Бекбосун БӨРҮБАШЕВ, юриcт: Акматбек Келдибеков президенттик шайлоого катыша албайт

16.06.2017 | Маек, Саясат

 

21655_w300_h207_crop

—  Бекбосун мырза, экс-спикер Акматбек Келдибеков президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип жатат. Бирок, соттолгон деген макамы бар Акматбек мырзанын шайлоого катышуусуна мыйзам жол береби?

—  Анын ишин карап көрүш керек экен. Соттун чечимин качан аткарып бүткөн экен?

—  Анын соттуулугу ушул жылдын 8-ноябрында жоюлат экен. Бул боюнча Жогорку сот да атайын билдирүү таратты…

— Анда президенттик шайлоого катыша албайт. Соттолгону тууралуу макамы болсо кантип катышат? Мыйзамда бул боюнча атайын талаптар көрсөтүлгөн. Талапкерлерди каттоо президенттик шайлоого 45 күн калганда токтойт. Ошондо августтун аягына барып калат. Келдибековдун соттуулугу 8-ноябрда жоюлса кантип катышсын? Жалаң эле Келдибеков эмес, мыйзам баарына бирдей болушу керек. 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: