Бекбосун БѲРҮБАШЕВ, юридика илимдеринин доктору, профессор: “Сооронбай Жээнбековдун кадамы башкаларга үлгү болушу керек”

21.08.2017 | Коом, Саясат

Bekbosun-Borubashev

— Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер катары мыйзамды сыйлап, кызматын тапшырып, “шайлоодо баардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек” деген тейде отставкага кетерин жарыялады. Жээнбековдун мындай кадамына тажрыйбалуу юрист катары кандай сыпаттамаңыз бар?

— Менимче, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун тиешелүү документтерин кабыл алып, ага карата кол чогултулган кол тамгаларын текшерип чыгып, тиешелүү каттоодон өткөздү. Мындай кадамды кубатташыбыз керек.

— Отставкага кетүү менен бийликтин таза шайлоо өткөрүүсүнө жол ачылды десек болобу?

— Колдо бийлик турса, каалайсыңбы-каалабайсыңбы административдик ресурс деген болот да. Анткени, сен колдонбосоң дагы бизде “ушул кишинин артынан бийликте отурам” деп айрым чиновниктер колдонуп коюшу мүмкүн. Андыктан, Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып, отставкага кеткен үлгүлүү кадамы моралдык жактан туура кадам катары керек болсо башкаларга үлгү болуп кабылданат. Анан калса ал өкмөт башчысы катары да жаман иштеген жери жок.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: