Бүгүн дүйнө чемпионатында А.Тыныбекова менен А.Медет кызы таймашка чыгат

23.08.2017 | Спорт

Ai-suluu-Tynybekova

Францияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнүндө айымдар арасында таймаш башталды. Бүгүн, 23-августта 55 кг, 58 кг, 63 кг жана 75 кг салмакка чейинки салмак даража боюнча балбан кыздар күч сынашат.
Бул күнү килем үстүнө Кыргызстандын спортчулары — Азиянын чоңдор арасында эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жаштар арасында дүйнө чемпиону Айпери Медетбек кызы жана Назира Марсбек кызы чыгат.
Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.
23-августта таймашка чыгуучу спортчулар:
55 кг чейин, 1/8 финал
Марина Седнева (Казакстан) – Назира Марсбек кызы
58 кг чейин, 1/8 финал
Айсулуу Тыныбекова – Жессика Глория Оливарес Бендезу (Перу) менен Лаура Мертенстин (Германия) беттешинде жеңүүчү болгон спортчу
75 кг чейин, 1/16 финал
Намджу Хео (Корея) – Айпери Медет кызы.
Булак: www.turmush.kg


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: