Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 4-серия

04.04.2016 | Маданият

Периште жолу

***

Уулу чайдан чала ичип, тамак асалы дегендерине көнбөй зарыл жумушу бар экендигин айтып коштошкондон кийин абышка-кемпир сөз улайт:

— Э кемпир, бу Кубакайыбызды таарынтып алган жокпузбу? Чайын да шаша-буша  ичип кетти…

— Жок, таарынган жок, абышка. Таарынса, мен мына деп эле жүзү айтып коймок. Баары сыртында эмеспи, аласы жок. Кылтыя албайт эмеспи, кулунум!

— Ошондой эле болсун… Деле жалаңкыч болсо да жашай берсинчи. Маңдайына ошону жазган соң, качып кайда барды? Андан көрө баарынын амандыгын тилейли, туурабы, ыя, байбиче?

— Туура эмей. Менин деле оюм ошол эмеспи. Кудай жосуну жокко байлап койгонун карабайсыңбы. Дурусу туш келгенде… арман күн аа… -Баары бир башка келинди самайт, уулу менен жанбирге кемпир…

***

…Ошол мас болуп оңкодон сайылган аялын эптеп машинага салып келгендин эртеси жумушуна жөнөгөнү жатты эле, тигиниси үн салды өлө-сөлө, ал дагы кайната-кайненесине окшоп күйөөсүн Кубакай дечү.

— Кубакай, беркелчи…

— Ии?

— Башым сыныбатат, ушалап бересиңби?

— Ченеп ичпейсиңби, — Кубатбек керебеттин четине олтуруп тигинин «сынган» башып ушалап турду. — Ичкенди таштабай калдыңго, э?

— Таштайм… Аз эле ичтим эле, бир балээ болуп кетти окшойт. Эми ичпейм. Жанатан бери ошентип ойлондум.

— Сен аз ичкен жоксуң. Куйганды калтырбайт да аз ичтим дейт. Мен сен ичкендин жарымын эле ичсем өлмөкмүн.

— Деги үйгө аман-эсен келгенибиз жакшы болуптур.

— Аман келбегенде эмне, согушта жүрдүк беле? А бирок, мен согушта жүргөндөй эле болдум. Тигиге бир тийишесиң, буга бир тийишесиң, эркек ылгабай мойнуна асыласың… ырдайсың же ырыңдын дайны болсочу… Койчу, кайсыны айтып түгөтмөк элем… Мен кеттим, кечиктим го…

Аялы үндөбөдү, «ой-бой» деп онтоп, күйөөсүнүн колунан бошогон башын эки колдой мыкчыды.

Кубатбек ашканадагы муздаткычтан арак алып жүз граммдай куюп келип,  аялынын башын көтөрдү:

— Ме, ичип жибер, оңоло түшөсүң.

Аялы бети-башын жыйырды:

— Кускум келибатат, кусуп жиберем го…

— Эптеп чыдап ичип жибер.

Аял жийиркенгендей бырышып-тырышып жатып стакандагыны түгөтүп берди. Анан айтты:

— Ичпе дейсиң да анан кайра минтип…

— Мунсуз болбойт, — деди күйөөсү стаканды карап,- көп аялдар эртеси баш жазбай коюп өлүбатышпайбы.

— Жалаң эле аялдар өлүбатыптырбы эмне?- Аял өз дарегин ушинтип коргоп турду.

— Баары эле өлүбатат, бирок, көбү аялдар.

— Башкалары да бар болсо, мейли анда… — Азыр аялдын өлчөлүү акылын да, денесин да арак башкара баштады көрүнөт, дили жазылайын дейт…

Кубатбек саатын карап ишине шашты:

— Кой, мен жөнөйүн. Астра окуудан келсе, ачуурак кылып  сорпо жасатып ич.

***

Ана эмесе, Турдукандын денеси нымшыды. Аз мурун сынып кетчүдөй болгон башы ордуна келди, оюн салганы турат. Ойлонуп атат. Анан кечээ кечке өзүнөн көз албаган кара көз, кара чач, кылмурут, сымбаты сыртында сыланган  жигитти эстеди… Акылы тайкы деген ошо да ичип мас болуп, оңбогон кылыктарды жасаса да муштумду кой, жаман тилин тийгизбей, кайра башын ушалап, оорубасын деп башын жазып бөпөлөгөн акдил, айкөл күйөөсүн эстебейт да кайдагы бир өзүн карап койгон немени эзиле эстеп жатпайбы, о сенин, сулуулугуң менен…

Аялдардын деле эркектерден айырмасы жок: эркегиң өңдүүгө өлүп-талса, аялың деле сымбаттуу эркекке эзилип берет, ичи кандай менен иши болбойт. Кээ бир аял адегенде эркектин сымбатына кызыгып, анан анын ичи көңдөй болсо, ага көз ирмемде баам салып шарт эле кол үзөт. Бирок, андай баамчыл аялдар аз. Турдукан алардын катарында эмес эле. Ошондон улам  кечээки жигиттин бир эле аймап жутуп ийчүдөй болгон көз карашы маңдайга тартыла калып, бу эркекке талгактык жаны менен бүткөндөй  неменин жанагы ичкен арагын нары түртө жылдырып, дүүлүктүрүп жиберди. Ох, ошонун кучагында туйлап-туйлап алса! Атаганат, ошол күн келер бекен… А эмнеге келбейт? Өлүп-талып өзү теше карап атса… Ии, анан да «сүйүп калдым» деп элге угузбай  бир шыбырап албады беле буту-колду жазабыз деп чыгыбатканда. Эмне ошол сөз бекер айтылчу сөз бекен, анын күчү бар, аткарып койчу учуру бар. Анан да өзү сүйбөчү аял бекен эмне. Эркектин баары эле өлүп-талат го төшү менен жамбаш жагын жалдырай…

Бу кудай урган аялдын денеси өзүнө баш бербей козголуп ордунан турду. Ич көнөкчөн күзгүнүн маңдайына келди. Баягы жомоктогу «менден өткөн сулуу ким» деп күзгүсүнөн сурагандай кеп да… Жүзүн, көкүрөгүн, белин, жамбашын сылап, этегин көтөрө буттарын бирден сунуп турду. Күндө болбосо да күн алыс өзүнө суктанып алат. Анысына да мейли эле, бирок, ичин аңтарганды үйрөнсө, ошол акыл мээсинде болсо, сонун болбойт беле… Денесине суктанып бүтүп, ашканага кирип муздаткычты ачты. Ичи толо тамак-аш. Түндө берген го, бир тарелка толтура бышкан эт, экөөнүн устуканы болсо керек. Аялдын эч бир тамакка көңүлү чаппады. Аракты, бөтөлкө сууну алды. Столго олтуруп сууну ачып ичип, артынан арагын куюп ичти. Стакан издеп олтурбай суу куйган кружка менен эле жутту эки бөлүп. Кеминде эки жүздөй болду окшойт. Эркегиң биякта калсын азыркы кылыгында. Аз олтуруп анан керебетине барып жатты. Жаңгактан жасалган эки кишилик эпсиз чоң керебетте нары бир оонады, бери бир оонады. Ушул азыр көзү күйгөн кара мурутка жетип барып кучагына куласа, арман болбос эле го… Кара башын жеги-ир, оюн кара… Аялдын элесинде кара муруттун муруту тумандай баштап, аздан соң кебетеси дааналанбай калды. Көзү сүзүлүп-сүзүлүп барып кара муруту айталаада калып, уйкуга алдырып жиберди…

Аздан соң Астра келди. Кубатбек менен Турдукандын туну. Быйыл метепти бүтөт. Окуусу дурус. Акылы тетик. Бирок, аялдык жагынан апасын айныбай тарткан. Үйдө көргөн-билгени күзгү. Үйдө экенде чачы-башын он түрдөйт. Апасына окшоп кийими сан түр, сапаты жок.

Астра кийимин алмаштырып, чай коюп ичти. Анан муздаткычтан эт алып чыгып, көк-сөгүнөн көп туурап, ачуу дегендеринен арбын кошуп сорпо жасады. Бой тартканы бышылуу-чийки кылыбатып тамакты даамдуу жасаганды дурус  үйрөнүп алган. Анын түрүн жасайт.

Апасы арак сасып керебетинде жатканын көргөндө эле жасай жүргөн сорпосун жасап жибербедиби. Ойгонсо, аз болсо да ичирет. Сорпо бышканда кыз андан куюп ичип, анан өз бөлмөсүнө барып чалкадан түшүп, бутун учкаштырды. Кызыгың кур, анын ою да апасыныкына окшоп жатпайбы. Бу эмне тукум куучулукту далилдеген тыянакпы, ыя?

Ушул окуу жылы башталып калгандан кийин кошуна айылдан которулуп келген тарых мугалимин элестеди: шыңга бойлуу, акжуумал, карамурут. Күлгөндө оозунун оң тарабындагы бир тиши жарк этип, алтын го кебетеси, укмуш сулуу көрүнөт. Үнүнүн ыргагын айт, жагымдуу.  Аты Сыргак.

Сыргак келген күндөн эле жаш мугалим келин-кыздарга дароо жакты. Анан да Астранын классташ кыздары тегизи менен бу мугалимди сүйүп турушту. Мурун балдар менен сүйлөшчү кыздар аларын чанып тарых мугалимине берилип атпайбы. Ал тоок сүйүүбү же башка аты  бар сүйүүбү, ит билсинби, сүйүштү да калды. Андайда Астра алдыда да. Бат эле ошол мугалимге чала-була тилин сордуруп, өзү да соруп салган, тарых кабинетинде. Ушундай балакет! Бат элеби? Анан кимди күтүп олтурушмак эле, экөө тең ошол багытты беттеп жаралышса…

(Уландысы бар)


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: