Чоң-Алай районунда жаңы спорт комплекси ачылды

04.10.2017 | Коом, Спорт

22089106_1466577740077327_4407023258215458853_n

Ош облусундагы Чоң-Алай районунда жаңы спорт комплекси ачылды. Имарат жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки кабат болуп салынып, ичинде толук спорттук жабдыктар менен камсыздалган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жаңы имараттын ачылыш аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, жергиликтүү бийликтин өкулдөрү катышты. Аталган спорттук мекеменин курулуш иштери 2015-жылы башталганю Чоң-Алай районун өнүктүрүү фонду 25 млн. сом бөлгөн. Спорт комплексинде спорттун сегиз түрү боюнча 312 бала машыгат.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: