Баян Есентаева Бишкекте китебинин бет ачарын өткөрөт

08.08.2017 | Коом, Маданият

1433654700fni9l

Казакстандык атактуу теле алып баруучусу Баян Есентаева Бишкекке келип, өзүнүн өмүр баянын жазган китебин элге тартуулайт. Теле алып баруучу менен каалоочулар бейшемби күнү «Vefa Сentеr» соода борборунда саат 17.00дө жолуга алат.

Иш-чара андан ары уланып, Есентаева менен жакыныраак көрүшүүнү каалагандар 2000ден 5000 сомго чейин төлөп, борбор калаадагы ресторандардын бирине өтө турган кечеге күбө болот.

Есентаеванын «Баян. Обо мне и не только» деген аталыштагы китеби июлда 20 миң нуска менен сатыкка чыккан.

Эске салсак, былтыр 10-июнда белгилүү продюсер Баян Есентаева катуу сабалып жана бычакталып ооруканага түшкөн.

Булак: sputnik.kg


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: