БЕКЕР ООКАТ КАПКАНДА ЖЕ ТУЗАКТА ГАНА БОЛОТ же Ѳмүрбек Бабановдун Элбашы менен жолугушуусуна калыс пикир

25.09.2017 | Саясат

                            D5DE4BE7-4489-47DE-9E71-59F5FE139AA2_cx3_cy0_cw83_w1023_r1_s

ШЕКТҮҮ ВИЗИТ, ШЕКТҮҮ ЖЕҢИЛИШ

Ушул жылдын августунун аягында Астанада улакчылардын эл аралык мелдеши өтүп, анда Кыргызстандын курама командасы Казакстандан жеңилип калды. Ал беттешүүдө Кыргызстандан барган улакчылар демилгесиз, өтө шалаакы ойногондуктан ошондо эле тымызын сүйлөшүү жөнүндө шектүү сөздөр айтылып, алар жалпыга маалымдоо каражаттарында да талкууланган. Эми жакында эки өлкөнүн улакчыларынын беттешүүсү алдында Астанага Өмүрбек Бабанов барып, Кыргызстандын командасындагы 12 улакчынын 8и менен жекеме-жеке  эки ирет  сүйлөшкөндүгүн, ага сырттан эч ким катышпагандыгын угуп таң калуудабыз. Ал 8 улакчы Ө.Бабановдун саясый өнөктөштөрүнөн, а түгүл жердештеринен  экен.

Өмүрбек Бабановдун ат оюндары боюнча спортко эч кандай тиешеси жок. Анын үстүнө  биз буга чейин Бабановдун көкбөрүгө ашкере кызыгып, анын күйөрманы же демөөрчүсү болуп жүргөндүгүн уккан эмес элек. Деги эле анын  бир нерселерге кайрымдуулук, демөөрчүлүк кылыптыр дегенин кулагым чалган эмес. Анда Астанадагы улакчылардын мелдешине Ө.Бабанов эмне үчүн барып, биздин команданын айрым мүчөлөрү менен бир эмес, эки ирет жашыруун жолугушкан? Аларды сүрөп, дем берүү үчүнбү? Албетте, андай иштер жашыруун жасалбайт. Былтыр Дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюнунда Казакстандын командасын сөздүн толук маанисинде талкалады деп айтарлык эсеп менен жеңген улакчыларыбыз эмне үчүн Астанада потенциалдарынын жармысын да көрсөтө алышкан жок? Элестүү айтканда, алардын буту-колдорун эмне байлады?  Ага жашыруун жолугушуулардын таасири тийгенби же жокпу?

Биз бул тууралуу так,  кескин бир нерсени айта албайбыз. Көңүлүбүздөгү бүдөмүктү гана айттык. Чындыгында эле шектүү жолугушуулардан кийинки шектүү эсеп күдүктөрдү  гана жаратат.

 

КҮДҮКТӨРДҮ ДАГЫ  КӨБӨЙТКӨН  ЖОЛУГУШУУ

Андай күдүктөрдү Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанда президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери күчөп турганда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, аны коңшулаш республиканын ММКлары тарыхый окуядай көбүртүп-жабыртышкандыгы дагы күчөттү. Кабыл алуунун форматы катардагы бир саясатчыны кабыл алгандай эмес, бетме-бет же эки өлкөнүн мамлекет башчылары сүйлөшүп жаткандай порумда өткөндүгүн кара жашиктерден көрдүк. Ал айрымдар айтып жатышкандай, Элбашынын  кыйыр эмес, түздөн түз эле Казакстандын жетекчилигинин Ө.Бабановдун талапкерлигин колдоп жаткандыгын билдирет. Кыргызстандын тийиштүү мыйзамдарында, эл аралык укуктук нормаларда шайлоого чет өлкөлөрдүн жарандарын катыштырууга, алардан саясый, материалдык, моралдык ж.б. колдоолорду алууга, суроого категориялуу түрдө тыюу салынат. Андай аракеттердин бардыгы колдоо көрсөткөндөр үчүн башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүү, ал эми колдоо сурагандар  үчүн өз элине чыккынчылык, саясый нигилизм, маңкуртчулук, моралдык деградациянын эң пас түрү катарында каралат. Кыргыздар андай көрүнүштөрдү “Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн эшигин сагалайт”, же Төлөгөн Касымбеков айткандай “энесинин тонун сатып…” деп коюшат. Аны тажрыйбалуу саясатчы жана мамлекеттик ишмер Назарбаев эң сонун билет. Бирок, билип туруп, Кыргызстанда президенттикке шайлоо алдындагы кампания кызып турганда ага талапкерлердин бирин кабыл алып, “боордош элибизге сендей адам башчы болуп шайланса жакшы болот эле” дегендей сүрөө сөздөрдү айтуусуна эмнелер себеп болгон? Ө.Бабанов Элбашынын андай симпатиясына, сүрөөсүнө кандай иштери, эмгеги  аркылуу арзыды экен?

Бекер оокат капканда же тузакта  гана болот. Бабановдун көздөрү же келбети жагып калгандыктан эле Элбашы аны мамлекет башчысындай кабыл алып,  бүткүл дүйнөгө жараян кылбагандыгын, анын  артында чо-оң маселелер  бардыгын  ким деле болсо түшүнүп турат. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, бир адам экинчи адамдан жардам сурап барса деле , ага алгач жардамды кантип кайтара тургандыгын айтып, анын мөөнөтү, шарттары тууралуу убада берет эмеспи.“Баланча күнү кайтарам” дебесең 100 сомду деле эч ким карызга бербейт. Сөздүн ток этер жери, Бабанов Элбашынын сүрөөсү үчүн ага эмнелерди убада кылган? Сүрөө моралдык түрдө эле болдубу же башка  компоненттери да барбы?

Эгерде биз чын эле өзүбүздү көз карандысыз мамлекет катарында эсептеп, өз мыйзамдарыбызды сыйласак, өз элин көзгө илбей, сыртынан аны сатып,  чет өлкөнүн лидерине бүгүлүп барып,  жардам сураган талапкерге карата мыйзамдык эң катаал чара колдонулуусу зарыл. Андай адамды өзү да улуттук кызыкчылыктарды сатууга даяр турган, ар намыстан, абийирден эч нерсе калбаган адам гана колдошу мүмкүн.

Казакстандын ММКлары элбашы августтун башталышында С.Жээнбековду деле кабыл алды го деп жазып жатышат. Биринчиден, Н.Назарбаев аны президенттикке талапкер катарында эмес, премьер-министр катарында кабыл алган. Экинчиден, ал убакта үгүт иштери расмий түрдө баштала элек болчу. Ошондуктан бул маселелерди чаташтырбоо керек.

Тагдырың кылга илинип турганда жакшылап ойлон кыргыз! Намыска, элдин кызыкчылыгына бек тур! Беш миң сомго же 100 долларга алданам деп, эртең балдарыңа, неберелериңе, чөбүрөлөрүңө кесепети тийерлик иш кылба!  Бүгүн улакчыларыбыз эле шектүү утулса, эртең ресурстарыбыз, байлыктарыбыз шектүү-шектүү  жолдор менен  башка элдерге өтүп кетпесин!

 

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ,  профессор,  дүйнөлүк “Абийир туткуну” наамынын үч жолку ээси


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: