«Бүкүрдү көр гана түздөйт» же абакта жатып да өлкөбүздө башаламандык уюштурууну пландоонун айла-амалдары

13.02.2018 | Саясат

can i buy cialis in germany. 3BBE7346-8E56-4B26-AE71-10BA971F728A_cx0_cy1_cw0_w1023_r1_s

Өткөн жылдын апрель айында соттун чечими менен темир тор артына кетишкен саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана экспертчалыш Эрнест Карыбеков үчөө февраль айынын башынан тарта ачкачылык жарыялашканы белгилүү. Алар өздөрүнө карата козголгон кылмыш ишин негизсиз деп санашып, саясый куугунтук катары боек берип келишет.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдүн биринде Бектур Асановдун жогоруда аттары аталган саясатчылардын атынан: «Бизге карата козголгон кылмыш иши саясый иш» деп айтып, ошону менен бирге эле сот ишине катышуудан баш тартыша турганын билдирген кайрылуусу чыкты. Ошону менен бирге эле ал УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин да отставкага кетүүсүн талап кылыптыр.

«Мен адвокаттардан баш тартам. Мамлекеттик адвокаттардан да баш тартам. Кандай чечим чыгарсаңар, ошондой чечим чыгаргыла. Биз келбейбиз, көтөрүп келсеңер да келбейбиз. Эгерде бизди актабай турган болсоңор, ошол жерде жатып өлөбүз», — дейт анда Бектур Асанов.

Ошентип ачкачылык жарыялашкан абактагы саясатчыларды колдоп «Саясый туткундарды коргоо» деп аталган комитеттин мүчөлөрү жана бир нече жарандык активисттер №47 түзөтүү колониясынын имаратынын алдында митинг уюштурушту. Албетте, мунун баары кайсы бир күчтөрдүн каржылоосу, уюштуруусу менен жасалып атканын аңдабай түшүнүп турубуз.

«Алар, биз өлсөк өлөлүчү, балким биздин өлүмүбүз коомдун алмашуусун, өзгөрүшүн камсыздайт деп атышат. Биз алардын ачкачылыкты токтотушун сурандык, адвокаттар да айтышты. Бирок, алар токтотпой тургандыгын айтып атышат», — дейт жогоруда аталган комитеттин төрагасы Сапар Аргынбаев.

Биринчиден, бийликти басып алууну пландагандары ачыкка чыгып калган саясатчылар эми минтип орой айтканда «өлүмтүгүн артып», анан дагы «биздин өлүм балким коомдун өзгөрүшүн камсыздайт» деп бет тырмоочулук кылып аткандары өтө кызык.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин айтымында ачкачылык жарыялап атышкан саясатчылардын учурда абалдары жакшы. Медициналык кароо болуп жатат. Эгерде кандайдыр бир жардам керек болсо, анда медкызматкерлер тез арада жардам берүүгө даяр.

«Үчөөнүн тең абалдары канааттандырарлык. Баштары айланып аткандарын айтып атышат. Бирок, биздин медиктер аларды карап, дарылап атышат», — дейт Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорф.

Бул абактагы саясатчыларды колдоо багытында атайын аракеттер жасалып атканын да айта кетели. Маселен, алардын жакындары, жердештери жана «Саясый туткундарды коргоо» деп аталган комитеттин мүчөлөрү борбор калаабыздагы маалымат агенттиктеринин биринде маалымат жыйынын да өткөрүштү. Бирок, кыязы аны уюштуруучулардын өздөрүнөн башка эч ким келбей койду өңдөнөт.

Мындан сырткары интернеттеги социалдык түйүндөрдө да ачкачылык жарыялагандарды колдоо максатында маалыматтык колдоо көрсөткөндөр бар. Алар баягы эле «дүжүргө» айланган Адил Турдукулов сыяктуу жаш «чалдар». Алардын бул аракеттеринен абакта жаткандарды апакай, тим эле кол тийбес аппак саясатчылардай сыпаттоолорду байкайбыз, ал эми аларды камагандарды канкор бийлик катары айыптоо аракеттери жасалат.

Баарынан кызыгы ушул коргоого алып аткандар, Б. Асанов, К. Кадыров жана Э. Карыбековдордун эмне себептен темир тор артына камалышканы тууралуу ооз ачкылары келбейт. Эгерде алар унутуп калышкан болсо, анда биз эстерине салып койгубуз келет. Бул үчөө мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу боюнча тымызын сүйлөшүүлөргө катышкан.

2016-жылдын жазында булар алдын-ала түзүп алышкан пландары боюнча акырындык менен эл ичинде толкун жаратуу аракеттерин жасай башташкан. Маселен, жер-жерлерде азыраак элдин катышуусу менен болсо дагы митингдерди уюштура башташкан. Алар акырындык менен андай митингдерди борбор калаада өткөрүшмөк. Бирок, бактыга жараша алардын кыңыр, кытмыр пландары бат эле ачыкка чыгып калды.

Маселен, интернет булактарына тараган аудиожазуулардын биринде К. Кадыров, Б. Асанов жана Д. Турдуналиевдердин сүйлөшкөндөрү жазылып алынган. Анда Б. Асанов: «Мындай да, мен баягы айтып атам, давай десеңер 2-3 күндүн ичинде Бишкекке барам. Барганда сразу эле Ак үйдү басып алабыз. Артка жол жок», — дейт.

Бул аудиожазуудагы мазмун боюнча, алар адегенде жер-жерлерде митингдерди өткөрүп, хаос жаратып, анын фонунда бийликке келүү максаттары болгон. Алар өз максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн элди жөн гана курал катары пайдаланууну көздөшкөн. Бул пландарына алар өзгөчө бекем ишенип алышкандыктан, алдын-ала эле кызматтарды бөлүштүрө башташкандарын да укканбыз.

Мисалы, Э. Карыбеков, Д. Сарыгулов, Т. Нурматов, Камчы жана белгисиз адамдардын сүйлөшүүсүндө Камчы аттуу адам: «Жанагы Коопсуздук кеңеши боюнча кимди коебуз?» деп сурайт. Анда Сарыгулов: «Билбейм, силер айткыла» десе, Карыбеков: «Балким сизди» дейт. Анда Камчы аттуу адам: «Жок, орун басарына болот, өзүнө болбойт» деп баш тартат. Анда Сарыгулов: «Анда сизди Коргоо министри кылалы» дейт.

Мына ушул сүйлөшүүдөн эле алардын көздөгөндөрү, максаты эмне экенин ачык билебиз. Мына ушул үчөөнүн ичинен эң узак жаза мөөнөтүн Э. Карыбеков алды. Бул дагы жөн жеринен эмес. Атайын кызматтын көңүлүн ал он чакты жыл мурун эле бура баштаган. Ал чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары менен тымызын байланышта болгон. Ал байланыштар бара-бара коңшулаш мамлекеттин кызыкчылыгында болуп атканы байкалган. Э. Карыбековдун маалымат булактарына жарыялаган макалаларын анализдеген эксперттик топ, анын Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштегенин, бир катар гидроэнергетикалык долбоорлордун жүзөгө ашуусуна тоскоолдук жаратууга багытталган аныктаган.

Мындан сырткары чек араларды делимитациялоо, демаркациялоо маселесинде да коңшулаш мамлекеттин кызыкчылыгына иштеген. Маселен, ал Өзбекстандын атайын кызматынын өкүлү Фархад Парпиев менен тыгыз байланышта болгон. Аны менен интернеттеги электрондук дареги аркылуу дайыма байланышып, жазышып турган. Ал ошол каттары аркылуу өүнүн ММКларга чыгарган макалаларын, эл алдында эмнелерди сүйлөгөнүн калтырбай жөнөтүп турган.

Жыйынтыгында К. Кадыров, Б. Асанов 12 жылдан, Э. Карыбеков 20 жылга эркинен ажыратылган. Бул аттары саясатчылар жана эксперт чалыштын эмне себептен коңшулаш мамлекеттин кызыкчылыгына иштегендерин так айтуу кыйын. Бирок, алардын аракеттери мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна коркунуч жаратканын танууга болбойт.

Ошентсе да бул саясатчыларды коргоочулар ал аудиожазуулар тууралуу ооз ачышпайт. Айрым маалыматтарга караганда булардын ачкачылык жарыялоо аракети сот процессин атайылап создуктуруу жана №47 абактан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Ө. Текебаев менен жолугушуу экени айтылууда. К. Кадыровдун тууганы М. Кыдыкбаев өзүнүн тааныштары аркылуу үч саясатчыны Текебаев менен жолугуштурууну убада кылган. Андан ары алар биргелешип абактан кантип чыгууну пландоо жана жаз айларында өлкөбүздө башаламандык уюштурууну талкуулашмакчы экен. «Бүкүрдү көр гана түздөйт» деген ушул эмеспи.

 

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: