Чоро Дубанаев батирлүү болду

05.07.2017 | Маданият

 

 

ac9e3876269c81b0d8e03d1da79da362

 

КРнын Эл артисти, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын актеру Чоро Дубанаев Бишкектеги элиталык үйлөрдөн бир бөлмөлүү батирлүү болду. Бул тууралуу аткёр өзү билдирди. Маалыматка ылайык, актёр буга чейин көп жылдан бери жатканада жашып келген айтып келген.

«Өткөн жылы «KG Групп» курулуш компаниясы бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган. Бул жылы Кудай жалгап, үй толугу менен курулуп бүтүп, жакында жаңы үйгө көчөм»,-деди Чоро Дубанаев.

Эске салсак, өткөн жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин концертинде аталган компаниянын директору Имамидин Ташов салтанаттуу түрдө «Тарых жана маданият» жылынын алкагында Чоро Дубанаевге бир бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырган эле.

Булак: 5news.kg


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: