Бекназаровдун чыныгы жүзү ачылды

22.09.2017 | Саясат

Screen-Shot-2016-09-01-at-3.49.29-PM

Эми Бекназаров жөнүндөгү кеп, уламыш-суламыштар толтура, чачыңды тикесинен тургузган окуялары да бар дегендей… Азыркы эки ооз кебибиз «кудайдан кечирим сурап, мамлекетке-сотко калп айтканы» жөнүндө. Бүтүндөй журт укту, окуду: Бекназаров үкөсү Камчыбек Ташиев менен кезигишип, ага Текебаевди кантип коргогонун айтып берип жатпайбы. Ушул материал интернетке, гезиттерге чыккандан кийин, Бекназаров «бул материал монтаждалган нерсе, мага жаман санагандардын иши» деп караманча танып турбадыбы. Эрдин эри экен! Анан ошол сүйлөшүүнү казактын профессионалдарына текшерттирсе, алар «Бекназаров менен Ташиевдин» сүйлөшкөнү оригинал экенин, бул жерде эч кандай монтаж жок» экендигин далилдеп беришти. Ошондон кийин Бекназаров казактардын айтканын да калп деди, өзү экинчи ирет калп айтты. «Жигит» экен! Эми Бекназаровду эл сыйлачу кадыры калбады. Аман жүрсүн элине эркелеп…

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: