Ч.Турсунбеков Кочкордогу мектепке сенсордук доска белек кылды

11.10.2017 | Коом, Саясат

IMG_1253аа

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Нарын облусундагы эки күндүк иш сапары Кочкор районунан башталды. Жаңы-Жол айылына барып, Т.Темиров атындагы орто мектептин абалы менен таанышты.

“Мектеп билим берүүнүн гана очогу болбостон, балдардын саламаттыгын чыңдай турган жай катары да кызмат кылышы керек. Андыктан, ар бир мектептин спорт залын заманбап шарттар менен камсыздап, окуучулардын толук кандуу машыгуусун колго алышыбыз зарыл”, – дейт спикер.

Мугалимдер жамааты жана окуучулар менен жолугуп билимдүү жаштар, өнүккөн өлкөнү курарын белгиледи. “Билим издеп, өнөр үйрөнүү бүгүнкү күндүн талабы. Анткени, мектептен алынган билим кийин каалаган кесипке ээ болууңарга өбөлгө болот. Ал эми билимдүү адис өзүн эле эмес, өлкөсүн өнүктүрөт. Ошондуктан, татыктуу тарбия алып, ар тараптуу инсан болууга аракет кылгыла”, – дейт Ч. Турсунбеков. Соңунда  төрага мектепке интерактивдүү заманбап такта белек кылды.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: