Чынара ЭСЕНГУЛ: “Президент Абылгазиев боюнча туура чечим кабыл алды”

16.03.2018 | Коом, Саясат

41428_w260_resize

Фарид Ниязов Президенттик аппараттын жетекчиси кызматынан кеткенден кийин анын ордуна ким келери көптөгөн талкууларды, ар кандай түкшүмөлдөрдү жаратып келди. 16-мартта президент Сооронбай Жээнбеков мындай кептерге чекит коюп, өз жарлыгы менен бул кызматка Мухаммедкалый Абылгазиевди дайындады.

Өлкө башчысынын мындай чечими коомчулук, эксперттер тарабынан колдоо таап, бул дайындоону кубаттагандар басымдуу болууда. Маселен, эл аралык мамилелер боюнча адис, саясат таануучу Чынара Эсенгул маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде президенттин бул чечимин колдогон. “Президент М.Абылгазиев боюнча туура чечим кабыл алды. Бул түшүнүктүү эле кадам болду. Биздин мамлекет башчыбыз консерватор, тактап айтканда, чарбачыл киши. Ал аппарат башчынын тандаганда да анын тажрыйбасына, өлкөдөгү проблемаларды жакындан билгенине карады. Абылгазиев бул кызматты татыктуу жетектеп кетет деп ишенем”, — дейт ал.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: