Болот Абдрахманов: Адегенде эле Жусуп Абдрахмановду шпион катары атылсын деген кагаз чыкты…

30.04.2016 | Тарых

Болот АбдрахмановТарых илимдеринин кандидаты, полковник, А.Бакаев атындагы УКМК институтунун жетекчиси Болот Абдрахманов репрессияланган кыргыз улутунун каймактары көмүлгөн жер тууралуу биринчилерден болуп угуп, ал жерге жашырылган 138 сөөктү издеп жана казууда башында турган инсан. Тарых жана маданиятка өзгөчө көңүл бурулган ушул жылы өлкө тарыхы үчүн эбегейсиз орду бар бул окуялар тууралуу Болот Жумашевичтен дагы бир жолу айтып берүүсүн сурандык.

— Болот аба, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң орчундуу окуя катары калган бул окуялардын башталышы кандай болду эле?

— Чоң-Таш айылында репрессияда атылган адамдардын сөөктөрү бар деген маалыматты алгандан кийин көп өтпөй эле айтылган жерди казуу иштери башталды. Тапкан сөөктөрдү июлдун ортосунда казып бүттүк, баш-аягы 138 сөөк таптык. Акаевге бул тууралуу КГБнын андагы жетекчиси Асанкулов айтып анан сөөктөрдү даярдап, өзүнчө ящиктерге салып 30-августта кайрадан жерге бердик. Ошо жерден ыраматылык Чынгыз Айтматов “Ата-Бейит” деп аталсын деген сунушун киргизди.

— Сиз ошол жылдары УКМКда иштеп тургансыз да?

— Мен 1991-жылы КРнын КГБсынын капитаны болчумун. Ошо жумушта иштеп туруп маалымат алдым. Университетте иштеген бирөө бир апада көптөн бери жүрөгүн өйүгөн сыр бар экен, угуп көрбөйсүңбү деп мага дарегин берди. Маанилүү маалымат го, терроризмби же контрабандабы деп оюм ошого кетти.  Бүбүйра апага барып күбөлүгүмдү көрсөтсөм, тынччылыкпы деди. Тынччылык эже десем, үйүнө киргизип эмнеге келгенимди сурады. Мен апа, сизде бир сыр бар экен, ошону айтып бербейсизби, колумдан келген жардамымды берейин дедим. Ошо жерден байкуш апа үч саатка жакын тынбай ыйлап да, сүйлөп да берди. Кыскача айтсак, мындай. 1938-жылы апа 8 жашар кыз болот. Ал кезде “Ата-Бейит” НКВДнын эс алуу жайы болгон. Фрунзеде иштеген НКВД кызматкерлери жумуштан кийин үй-бүлөсү менен ошол жакка барып эс алышкан. Бүбүйра апанын атасы ошол жерде кароолчу, апасы ашпозчу болуп иштешчү экен. Ноябрда атасы кыздарын энеси менен кошо арабага отургузуп алып ылдыйкы айылга жеткирип коөт. Эки-үч жумадан кийин келсек, баягы кирпич бышырган мештин үстү түздөлүп калыптыр дейт. Эмне болгонун эч ким айтпайт. Байкаганы — ата-энеси бат-баттан куран окушат, кечинде келип ыйлашат. Ошону менен ал жерден көчүп кетишет. 1978-жылы атасы кызын чакырып: “Кызым, баягы мешти билесиңби, ошонун астында атылган адамдардын сөөгү катылган, убакыт келсе айтып бер”, — деген керээзин айтып көз жумат. Атасынын аты Кыдыралы болот. Ошону менен арадан жылдар өтөт. Горбачёвдун заманы келип, баары ачык айтыла баштайт. Эже ойлонуп, сыр түйүнүн ачуунун убактысы келди го деп 3-4 кишиге айтып көрөт. Бирок, эч кимиси буга маани бербейт. Кээ бирөө менин ишим эмес деп кагып коёт. Ал учурда КГБ тараптан дагы репрессияларды актоо жумуштары башталган кез эле. Мен келип, жетекчибиз Жумабек Асанкуловго бул иштерди айтып бердим. Ошол тапта Ош коогалаңы болуп аткан. Мен эжеге 1990-жылы декабрда баргам. Азыр эми сыртта кар, жазында кар кеткенде ошол жерге алып барсам бейиттин ордун көрсөтүп бересизби десем макул болду. Анан жумушка келип баарын баяндап, архивдерден маалымат издесек, сөөктөрдүн көмүлгөн жерин эч ким билбейт. Фрунзеден 20-30 чакырым түштүк тарапта деп гана көрсөтүлгөн. 1991-жылдын 31-апрелинде эжейге коңгуроо кылып үйүнөн машинеге салып алып Чоң-Ташка бардык. Эженин бул жерге дээрлик 53 жылдан кийин келиши экен. Жүрөгү лакылдап, толкунданган эже: “Мынабу жер — деп көрсөтүп — Бул жерде КГБнын начальниги Лоцманов жашаган коттедж, бул жерде ашкана болчу, бул жерде балдар менен ойночумун. Мынабу бактын арасында кароолчунун үйү турчу эле — деп  айтып берди, кыскасы баары күнү бүгүнкүдөй эсинде экен. Ошондо шаар тарапка карай 200-300 метрдей жерде бир меш бар экен. Бир убакта кичинекей эски кирпичтин сыныгы бутка урунду. Ушул жер деп олтура калып куран окудук. Рахмат эже, сиз өз жумушуңузду кылдыңыз деп кайра үйүнө жеткирдим. Университетке келип, археолог Москалевду алып келип, ошо жерди чукулап олтуруп, 30 см.ден кийин ок тийген адамдын баш сөөгүн таптык. Болду дедим. Келип башкармалыкка баяндадык. Ошону менен журналисттерди, телевидениени чакырып баарыбыз ал жерге бардык. 1991-жылдын 1-июлу күнү эле 10 чакты сөөктү чыгардык. Каза баштаганда комитеттеги кээ бирөөлөр каршы чыккан. Тим койбойсуңбу, булар чындап эле репрессия болгондор экенин кантип далилдейсиң дешкендер да болду. Мен жок, карагыла, азыр кайра куруу деп КГБны шыбап атат. Биз эми мурунку КГБнын кылыктарына жооп бербейбиз, биз башка органбыз деп каршы болдум. Казып атканда кантип далилдеп берем деген ой да болду. Сөөктөр биринин үстүнө бири баш аламан ыргытылган. Анан 1934-1935 — жылкы тыйындар чыга баштады. Тегерек көз айнектин айнеги, Сталин кийген фуражка бар эмеспи, ошондойдун үзүктөрү чыгып атты. 3,5 метр дебедимби, улам тереңдеген сайын кийимдердин үзүктөрү чыга баштады. Бир гимнастерканын чөнтөгүн карасам кагаз жүрөт, ачсак прокурордун айыптоо бүтүмү экен.  “5-ноябрь, 1938-жыл — Жусуп Абдрахмановду шпион катары атылсын” деген кагаз. Андан кийин Төрөкул Айтматовдун айыптоо кагазын таптык. Дароо Чынгыз Айтматовго кабар бердик. Он чакты алтын тиш таптык. Кийин Жусуп Абдрахмановдун кыздарынан сурасак биздин атабыздын алтын тиши бар эле деп айтышты. 30-жылдары алтын тишти баары эле койдурган эмес. Ушундан дагы бул жерге кыргыз коомунун каймактары көмүлгөнүн билсек болот. Документтер чыккандан кийин алардын номурларын архив менен салыштырсак, ошол папкада 137 кишинин фамилиясы, быяктан 138 кишинин сөөгү чыгып атат.

— Ошондо бирөө ашыкча болуп атат да, ал ким экен?

— Ооба, ал тейлөө кызматкериби же капыс күбө болуп калган адамбы деген ой бар. 138 — сөөк аял кишиге тиешелүү экен. Эми бир суроо туулуп атат. Ошол сөөктөрдүн кайсынысы Жусуп Абдрахмановдуку, кайсынысы Төрөкул Айтматовдуку экени аныкталбады? Санкт-Петербургдагы антропологиялык институтка сөөгүн жиберсек аныкташмак, бирок ага каражат болгон жок.

“Сыйлык сураган жокмун. Мен эч качан жутунбаган адаммын”

— Сөөктөрдү аныктоого мамлекет кызыкдар болгон жокпу? Дагы бир суроо, Бүбүйра апа экөөңүздөр сөөк көмүү зыйнатына катыштыңыздарбы?

— Ооба, бирок аны далилдөөнүн кажети деле болгон жок. Арасында Касым Тыныстанов, Баялы Исакеевдер бар экен. Карапайым орусу, немеци, полягы да бар. Акаев Асанкуловду сен ГКЧПны (1991-жылы августта Москвада болгон кутум – ред.) колдодуң деп жумуштан алып коюп атпайбы. ГКЧП 19-августта болуп атса, 31-августта сөөктөрдү жерге коюп атып Асанкуловду дагы, эжени дагы, мени дагы эч ким чакырбайт. Демократия болгон үчүн ушундай болуп атат деп сөөктөрдү жерге беришти. Мен жумушта отурсам эже, теледен көрүп атасыңбы, сен бардыңбы деп коңгуроо кылды. Эженин үйүнө барып ал мени кучактап ыйлап ошону менен тим болдук. Андан бери 25 жыл өттү.

— Өкмөт ошол кезден ушул кезге ыраазычылык билдирген жокпу?

— Менин оюмча, КГБ ГКЧПны уюштурган соң булар мындай да жумуш жасап атат дегенге ооздору барбады окшойт. КГБнын жумушун Акаев 15 жылдын ичинде баалаган жок.

— Басма сөзгө байма-бай эле чыгып жатпадыңыздарбы?

— Ооба, ошолорду чогултуп карасам бир китеп болуп калыптыр. Булар мен өзүм тапкан гана макалалар.

— Жок дегенде, учурда 85ке чыгып калган апабызга бир ыраазычылык айтылдыбы? Сиз өзүңүз бир да жолу сыйлык сураган жоксузбу?

— 2001-жылы “Ата-Бейитти” тапкандан 11 жыл өткөндөн кийин эптеп каражат таап, азыркы мемориалды курушту, ошонун ачылышына апаны  чакырып, Мамлекеттик катчы Накен Касиев “Эрдик” медалы менен сыйлады. Ошондо эже: “11 жыл күттүм, рахмат, медалдан көрө бир кап ун берсеңер жакшы болмок” дептир. Чынында апанын жашоо шарты начар, күйөөсү да, балдары да жок. Инисинин үйүндө турчу, келини менен да батыша албай көп кыйналыптыр. Жолугушуп турабыз, көрүшкөн сайын ыйлап арызын айтат. “Ата-Бейиттин” ачылышы — Кыргызстандагы эң маанилүү окуя. Биринчиден, эгемендиктин келиши менен табылып отурат, экинчиден КМШ боюнча репрессияга учурагандар көмүлгөндөр табылган жападан-жалгыз жер. Бүткүл КМШ боюнча жалгыз гана бизде табылып олтурат. Бүгүнкү күндө деле иштеп атам. КГБ институтунун жетекчисимин. Карап көрсөм, 25 жылдын ичинде ГКНБнын жетекчилиги бир-жарым, эки жылда алмашып туруптур. Бул убакыттын ичинде Айтбаев, Жанузаков, Суталинов сыяктуу башка жактан келген жетекчилер да болду. “Ата-Бейитти” мен таптым эле деп айталбайт экенсиң, сыйлык сурап кемсингим да келбейт. Эрежеси боюнча мага мамлекеттик ыраазычылык билдирилиши үчүн өзүм иштеген мекемеден сунуштама керек экен. Ортого салгыдай тааныш-билишим да жок. Бирок чынын айтсам, ушул “Тарых жана маданият” жылында баары эске алынат деген ойдомун.

— Роза Отунбаева президент болуп турганда 168  адамга сыйлык берип кеткен. Атамбаев жаңы жылдын алдында 150дөн ашуун адамга  сыйлык берди.  Ошолордун арасында сизге да берсе болбойт беле?

— 2010-жылы апрелде кырчындай жигиттердин сөөгүн жерге беришкенде мен да катыштым. 1991-жылы 138 кишинин сөөгүн колум менен казып чыгып жатканда ушул жерге дагы келип балдардын өлүгүн жашырабыз деп эч ойлогон эмесмин. Бийлик тарыхтан сабак албаптыр. Анан мен Ата-Бейиттеги 138 кишинин сөөгүн таптым эле, сыйлык берип койгула деп кантип айтам? Мен өзүм эч качан жутунбаган адаммын.

Назгүл Осмонова


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: