БШК Сооронбай Жээнбековду расмий каттап, талапкердин күбɵлүгүн тапшырды

21.08.2017 | Коом, Саясат

 

SAB_3333

Бүгүн, 21-августта Борбордук шайлоо комиссиясы  Сооронбай Жээнбековду КР Президенттигине талапкер  катары  каттады.

БШК жыйынында Сооронбай Жээнбеков тарабынан талапкер катары каттоого зарыл бардык документтер тапшырылып, шайлоо жɵнүндɵ мыйзамдардын талаптары аткарылганы боюнча маалымат айтылды. Анда айтылгандай, Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тил сынагынан ɵтүп, шайлоо фондун түзүү менен бирге  45 969  жарандын кол тамгаларын чогулткан.

Талапкер катары  каттоо маселеси добушка коюлуп, БШК мүчɵлɵрү бир добуштан колдоого алышты. Андан соң БШК тɵрайымы Нуржан Шайлдабекова Сооронбай Жээнбековго  талапкердин күбɵлүгүн тапшырды. Талапкер кылып катташканына ыраазычылыгын билдирген Сооронбай Жээнбеков алдыдагы  шайлоону таза ɵткɵрүүгɵ бардык шарттар түзүлгɵнүн, шайлоонун таза атаандаштыкта ɵтүүсүн жактай турганын белгилеп ɵттү.

Журналисттер менен болгон баарлашууда ал бир катар суроолорго жооп берди. «Биринчиден, мыйзамда кызматтан кетүү боюнча эч нерсе жок. Мыйзам менин ыйгарым укуктарымды токтотуп турууну талап кылат. Менин бир катар соратниктерим кызматтан кетпɵɵгɵ, шайлоого чейин  убактылуу кызматымды тапшырып турууну суранышты. Бирок мен бул боюнча кɵпкɵ ойлонуп, кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Бул маселени Алмаз Шаршенович менен да  сүйлɵштүм, ал колдоого алды. Президенттикке  башка талапкерлер менен бирдей  шартта  ат салышам», — деди ал ɵз сɵзүндɵ.

Ошондой эле журналисттер жеңишке болгон ишеними жɵнүндɵ сурашты. Сооронбай Жээнбеков шайлоодо жеңип чыгарына ишенерин, президент болуп калса эл үчүн ак кызмат кылууга даяр  экендигин билдирди. «Кудай колдоп, анан мекендештерим ишенип, добуштарын беришсе жеңишке жетериме ишенем. Менин максатым да жеңишке жетүү.Жеңишке ишенбесем, мен шайлоого катышмак эмесмин. Жеңип чыгарыма ишенгеним үчүн шайлоого баратам. Буюрса, мекендештеримдин ишеничин актоо үчүн бардык күч-аракеттеримди жумшайм», — деди.

Мындан сырткары,  кызматтан кетүү боюнча арызын жазганын, күндүн экинчи жарымында президентке арызын сунуштаарын билдирди.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: