“Борода” менен Бахадыр Кочкаров депутатыкка ат салышат

12.03.2016 | Саясат

Бахадыр КочкаровОш шаардык кеңешине депутаттыкка 13 партиянын өкүлдөрү ат салышмай болду. Арыздарды кабыл алуу 15-февралда токтогон. Зарыл документтерди толук тапшырган 13 партия шайлоого катышууга уруксат алды. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратовдун айтымында, шайлоого барууга 17 партия арыз менен кайрылган. Алардын ичинен 4 партия документтерин толук бербегенден улам шайлоого катышуудан четтетилди. «Күч биримдикте», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен», «Бир Бол», «Кыргызстан», «Республика-Ата Журт», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Кыргызстан социал-демократтар партиясы», «Демократ», «Ата Журт», «Эмгек», «Аалам» партиялары шайлоого катыша алышат. КСДП партиясынын тизмесин шаардын вице-мэри Жапар Ормонов баштады.

Талапкерлердин арасында Ош ШИИБдин жетекчисинин мурунку орун басары — «Борода» деген каймана ысымдуу Шакир Зулимов бар. Аны бир ай мурун ардактуу эс алууга узатышкан. Ошондой эле партиянын тизмесинде FIFA’нын рефери Бахадыр Кочкаров да бар.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: