Чек ара кызматы: “Казак тарап унааларды абдан жай коё берип жатат, Кыргызстан тараптан маселе жок”

11.10.2017 | Коом

panorama1

Кыргызстан тарапта маселе жок, бирок Казакстан унааларды абдан жай өткөрүп жатат. Мындай пикирин Чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдыкариева билдирди. “Биз тараптан эч кандай маселе жок. Бирок, Казакстан унааларды абдан жай коё берип жатат. Айрыкча мындай көрүнүш “Ак Жол” өткөрмө бекетинде орун алууда. Коридор эреже боюнча бош турушу керек. Ошол үчүн унаалар жылган сайын анын ордун башкалары ээлеп жатат. Бул “Ак Жол” пунктундагы гана көрүнүш. Башка өткөрмө бекеттеринде абал туруктуу”, — дейт ал.

Чек ара кызматынын маалымат катчысы казак тараптан эч кандай билдирүү түшпөгөнүн айтып, алар менен сүйлөшүүлөр жүрө электигин белгиледи. “Бизге алар тараптан расмий билдирүү келген жок. Казакстан менен байланышканыбызда чек ара күчөтүлгөн тартипке өттү деп жооп берди”, — дейт ал.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: