Чыӊгыз Эсенгул уулу Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

16.10.2017 | Коом, Маданият

746114.1.1462870831

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттөн кабарлашты.

Буга чейин өкмөт башчынын маалымат катчысы кызматын аркалап келген Чыңгыз Эсенгул уулунун ордуна Исаковдун дагы бир буйругу менен Урмат Кабылова дайындалды.

Эскерте кетсек, өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүн Гүлнур Төралиева жетектеп келген.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: