Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 9-серия

25.06.2016 | Маданият

* * *

Кыздар көргөн кассетаны Сыргак Астрага жөндөн-жөн эле берген эмес, көрсүн,кызыксын, ошол тараптагы сезими козголсун, жан койбосун деген да. Ошондо кыз баарына көнүп берет. Кассетаны бергенден эки-үч күн өткөндө эле кайра алып, анан Астраны бир жакка алпарып, «ойнотуп» келмек. Ал тилеги ишке ашпай калган ошондо.

* * *

Мектепте окуу жыл аяктап калган кез. Бүткөндөр аттестат күтүп жатышкан. Бир күнү деректир Сыгакты чакырды коридордон кезигип бошогондо кирип чыкчы деп. «Эмне болуп кетти» деген Сыргак дароо эле деректирдин артынан кирди.
-Олтур,-деди деректир кол жаңсай орун көрсөтүп, -баягыда тоого жакшы барып келдиңерби?
-Жакшы эле…
-Ошол Чоң-Коктуда Манас өргүгөн деген маалыматты кайдан алгансың?
Сыргак эс ала түштү. Маселе жеңил эле экен. Оюнда, балакет басып, кыздар маселеси айтылабы деген да.
-Так маалымат жок, бирок, кайсы бир китептен «Чоң-Кокту» деген жерде Манас өргүгөн имиш» дегенди окуп калдым эле. Кайсы китеп экенин такыр эле эсиме түшүрө албай койдум, — Сыргак ушинтип ышкыртты, ага көндүм иш. Кызыгың кур, канча калп айтса, ошончо ишенимдүү айтат, анан ага кадимкидей жыргайт, ошондон канагат алат…
Сыргак «Манас» маселесинде терең деле түшүнүгү жок. Ал жөнүндө кеп болсо, кошулуп коюуга гана жарамдуу. Азыр «Манасты» каалагандай колдонуп, ушул маселеде анын кереги барбы же жокпу деген менен иши жок эле көтөрүп чаба бермей жаман адат болду. Анан калса Манас деген каарманыбыз берки эле тарыхтагы баланча баатырдан аз мурунку эле баатыр болгонсуп калды… Эң жаманы — шүмүрөй-шүмшүктүн баары, кыргыздын ыйыктыгын кетиргендин баары «Манас деген бабабыз баатыр болгон» деп өзүн ошол баатырдын тукуму экендигине, ошондой тайманбас болууга чакыргандыгына, ошентип тамыры жок төш какканына не баа?!
-Мейли, окуган болсоң бир күнү эстерсиң… Менин кызыкканым башка кеп. Ошол экскурсияда сени эки кыз менен бирдеме болуптур деген сөз чыгыптыр го, мектепте. Ал эмне деген кеп?
Ана эмесе, Сыргактын жүрөгү кабынан чыгып кете таштады. Бирок, ашкере куу неме анысын билдирбеске жан үрөп, коркконун таарынычка айландырып таштоого кам урду, ушакка ууккан адам кейпин кийип турду:
-Кантип?! Өз окуучуларым менен… мугалим башым менен… Ушундай да абийирсиздик болобу, агай?! Мен кантип, кантип гана…-Сыргак калптан демигип, сөздөрүн толук бүтүрбөй, бу ушак аябагандай катуу сокку болуп турганын, бул оюна келбечү ушак экендигине ишендиргиси келет. Дагы далай булдураган болду., ыйламсырады, ак жерден торго чалынган адам кейпин кийди… Ал аракети текке кеткен жок.
-Кой, капа болбо, мен дагы ушак экенине ишенип, бирок, өзүң менен бир ооз сүйлөшөйүн дедим эле, кантип эле дейм да… Эл да бузулуп бүтпөдүбү… -Деректир бул мөлтүрөгөн жаш жигитке боор ооруп кетти. — Бара бер, камтама болбо, ушак дегениң эч качан чындыкты жеңе алган эмес.
Шыпыр жигит чыгып баратып да «тазалыгын» бышыктап алды:
-Кантип эле келелек жатып… мугалим болуп туруп… кантип гана… Агай, кантип…
-Кой эми, андай катын ушак дегенди жигитче көтөрүп кой. Мага таарынба, бу эмне кеп экенин билейин дебедимби, куураган жаным.-Пенсияга кетээрине аз калган деректирге тынч турмуш эле керек болчу. «Ка-ап, бул ушакты териштирбей эле койбой» деп калды оюнда.
Сыргак деректирдин кабинетинен баары бир санаа менен, а турсун коркунуч менен чыкты. Бу жарык дүйнөдө, бөтөнчө кыргыз дүйнөсүндө эч нерсени жашырууга болбой турганын жаш шумпай жакшы билчү. «Кыңыр иш кырк жылда…» деген чындыктан эч ким кутулган эмес. Өз тажрыйбасынан билет…

* * *

Ошентип, китепканадан көргөн сурайылдай сулуу кыздын атын сураса «Айчүрөк» деп коюп, мыскылдагандай, «ушу сен мага тең келип калдыңбы, байкуш» деп кемсинте карагандай карап кериле басып кете бербедиби. Сыргактын кыздар тараптан шагы сынган эмес, бу жолу катуу сынып турду. «Эрке өсүп, көпкөн неме болсо керек, балким, бир чоңдун кызыдыр. Дайны жок көтөрүлгөн неме да…» дегенден ичинен арбын айтып, кыздын начар неме экендигин далилдегиси келет. Бирок, кайра эле анын кериле басканы, сулуу жүзү элестеле берет, ошол келбет, ошол жүз алеки саатта арбап алгандай болду. А балким, «көз ирмемде келген сүйүү» деген ушудур… Баары бир колго түшөсүң, баары бир байкелеп алдымда каласың. Керилмектен асмандын башына чыгып кетсең да аялдын жатар жери-эркектин алды. Эркектен миң эсе мыктысынган аялдын орду да ошол… Сыргак ушинтип ойлоп, өзүнө-өзү дем берет. Атын сураганда «Айчүрөк» деп жооп бергени Сыргакты шылдыңдап жаткандай сезилген.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: