Бийликке кошулуп Атамбаевге каршы “согушка” аттангандар…Же дагы бир жолу Дача суу жөнүндө

07.05.2018 | Саясат

            B4A48514-639F-4B54-A1BA-924A876AFDFD_cx6_cy0_cw39_w1023_r1_s

Кийинки кезде, саясат отко май куйгандай эле   кызып барат.  Ачык айтканда азыр “мамлекеттик  машина”   экс президентке  жалган жалааларды  жаап анын  калк  арасындагы кадыр баркын, беделин түшүрүүгө баш ургандай.  Мындай “чабуул” башталганын  массалык маалымат каражаттарындагы Атамбаевди каралаган  заказ “жыттанган” материалдардын  топтомунан  байкоого болот. Ал ортодо, Сооронбай Жээнбековго  мародерлер партиясы  атыккан  “ Ата –.Мекен”  жардамга келгендей.   Булардын  экс  президенттен ала албай жүргөн кеги  арбын.  Анткени, азыр  аталган   партиянын  Текебаев  баш болгон бир нече мүчөсү  мародер экендиктери далилденип  түрмөдө отурат.  Мындан тышкары, айрымдары мандатынан ажырап,  дагы бирөөлөрү  ажыроо алдында турат.  para que sirve el ciprofloxacino. Бирок, булар Жээнбековго кошулуп Атамбаевге каршы “согушка” аттанганы менен  колдорунда экс президентке каршы эч кандай далилдери деле  жок.  Ошондой болсо да, “кыз боозуп энесин коркутат” болуп “чымындан пилди  жасап”    көнгөн  эргулдар. “Таппасаң сыйпалап кал” демекчи кечээ, алар кайрадан   Дача Суудагы  кырсыкты Атамбаевге  жармаштыруу  аракетин баштады. Болгондо да  коомчулуктун  башын айландыруу аракетин көрүп,  кырсык жөнүндө  Түрк басылмаларына  бир жыл мурда чыккан  маалыматтарды   бурмалап  кайрадан таркатты  Алар,   эски  материалды Турциянын  атайын кызматтарынын  буга чейин   жашыруун сакталып эми ачыкка  чыккан материалы катары   таңуулоого   аракет кылган. Кыскасын айтканда,   макаланын  негизги  максаты   Дача Сууга кулаган  учактагы жүктү экс президентке   жармаштыруу экени ачык айкын  көрүнүп турат.

Кырсыктан жабыркагандардын  көз жашы  эми кургай баштаганда,  өткөн окуяларды  кайрадан эске  салып “жаратка туз  себүү” албетте  акмакчылык.  Анын үстүнө  Турция тарап эбак эле  күнөөнү  моюнуна  алып  жабырлануучуларга  ири суммадагы айып   пулдарды төлөп берген.  Логикалык  жактан алып караганда да  жүктүн  Атамбаевдики болушу    такыр эле мүмкүн эмес.  Эгер  иш арсар болуп жүктүн ээси  ошол кезде аныкталбай жаткан болсо, Түрктөр эч убакта  айып пул төлөп бермек эмес. Мындан тышкары,  жок жерден эле жүктү  Атамбаевге  жараштырып макала жазган  журналисттер сото  жазгандарын  далилдей албай   айыпка  жыгылып  кечирим да сурашкан. Ошол кезде  кырсыктын чоо жайын изилдөөчү өкмөттүк комиссиянын  төрагасы азыркы Премьер-министр  Мухамбеткалый  Абылгазиев болгон.  Премьер-Министр  азыркы  президентибиз Сооронбай Жээнбеков болчу.  Андыктан,  Дача Суу маселесин  кайрадан   экс президентке  жармаштыруу аракети,  азыркы бийликке деле абийир алып келбейт. 

Турция менен  экс президент  Алмазбек Атамбаевдин  мамилеси  мурдагы “Себат”  азыркы “Сапат” лицейлери боюнча  эки анжы чыгып  ортодо пикир келишпестиктер  жаралганы да  белгилүү. Атамбаев  Кыргызстан эркин мамлекет экенин   дагы бир жолу  эске салып,  Турциянын  талабын аткарбай койгон.  Эгерде азыр  “Ата-Мекендин”  апыртмалары  жазгандай, Турция тарапта  Атамбаевге  каршы  кичине  эле илинчек болсо, анда алар   аны сөз-сүз эбак эле колдонмок экени турган иш. Ошондуктан, Дача суу кырсыгын  Атамбаевге   жармаштыргысы келгендердин жоругуЫсы-Көлдөн    Осминог  издегендей  эле кеп.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: