Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 6-серия

16.04.2016 | Маданият

Периште жолу

* * *

Эки окуучусу алдыда карагай аралап жай басат. Агайынын көзү жамбашта. Тигилер болсо улам бир карагайга жабыша калып сагыз чыгарган болот. Бир маалда эки кыз «жүрү биякка, жүрү тиякка» деп талаша кетишти да экөө эки жакка — бири оңго, бири солго бурулуп басышты. Экөө тең агайы анын гана артынан келе тургандай күтүп баратат. Агайы экөөнүн эки жакка бөлүнө басканына кудуңдап саамга турду да Астранын артынан аярлай басты. Ал он беш кадамдай басып, агайын күтүп турган эле. Анан агайын көрүп сүйүнүп кетти, эти ысый түштү, бети алоолоп күйөт. Агайы акырын келип кучактады, небактан башкаларды кучактап жүргөндөй кучактады. Адегенде чекесинен, анан бетинен, мойнунан аймалады, оозго жетти, тилдер тийишти. Кыз калтырады, бу жарык дүйнө жалп өчүп, көзү караңгылап кетти. Жамбашын жабыштыра кармаган агайынын алаканын сезди, денеси күчөй титиреди. Агайы анын футболкасын өйдө көтөрүп жиберип, кол тийелек тисирейген мамагын мыкчый кармап соруп жиберди, экинчисин да ошентти. Кыз кыйкырып жибере жаздады. Мамагы ооруп да турду,  жыргатып да турду. Дайнын таппай калган жаш дене туйлайт:

-Агай… агай…
-Алтыным…  жаным… Меники болосуңбу? Ооба дечи, айтчы…
-Ооба… Сиздикимин…
-Билгем ошентериңди. Билгем, менин кичинекей кереметим!

Адегенде кыз тартынгансып жатты эле, бат эле анысы калып, кумары жеңип кетти: агайынын оозунан аймалады, денесин ажырымы жок сылай берди, кармай берди. Мындай жыргалды биринчи сезип жатат. Агайы кызды  мындайрактагы көкмайсаңга жетеледи. Кыз көнүп турат. Агайы кызды көк чөпкө чалкадан салып, колун анын шымына жиберди. Кыз акырын кыңкыстап койду, каршылык кылбады.

Аңгыча бирөөнүн дабышы угулду. Сыргак олтура калып дабыш чыккан жакты карап Назираны көрдү. Эки кыздан өзүн жогору сезген неме өзүн жоготкон жок, уялбады, үлгүрбөй калганга гана жини келди.

-Эмне болду? — деди Назирага.
-Жалгыз коркуп…

Астра эмне болуп кеткенин түшүнбөй чалкадан жаткан. Сыргак аны колунан тарта тургузуп Назирага айтты:
-Назира, сен ушундай тура турчу, мен азыр.

Сыргак Астраны нараак далдоого ээрчитип барып, азга өпкүлөгөн болуп анан айтты:
-Астра, сен чогулган жерге бара бер. Мен тигиге «эч кимге айтпа» дегенди жакшылап туруп айтайын, аябай бышыктабасам болбойт, экөөбүз тең  уят болобуз, уктуңбу?
-Уктум, — деди Астра агайын өөп, — бат келиңиз. — Кыз кетти.

Сыргак кайра келгенде Назира агайы менен Астра жаткан жерде олтуруптур. Агайы катарлаш олтуруп, анан жанагы ишин улагандай кызды үнсүз жаткызып, өзү чыканактай капталына жантайып өпкүлөп кирди. Кыз да небак даяр экен, агайынан калбады. Эркектин көнгөн колу кыздын «ычкырына» жабыша түшүп, шыпырып жиберди. Кыздын жамбашы муздак чөптө калды. Эркек өзүнүн шымын энтиге тизесине түшүрүп, кыздын үстүнө чыкты. Мына мына кыздын «агайлаган» үнүн укмакчы болгон Сыргак башка үндү укту:
-Туруңуз, агай.

Сыргак ыргып туруп шымын тартты. Астраны көрдү. Анын жек көрө караган көзүнөн жалтанып кетти. Иттики, бу кайдан келе калды? Назира туруп кийинди, уялган жок:
-Эмне шимшип жүрөсүң?! — деди Астраны жеп жиберчүдөй карап. Анан басып кетти.

Сыргак кайдан уялмак:
-Эмнеге келдиң? — деди Астрага.
-Сиз кечиккениңизден… Кечирип коюңуз, — кыз агайын жаман көрө албады. Мурункусундай эле жакшы көрүп турду Азыр агайы каалагандай уйпаласа да көнүп турмак. Эптеп батынып туруп айтып салды: -Агай, чечинейинби?

Агайы аны жалт карады. Көз ирмем кумар артып барып токтоду:
-Жок. Башка жерден… кийин…
-Сиз каалаганда, — деди Астра.

* * *

Астра азыр ошол жөнүндө ойлоду. Он жетиден он сегизге кетип,бой тартып, аял-эркек мамилеси жөнүндө нечен бир бети жок эсептелген китептерден, гезиттерден окуп, телевизордогу «кызык иштерге» көзү тешилип… далайды билет эле, кызыккан эле… Ошондо Назира келбегенде агайы менен болмок, анан өгүнкү кинодогудай кылып… Астра жаздыгын кучактай оонады. Агайына карабай, аны күтүп олтурбай эле өзү чечип жиберсе болмок. Ошентип ойлоп, денеси дүүлүгүп кетти… Кыз кыйналды. Азыр агайы койнунда болсо, мейли, же бир башка бирөө болсо…

-Эй, үйдө ким бар?-деген апасынын үнүн угуп, кыз анын бөлмөсүнө кирди:
— Апа, эмне болду?
-Эчтеке… башым… — Апасынын кейпи келишкен: чачы саксайып, көзү мүшөк… алар сулуу өңгө бычак эмеспи!
-Сорпо ичесиңби, апа?
-Иче алар бекем…
-Жүрү, ичип көрсөң, — Астра апасын аяр колтуктай ашканага апкелип олтургузуп, сорпо куюп берди.

Апасы үч-төрт кашык ууртаган болуп кашыкты койду. Астра жана столдо турган аракты алган эмес, ошондон стаканга куюп сунду:
-Ме апа, ичип жиберсең.
-Уят го, улам эле…
-Ичип жибер, ким көрүбатыптыр, жакшы болуп каласың.

Апасы ичип жиберип сорподон дагы эки-үч кашык ууртады. Аздан соң анын өңү аялга окшой баштады.

-Апа, мындан ары ичпей эле койбойсуңбу,- деди Астра,- Көп эле аял ичпей эле сонун болуп жүрүшөт го. Атам деле катуу капа болот сен ичип алганда.
-Мен деле ичпейин дейм, болбой эле кыйнап коюп жатышпайбы… Берки экөө эмне болду? -Турдукан кичүү эки кызын эстеди.
-Сабактан кийин мектептин тегерегин тазалайбыз дебаткан, келип калат азыр.

Астра апасына дагы бир стакан куюп берип, кайра төшөгүнө жетелей алпарып жаткызды:
-Атам келгенче уктай бер. Анан чогуу тамак ичели, уктуңбу, апа?
-Уктум, секет кетейин. — Арагы жик-жигине бөлүнө тарап, бере жүрчү айныгыс таасирин берип, көңүлү көкөлөгөн Турдукан кайра көшүлмөй болду.

Кечинде атасы жумуштан келерге жакын Астра апасын ой-боюна койбой тургузуп, жуунтуп-тарантты. Эки сиңдиси менен манту түйүп, бышырды. Ал бышты деген кезде ошону эле күтүп тургансып атасы келди. Бешөө аркы-беркиден сүйлөп, тамакты жакшы жешти. Беркилердин куунак көңүлү Турдуканды биртоло оңдоп койду. Дасторкон жыйылып, кайрадан жакшы демделген чай сунулганда Астра:
-Ата, мындан ары апам арак ичпейт, жана өзү айтты,-деди.

Бу жаңылыкка баары дымый калды эле, сөздү атасы алды:
-Кудай берет го, минтип айтчу эмес эле, чын элеби, ыя, Тукай?

Турдукан карачечекей күйөөсүнөн да, кыздарынан да уялып кетти, бетинин кызарганы дааналанды:
-Ичпейм…
-Ичпейт деп иттей ишенип койсок болобу?-деп Кубатбек күлдү.
-Болот. Эмне жөнсалды айта бермек белем.
-Ура-а! Апабыз экинчи ичпейт!-Кыздар кубанды.

* * *

Турдукандын ичпей калганына биртоп болуп калды. Үч-төрт ирет конокто болуп сыноодон жакшы өттү.

-Кана, Турдукан алып жибер.
-Жок, ичпейм, өтүмөн таш алдырганы жатам…
-Кичине эле…
-Жок, болбойт. Ичсем эле өлөт экемин.
-Туй ата… Балээ болгон турбайбы…

Дагы башка жерден:
— Турдукан эже, алып жибериңиз.
-Жок, рахмат. Боорум чоңоюп кетиптир, кесет го…
-Бирди эле…
-Жок, болбойт. Ичсең эле бүттү деген.
-Ка-ап…

Конокто ушундай кыйноолорго өпкө-боордун, бөйрөк-сөйрөктүн жардамы менен ичкиликке туруштук берип турду кайран Турдукан. Анын ичпей калганына, биринчи иретте, күйөөсүнүн сүйүнгөнүн айтпа. Акылы кем аялынын акылы ашып тургандай сезилип жатты. Кубатбек үй-бүлөсүн машинеге салып, бирде тоого, бирде көлгө алпарат, атасыныкына каттайт.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: