Чолпонбек АБЫКЕЕВ: “Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн жолун ачкан президентти колдойлу”

09.02.2018 | Коом, Саясат

NazarNews_8d05bb63216ce39f0ac092aa551205ca

8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков укук коргоо жана көзөмөл органдары, соттор өздөрү паракорчулукка батып калганын айтып, жалпы күч органдарын катуу сынга алган. Өлкө башчысынын мындай кескин билдирүүсү коомчулук тарабынан колдоого алынууда. Социалдык тармактардагы жарандар президентке өз сунуштарын да билдирүүдө.

Белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев да өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу С.Жээнбековду колдоп чыкты. Анын айтымында, өлкө башчысы мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн жолун ачты.  “Президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин сөзүн кайта-кайта окудум. Кыргыздын жөнөкөй тили менен айтылган таамай сөздөр. Түшүнүктүү. Ашыкча эмоция жок. Мамлекетибиз бар, бирок мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн жолуна түшпөй келетабыз деп көп жаздым. Мына бүгүнпрезидентибиз мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн жолунун бир өңүрүн айтты. Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн жолун ачты. Буга чейин элдин көөдөнүндө кайнап бирок айта албай кайнап келаткан тилекти Сооронбай Шарипович ачык айты. Мамлекетибиз президенттин аракети менен туура жолго түштү деп кубанып турам. «Көч бара бара түзөлөт»-дейт. Жашоо бул мультфильм эмес да шака-шука баарын жасап жибергидей. Бүгүнкү башталган иштин жыйынтыгы жылдап барып чыгат. Өкүмөт башчы Сапар Исаков айтты го «7-8 айда алгачкы үзүрү көрүнө баштайт»- деп. Чыдамдуу бололу. Президентти колдойлу. Кыргызстандын гүлдөп өнүккөн өлкөгө айланаарына аз жылдар калды. Буга ишенели”, — дейт ал.

Ч.Абыкеевдин мындай пикири интернет колдонуучулардын да колдоосуна татып жатат. Муну менен президенттин чечкиндүү аракеттери коомчулук тарабынан чоң колдоо таап жатканын түшүнсө болот.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: