Домой Спорт Бийлик Атамбаевди жактаган журналисттерди да суракка чакырды

Бийлик Атамбаевди жактаган журналисттерди да суракка чакырды

600

Журналист «Ачык саясат плюс» гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытова жана күйөөсү Фархад Борукеев бүгүн эртең менен үйүнөн атайын кызматтын өкүлдөрү алып кетишкен.

Кийинчерээк Назгүл Мамытова «Фейсбукта» түз эфирге чыгып, Кой-Таштагы окуя боюнча жеткирилгенин билдирди. Анын айтымында, ал окуяларга күйөөсүнүн катышканы боюнча чакырылган. Мындан соң Мамытова жана Борукеев ИИМдин Тергөө кызматына күбө катары сурак берип чыгышты. Бир саат мурун бошоьушту.

Кудайдын улуу күнү да суракка алып жаткандарына караганда, бийлик Атамбаевчилерден биротоло арылуунун көздөп жаткандай. Андай болсо, неге ал түзгөн парламент, ал түзгөн өкмөт менен иштешип жатат деген суроо жаралат. Эгер атамбаевчилердин баары бийликти басып алам деген адамдар болсо, анда Атамбаев менен табакташ болгондордун баарынан арылса болмок экен.