“Бишкек” эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди

02.08.2017 | Коом, Саясат

c91a1725a4a6f0e5ec1987ecb59613f2

Президенти Алмазбек Атамбаев  «Бишкек” эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда  кабыл алынган.

«Бишкек” эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-июнундагы №91 Мыйзамынын 1-статьянын 3 бөлүгү жана 2-статья күчүн жоготту деп табылды. Ошону менен “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” 2014-жылдын 11-январындагы №6 мыйзамына, КР Салык кодексине жана  бажы чөйрөсүндүгү мыйзамдарга шайкеш келтирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: