Бекбосун Бөрүбашев, юридика илимдеринин доктору: “Мындай биригүүнүн келечеги жок”

08.08.2017 | Коом, Саясат

C803762D-1D63-4D0B-BEE4-ADD5F8815FA5_w650_r1_s

— Бекбоосун ага, өздөрүн ар убак түштүктөн чыккан лидерлер катары сыпаттап жүрүшкөн Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев баштаган саясатчылар шайлоо сайын “адат болуп калган” биригүүлөрүн башташты. Булардын буга чейинки биригүүлөрүн деле көргөнбүз да, бул жолку биригүүлөрүнүн келечеги барбы?

— Ачык айтканда, булардын биригүүсүнүн келечеги деле жок. Анткени, булардын мындай кадамы биринчи жолу болуп жаткан жок да, дайыма эле ар шайлоо сайын бириге калып жатышпайбы. Албетте, шайлоонун алдында биригүү табигый көрүнүш. Алдыдагы шайлоону карап көрүшүп, булар биригүүгө бел байлашты окшойт. Бирок, булар буга чейин деле биригишпеди беле? Анан калса бул төртөө тең президент болобуз деген амбициялуу жигиттер. Төртөөнүн ичинен кимисине жол беришет, анын тегерегинде кандай болот, анысын айтыш оор. Кыргызстандын саясатында идеологиянын негизинде саясый көз-караштары барлары биригиши керек. А бизде андай эмес да. Бизде болсо болгону жеке кызыкчылыктын, байлыктын, бийликтин, жердешчиликтин, аймак, тууганчылык белгинин тегерегинде биригишет. Ошон үчүн булардын биригүүсүнүн саясатта келечеги жок. Балким бул төртөө аке-үкө болушуп, жакшы мамиледе калып калышы мүмкүн. А бирок, дагы айтам, булардын саясатта келечеги жок.

—        Бул төртөөнү көпчүлүк регионалдык негизде бириккенин сындап жатышат да…

— Кыргызда “калк айтса, калп айтпайт” деген жакшы кеп бар. Көпчүлүк айтып жаткан соң демек, туура эле негизде сындап жатышат. Булардын кадамы ошондой да болуп калышы мүмкүн. 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: