Бексултан Жакиев,КР Эл Баатыры:Партиялар өзүлөрүнүн багыты боюнча аталышы керек

22.06.2017 | Аналитика

 

A50354E7-D197-40B5-B256-911440F08ED6_w1023_r1_s

 

Партиялар ыйык сөздөр менен эмес, өздөрүнүн саясый багыты боюнча аталышы керек. Мындай пикирин коомдук ишмер, КР Эл Баатыры Бексултан Жакиев президенттин “Манас”, “Ата Журт”, “Ата Мекен”, “Кыргызстан” сыяктуу ыйык сөздөрдү колдонуп аткан партиялардын аталышын карап чыгуу тууралуу оюн комментарийлеп атып билдирди.

“Мен дайыма партиялардын аталышында “Ата Мекен”, “Ата Журт” сыяктуу сөздөр колдонулганына таңгалчумун. Партиялар өздөрүнүн саясый багыты боюнча аталышы керек. Мисалы, христиандык, коммунисттик, социалисттик жана башкалар. Алар керек болсо партиясына өздөрүнүн атасынын ысымын же кичи мекенинин аталышын ыйгаруудан кайра тартышпай калды. Жалпы жонунан мен президенттин мындай ыйык сөздөрдү партиянын аталыштарынан колдонбоо тууралуу оюна кошулам”, — дейт Б.Жакиев.

   Эл Баатыры ошондой эле мындай аталышты алып жүргөн партиялардын артында жеке кызыкчылыгын, финансылык кызыкчылыгын ойлогон адамдар тураарын кошумчалады.

 “Көпчүлүк партиялардын курамы жеке кызыкчылыгын көздөгөн адамдардан турат. Бул наристелерге деле белгилүү. Бизде партияга финансылык дараметине карап алат жана бул чечүүчү факторго айланды. Эмне үчүн бизде 200дөн ашуун партия бар? Жада калса кайсы бир партиянын 5 мүчөсү болсо да, ал партиянын жеке кызыкчылыгын коргогонго, финансылык абалын бекемдегенге шарт түзүлөт”, — деп белгилейт Бексултан Жакиев.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев Россияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында 21-июнда Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушкан эле. Мына ошол жолугушууда катышуучулардын бири ЖКда ишкерлердин санын азайтууну сунуштаган. Буга карата өлкө башчысы өз пикирин ортого салган. “ЖКда ишкерлердин көптүгүнүн себеби бар. Тилекке каршы, мыйзам менен муну чечүүгө болбойт. Мыйзам кандай болсо дагы ошол эле ишкер, ал жакка мугалим, илимий кызматкер катары келиши мүмкүн. Себеби эмнеде болду? Мурда ишкер депутат болбосо, жашамак эмес. Бирок, эми ууру болуп туруп, парламентке келсе да, жазадан кутула албастыгын баары түшүнүп калышты. Бул биринчиден. Экинчиден, учурда ишкерлерге карата башкача мамиле түзүлгөн. Башта ишкерлерди Салык кызматы, Каржы полициясы, милиция, УКМК, прокуратура жана ким кааласа ошол текшере берчү. Ошондуктан алар парламентке келишкен. Ушул жылдан баштап ишкерлерди Салык кызматы текшерет, ал эми алардын күчү жетпесе, Каржы полициясы текшерет”, — деп белгилеген А.Атамбаев.

Ошондой эле мамлекет башчы мыйзамга кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, 2020-жылдан тарта парламенттик шайлоо босогосу 9%га чейин өсөрүн белгиледи. “Башка дагы катуу критерийлер кабыл алынды. Тилекке каршы, учурда КСДПда гана мугалимдер, илимий кызматкерлер, журналисттер бар. Алардын аты-жөнүн атап бере алам. 2020-жылдан баштап бардык партиялардын мындай тизмеси болот. Бул маселени биз ушинтип чечтик. Партиялар жөнүндө мыйзамды карап чыгып, биринчи кезекте партиялардын аталыштарынан баштоо керек. Балким, партиялардын аталыштарында кыргыздын Манас, ата мекен, ата-журт деген ыйык сөздөрүн колдонуунун кажети жок чыгаар”, — деген эле президент.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: