Бечел-сот, бечел-саясатчы…кийинкиси ким?

17.04.2018 | Саясат

             1515496853_kurmankul-zulushev-zakonoproekt

Акыркы жумада Жогорку Кеңеш депутаты Курманкул Зулушевдин аты-жөнү катуу угула баштады. Ооба,дал ушул акыркы кездери угулупкалууда, анткени, мурда анын парламентте мыйзамчыгаруучу,саясатчы жана эл өкүлү катары үнүчыкчу эмес.Эмне себептен ал шайлоодон туура үч жыл өткөн соң ооз ачууга белсенип жана ал тууралуу имиштер чыга калууда? Мырза Зулушев кесиптик карьерасын прокуратура органдарында баштаган,андан соң сот болгон. Анын учурдагы маанилүү көзүрү – жердиги Ош облусунан болгондугу. Башкача айтканда,ал – учурдагы президенттин жердеши. Азыр белгилүү болгондой,президенттик администрация бир нече ай мурун аны укук коргоо тутумундагы жогорку кызматтын бирине талапкер катары караган.

Бул туурасында билген Алмазбек Атамбаев КСДП съездинде Курманкул Зулушевге катаал мүнөздөмөберип,аны «сот наамын булгагандыгы үчүн соттон сүрүлүп чыгарылгандыгын»эске салды. Буга Зулушев өзү парламентте узун жооп кайтарды.Кеп кезеги өзүнө келгенде,«оозду ачуунун»саат мөөнөтү чыкты өңдөнөт.Гезит беттерине да чыга баштады.Экс-президенттин жагымсыз сынына кабылгыдай,ал эмне иш жасаган деген суроо туулат?Анын эң белгилүү соттук иши – бийликти күч менен тартып алуу жана ага карата чакырыктарга күнөөлөнгөн «Ата-Журт»партиясынын мурдагы лидери Камчыбек Ташиев жана башка эки ЖК депутаттары үстүнөн болгон сот процесси.Ташиев үчүн негизги көйгөй, Ак үйдүн тосмосунан аттап өтүүгө байланыштуу тарыхы бардык телеканалдарга түшүп,түз эфир аркылуу көрсөтүлүп, ага жалпы кыргызстандыктар күбө болгондугу болду. Албетте мунун өзү окуяны журттун аңдап-билип, ага өз баасын берүүсү үчүн жакшы шарт түздү. Андыктан сот Зулушевдин андагы чечими көпчүлүктүн сергек ой жүгүртүүсүнө карама-каршы келген эле. Маселенин чоо-жайын эске салсак. 2013-жылдын күзүндө оппозиция Ак үйдүн жанында Кумтөрдү улутташтырууну талап кылып,митинг өткөрүп жаткан. Күтүүсүз жерден депутат Камчыбек Ташиев кызуу кандуулукка алдырып,төмөндөгүлөрдү айтат: “Чынгыз хандын 17 баласы болгон жана ал алар менен бийликти алган, ал эми биз бүгүн бийликти 20 адам менен алабыз!” Мындан соң Ташиев жана анын бир нече тарапташтары өкмөт имаратынын тосмосунан аттап өтүп,УКМК мамлекеттик кайтаруу башкармалыгынын кызматкерлери менен мушташ баштаган. Мунун баары тамашага окшош эмес эле: тилекке жараша, мыйзам боюнча, кол салуучуларга ок атуучу курал пайдаланууга толук укугу бар укук коргоо орган кызматкерлери ок жаадырышкан эмес. Ал эми башкача болгондо кандай болмок эле? Эгер абал көзөмөлдөнбөй, карама-каршылыкка жана кан төгүүгө алып келсечи? Ташиев өз өмүрү менен гана эмес, башка адамдардын өмүрүн да коркунучка салган.Сотто болсо ал«2»алган окуучудай«мен жөн гана жумушумду көздөй бараткам»деген жообун айткан.Биринчи инстанциядагы сот ага ишенбестен, айыптоочу өкүмүн чыгарган. Ал эми Зулушев башында турган шаардык сот  сүйүнчүсүн актаган!Анын«мен жөн гана ишимди көздөй бараткам»деген жообуна ишеним артып,анын айткандарын өкүмгө сөзмө-сөз келтирип берген.Акты  кара, караны ак деп кантип далилдөөгө болот? Эгерде ал адам ондогон журналисттердин жана топураган элдин алдында туруп, бийлик алууга үндөгөн болсо, ал адамга карата чыгарылган өкүмдө анын бийликти басып алууга чакырбагандыгын кантип айтууга болот? Курманкул Зулушев жана анын дагы бир кесиптеши(үчүнчү сот өзгөчө пикир билдирип, алар менен макул эместигин билдирген)кандай айтуунун үлгүсүн көрсөтүп берди.

Ташиевдин жактоочулары анын колунда бийликти басып алуу үчүн олуттуу күч болбогондугун жар салып, ал болгону«тамаша” кылгандыгын айтып чыгышты.Билбейм,билбейм… Ал күнү оппозициялык митингдин жүрүшүн көзөмөлгө алып тургандар,өзгөчө алыскы короолордо таш жүктөлгөн унаа прицептерин жана топтошкон албеттүү эркектердин жүргөндүгүн көрүшкөн.Кандай гана болбосун,мыйзамда «жараксыз каражаттар менен аракеттенүү»термини бар. Эгерде кылмышкер кылмыш үчүн тийиштүү каражаттар анын колунда жок экендигин билбесе, бирок бар экендигине ишенсе(мисалы,банкты тоноого октолбогон куралы менен келсе)ага реалдуу каражат менен келген кылмышкерге карата берилчү жаза берилет.

Албетте,ошол эле учурда саясатчыны актоо үчүн чечим чоң акча каражатына сатылып алынгандыгы тууралуу кептер таркады.«Азаттыктын»кабарчысы анда Зулушевге:«Сиздин чечимиңизге байланыштуу ар кандай божомолдор айтылууда.Мисалга,актоо үчүн соттор 300 миң доллар алган деп айтылууда»деген түз суроо менен кайрылган. Ал жасакорлонуу менен:«Эгер биз чынында эле алар менен соодалашсак,акча алсак,эртедир-кечтир ал ачыкка чыгат.Убакыт өзү баасын берет.Мен кандай деген күндө да ага ишенгендер жана ишенбегендер чыгат.Бирок Кудай алдында жана мыйзам алдында мен тазамын»деген.

Соттор кеңеши бул адаттан тыш көрүнүштү талдоого алууда башкача чечимге келди. Зулушевге соттун мантиясы менен кош айтышууга туура келди.Ал эми Жогорку сот ал чыгарган чечимди жокко чыгарды.

Мындай иштен соң анын карьерасына чекит коюлушу керек эле.Демократиялык өлкөлөрдө мындай окуядан соң, элден чыккан сөлөкөт катары болуп калат.Бирок Ташиев өзүнүн куткаруучусун унуткан жок.Камчыбек Ташиев сотко алдын-ала өз колдоосун жана депутаттык креслону убадалаганы тууралуу айтуу кыйын,бирок эки жылдан соң,ал Зулушевди өз партиялык тизмесине киргизген.Мына эми ал – парламент депутаты,жашоосу оңунан чыкты.

Эми Зулушев сот реформасы кандай жүрүп жаткандыгы жана сот корпусундагы коррупция менен кандайча күрөш алып баруу керектиги тууралу кенен ой жүгүртүүгө жарайт.Азыр ал так ушуну менен алектенүүдө.Жана келечекте үлкөн кызматтарга барууну максат кылып турат.Старттык саясый капиталы дегеле болсо бар.

   Булак :http:telegra.ph/Gore-sudya-gore-politik-kto-sledushij-04-16


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: