Бишкекте эмчек рагына карата акысыз текшерилүү боюнча акция өтөт

1448384868_001

Борбор калаада алты күн бою эмчек рагын аныктоо боюнча текшерүү акысыз өткөрүлө турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

21-октябрда дүйнөдө Эмчек рагы тууралуу кабардар болуунун күнү белгиленет. Буга байланыштуу 16-21-октябрь күндөрү Улуттук онкология жана гемотология борборунун бейтапканасында жана Маммологиялык борбордо ачык эшик күндөрү өтөт. Кабыл алуу убактысы — 9.00дөн 14.00гө чейин. Бул күндөрү аялдарга дартты өз алдынча аныктоо боюнча маалымат берилет. Текшерүү акысыз.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: