Бозосу ташбуркандап калган экен… Шайлообек Дүйшеевдин кызыктуу ойлорунан

11.03.2016 | Эне тил

Редакциядан: Гезитибиз мындан ары да окурмандардын сөз байлыгын өстүрүү, эне тилге салым кошуу максатында кыргыздын унутулуп, колдонуудан чыгып бара жаткан эски, төл сөздөрүнүн тарыхы тууралуу КРнын эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кызыктуу ойлорунан сандан санга берип турмакчы.

ТашБүгүн уңгусу “таш” менен башталган сөздөрдүн маанисин чечмелейли.

Аксыда эстелик үчүн көрүстөнгө коюлган ташты “Ташбаба” деп коёт же бейиттин башына коюлган таш белгини ушинтип атайт. Ат-Башыда малдын алды да, арты да оюлуп эн салынган кулагын “таш бака” деп коёрун эч ким билбейт.

“Таш сайынган улугунун ташбака эн салынган аты болуптур” деп мисал келтирген. Мындагы“таш сайынган” деген сөздү азыркы муундагылар эле эмес, менин курагымдагылар деле түшүнбөйт болуш керек. Түшүндүрө кетели. Байыркы замандарда кытай менен калмак төрөлөрүнүн баш кийиминдеги “төрөлүк белгисин” ушинтип “Таш сайынып жүргөн улуктар” деп айтышкан.

Таштан жасалган кичине соку билекти Ноокатта “таш билек” деп коёт.

“Таш буркан” деген сөз бар. Мунун баштапкы мааниси кытай менен калмактардын ташка сыйынган “таш кудайынын” аталышы. Бул сөз бара-бара башка мааниге өткөн. Мисалы Аксыда бозокордун пирин“таш буркан” деп койгон түшүнүк бар.

Алтургай “Карагандын түбүндө карап турган таш буркан, Тикенектин түбүндө тиктеп турган таш буркан. Ичкен да мас, ичпеген да мас. Жытын алган жыгылсын, тобуна келген тоголсун” деп бозонун шагын чылап аткан кезди айтышкан.

Күчтүү чыккан бозону “Бозо ташбуркандап калган экен” дешкен.

“Таш казан” дейт. Памир тоосундагы кыргыздарда таш кордонун бир аталышы ушу –“таш казан”. “Таш казандын” экинчи мааниси Баткенде кичинекей кыздардын кемеге казып, жалпак таштардан казан жасап ойногон оюнунун аты. “Кыздар таш казан ойноп жататтар” дейт баткенчилер.

“Таш казандын” бүгүнкү жаңы түрүн айтылуу ишкер, маркум Табылды Эгембердиев кыргыз тоолорунан издеп жүрүп таап келип орноткон. Табылдынын “таш казаны” азыр анын “Супара” этнографиялык коргонунда колдонулуп жүрөт.

Баткенде “таш какар” деген сөз бар. Бул ошол аймакта өскөн “кемпир муш” деп аталган чөптүн экинчи аты.

Памирде, Баткенде, Лейлекте кенедей кыздардын таштардан үй жасап, конок күтүп ойногон оюнун “Ташканак” деп аташкан.

Кочкордо муну “таштакан” деп коёт. Экинчи бир мааниси жалаң таштардан тизип жасаган дубалды “ташканак” деп аташат. Мындай ташканак дубалды азыр Кыргызстандагы мыкты салынган үйлөрдүн дубалдарынан көрүүгө болот.

Лейлекте “ташкан” деп майда-чүйдө салып коё турган баштыкты атайт. Баткенде битир, сараң, колунан эчтеке өнбөгөн кишини “таш кол” деп коёт.

“Өзүмдүн ишим пахта, өзгөнүн иши тахта деген таш кол” деп айтышат.

“Таш туйлак” деген чөбү бар” дейт. Жерге-Талда тамыры катуу өсүмдүктүн атын мына ушинтип “таш туйлак” деп атайт.

Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык»


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: