Чабалекей келбей калды. Акыр заман кабарыбы?

Чабалекей

Адегенде ала шалбырт көчөлөр алка-шалка түшүп тердеп, салаа-салаа суулар жик-жикке бөлүнүп алып бөжөңдөп чуркап, күн берилеген сайын жер соругуп, күн ылдыйлаган сайын айылдагы короолорду, сайдын өйүзүндөгү талааларды таштай качкан кардын алкындылары алгач адыр-жондорду жамынып жата калып, ага да болбогондо тоо таянып олтуруп ак, кар көк муз баскан мөңгүлөргө сиңип кетип жок болор эле.

*  *  *

Бүткөн бойду талыкшытып, уктагыңды келтирип, тура калсаң жер көчүп, башты айланткан Жаз ушинтип келчү.

*  *  *

-Шакенбай, сүйүнчү! Чабалакейлер келиптир, жарыктыктар… Терезеңдеги жаман жаздыгыңды алып сал, эшигиңди жаппа, балакетиңди алайын, каалаганындай кирип-чыгып турсун. О Кудай, атыңдан кагылайын, өлтүрбөй-житирбей ушу күнгө жеткиргениңе тобо! — деп энем кобуранып ары басты.

*  *  *

Ошентип биздин үйгө келген эки чабалакей тынбай кирип-чыгып, бири кыл-кыбыр, бири чөп-чар тиштеп келип, ушундай бир эптүүлүк менен томолоктолгон ылайды бири бирине кынап, бири бирине кыл менен байлап олтуруп устундун боорундагы эски уянын жанына алданемедей жаңы уя салып алды.

*  *  *

Бир үйдө буга дейре энем экөөбүз эле жашасак, чабалакейлер келери менен төртөө болуп көбөйүп, кадимкидей оңо түштүк.

— Былтыркылар эмес, бөлөк экен, булар өз уясын салды, — деди энем.

Ошондон тартып жайдын капортосуна чейин терезебиз да, эшигибиз да жабылбаган бойдон ачык турду. Чабалакейлер уясына келип, өз тилинде “кожурашып” алып тынчый түшкөндөн кийинки кеч күүгүмдө туруп энем эшикти жаап коюп жүрдү.

*  *  *

Анан бир күнү эле ошол уядан төрт балапандын сары жээк оозу “жабалактап” чыга келди. Чабалакейлер тынбай каттап, керелди-кечке жем ташыды. Күндөн күн өтүп, балапандар жетилип, чоңоюп олтуруп, жайдын капортосунда уясынан учуп чыкты. Ошол күнү энем экөөбүз бир укмуш көрүнүштүн күбөсү болдук. Эне-Ата чабалакейлер балапандарын биздин үйдүн түбүндөгү зымкарагайдын зымына тизип алып ушундай бир жыргап-куунап сайрады дейсиң, үндөрүнөн Кудайга ыраазылыгын, анан жайды-жайлай үйүбүздөн түнөк берген энем экөөбүзгө алкышын айтып түгөталбай жаткансып туюлду.

*  *  *

Мен асманды ыр сабагынан берген Наматбек агайдын нота дептерине, зымкарагайдын зымдарын — дептердин сызыктарына, зымга тизилип алып сайрап олтурган чабалакейлерди ак көйнөк, кара фрак кийип ырдап жаткан ырчыларга салыштырдым..

*  *  *

Чабалакейлер үч күн бою зымкарагайдан кетпей, сайрай берип, анан үч күндөн кийин биздин тамды тегерене кайкып учуп, анан үстүбүздөн айланып, айланып туруп узады.

— Шакенбай, карачы, биз менен коштошуп жатканын? Бара койгула эми, барчу жериңерге аман-соо жетип алгыла, кагылайындар! — деди энем чабалакейлерге.

— Эмдиги жылы да кайра келишеби, эне? — дедим.

— Өлбөй тирүү болсо келет, балам, эне-атасы келбесе да, балдары келет, туулуп-өскөн жерине  келбей коймок беле,- деди.

*  *  *

Чабалакейге көнө түшкөн экенбиз, бир жумадай жетимсиреп жүрүп анан көнүп кеттик.

*  *  *

Акырындап заман алмашты. Заман менен адам алмашты. Айылдарда баягычылап жаз менен кошо “чабалакейлер жакшылыгын ала келет” деп терезелери менен эшиктерин жаппай күткөн ошол үйлөр да, ошол чабалакейлүү заман да жок болду.

*  *  *

Кийин, кийин бир жолу чабалакейлер түшүмө кирди. Жайнаган чабалакейлер учуп келатканын көрүп чуркап тостум. Анан алар биздин айылга жакындаган сайын үйлөр асман тиреген храмдарга айланып көк тиреп, айланасын адам кире алгыс дубалдар курчап, чабалакейлер эшиктердин кулпу салган тешиктерин, терезелердин айнектерин сүзгүлөп, такыр кире алышпай айласы түгөгөндө кайра  учуп кетишти. Аңгыча качанкы өлгөн Энем пайда болуп калды.

— Эне, чабалакейлер кетип калышты, — дедим.

— Алар айылга жакшылык алып келди эле, үйлөрүн ачпай коюшпадыбы. Эми келбейт, бул элге жакшылыктын кереги жок турбайбы, — деди.

*  *  *

Азыр айылдарга жакшылыкты кайсыл куштар апкелип жатканын билбейм, бирок чабалакейлер келбей калды. Ордуна кайдагы бир капкара болгон, жумурткаларынан чыгар замат таранчылардын кызыл эт балапандарын тирүүлөй жеп салган, качан болсо сукулдап турган “Афган чымчыктары” пайда болду.

*  *  *

Мен дагы ошол чабалакейлерге окшоп уямдан учуп кеткен бойдон айылга бир жолу да балдарымды алып баралекмин…

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: