Бекназаровду “юрист”- деп деле айтууга ооз барбайт

20.04.2018 | Саясат

Screen-Shot-2016-09-01-at-3.49.29-PM

Бекназаровдун Атамбаевге тазалык жөнүндө айтканы, сойкунун секелек кызга абийир жөнүндө кеп кылуусу менен барабар.Эки элдик революциянын “каймагын калкып алып” эбегейсиз байыган кадимки Азимбек Бекназаров, Жаныш Бакиевдин “жеке менчик” гезитинен үн катып экс президент Алмазбек Атамбаевге акыл айтымыш болду. Анда ал “чү” дегенде эле Атамбаевдин бийлиги алты айдан бери Жээнбековго биротоло өтө электигине “абдан капа болгон”. Ушул сөзүнөн кийин Бекназаровду “юрист”- деп деле айтууга ооз барбайт. Анткени Алмаз Атамбаевдин президент катары мөөнөтү, демек бийлиги Сооронбай Жээнбеков ант бергенден баштап тып токтогон. Керек болсо, кыргыздын эгемен тарыхында бийлик адамдарын жаңы шайланган президенттер мынчалык чагылгандай тездик менен эч убакта алмаштырган эмес. Жээнбеков болсо, жарым жылга жетпеген убакта жогорку саясий кызматта отурган адамдардын баарын алмаштырууга жетишти. Андыктан, “Атамбаевдин жакын адамдары бийликте дээрлик калган жок”- деп айтууга толук негиз бар. Ошондуктан Бекназаров айткан кош бийлик жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Мурдагы Премьер-министр Болот Суюнбаевди кызматка дайындаса өзүнүн ыйгарым укуктарынын негизинде дайындады. Ага Атамбаевди жармаштыруунун кандай кажети бар? Анан да Сосновкада Атамбаевдин плакаты илинип турганы үчүн да экс президент күнөөлүү имиш. Бекназаровдун ал плакат “ бир жерин чукуп жатса” анда тиешелүү аймактын башчысына айтып алдырып койсун. Кыргызстандыктар плакатты көрүп эле “ аа биздин президент Атамбаев турбайбы” деп калгыдай келесоо эмес да. Андан ары Бекназаров Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшыруусу боюнча коомдук кыймылдардын билдирүүсүн да Атамбаевге “ байлоого” жан далбас кылган. Чындап келгенде Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшырууну коомдук уюмдар, Атамбаев гана эмес, жалпы эл талап кылып жатканын Бекназаров билип туруп билмексен болгону акылга сыяр иш эмес. Анткени президенттин инисинин жогорку Кеңештин депутаты болуп отурушу үй-бүлөлүк башкарууга алгачкы кадам болуп саналат. Негизи эле, каниет кылуу, тазалык тууралуу таза адамдар гана сүйлөсө жарашат. Бекназаровдун Атамбаевге тазалык жөнүндө айтканы сойкунун секелек кызга абийир жөнүндө кеп кылуусу менен барабар. Кыязы Бекназаров эл кан жутуп жатканда Темир Сариев экөөбү кантип миллион долларларды бөлө албай акыйнек айтышканын эл унутуп калды деп ойлоп жатса керек. Банк ячейкаларынан табылган акчаларды кимдер бөлүп алганы да коомчулукка маалым. Андыктан, Бекназаров бирөөгө сын айтардан мурун өзүн “ күзгүдөн карап көрсө” жарашмак. ​ Атамбаев алты жыл бийлик жүргүзгөнү чын. Акыйкат бийлик жүргүзүп мародерлорду, коррупционерлерди , төңкөрүшчүлөрдү камаганы да чын. Анткени Атамбаев үчүн ар дайым мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Бекназаров ток этер жерин айтканда, камалбай калганы үчүн тооба кылып жакасын кармай турган жерде. Эгер, Бекназаров жоромолдогондой Атамбаевге бийлик эле керек болсо, анда кетпей койсо деле жарашмак. Бирок ал мыйзамдын бийлигин жогору коюп өз каалоосу менен бийликти мыйзамдуу шайланган президентке өткөрүп берди. Атамбаев бир да жерден элди “өзүм алып келдим, өзүм жок кылам”-деп айткан эмес. 3-революцияны да оозанган эмес. Демек Бекназаров эки элдик революцияда тапкан миллиондору түгөнүп “кайрадан кан төгүп болсо да дүйнө чогултам”- деп ойлоп жатса керек. Бул жолу эл, Бекназаровду бийликке алып келбей эле борбордук аянтта өзүнүн ич кийими менен тумчуктуруп коюуусу толук ыктымал. Анткени элге Азимбек Бекназаровдун ким экени эбак эле белгилүү. “Андыктан Бекназаров, Акаев мезгилиндеги Кумтөрдү, Премьер-Министрлер жооптуу болгон Бишкек ТЭЦти , Түрктөр жабырлануучуларга айып пул төлөп берген Дача Сууну, Салянова менен Текебаев качырган Батукаевди канчалык экс президентке жармаштырганы менен жармашпайт . Анткени, жалгандын жолу тар болот. Акырында, Бекназаров жакын адамдарың “сени сатып кетет” деп акыл айткан экен. Кимди ким сатат экенин мезгил гана далилдейт. Ага Бекназаров  баш оорутпай” койсо деле болчудай. Ал эми “элден кечирим сура “ дегени такыр эле чектен чыккандык. Атамбаев элден кечирим сурай турган эч кандай кылмыш кылган эмес. Кечиримди элдин кызыкчылыгын уруп ойнобой Бакиевдин “желдеттерин” жоопкерчиликтен куткарып “ капчыгын калыңдаган” дал ушул Бекназаров сураса жарашат.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: