын, саясый кеңештин өз отурумунда талкуу аркылуу чечилет.

Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: