Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 2-серия

16.03.2016 | Маданият

Периште жолу

Кубатбектин аялы Турдукан сурайылдай сулуу неме. Сулуулугу да курусун, анын айынан жаман иштер болуп кетпедиби… Бул аялдын эркектерди эзгара кылып таштачу сулуулугу болгону менен, ичи калтырак — акылы тайкы эле. Ойлогону: жакшы кийим жана да даамдуу тамактан алыс кете албайт. Кепти келиштире айтканды кой, кирди-чыкты кепти эбине келтире албайт, куурагыр. Мүнөзү апендичалыш. Анткен менен  ак көңүлдүгүн айт, деле жанда жок. Эркектер көз кыса тийишсе, аздап бааланып коюуга акылы жетпей эрип кете жаздайт, «эл эмне дейт, эрим эмне дейт» деген орундуу суроо бу мээкайык аялдын мээсине келбейт. Көзүн сүзгөнү сүзгөн. Кунаажын болсо, бу чөлкөмдүн букаларына жип эмес, чынжыр түтмөк эмес экен…

Кызматына жараша жакшы санаалаштары, теңтуштары бар дегендей, Кубатбекти конокко көп чакырышат. Чакырган жердин баарына барбай, аттатып барса деле көп жерге барылат. Башынан конокко барганды көп жактыра бербеген Кубатбек мойнунан байланандай араң барат. Кай бирде эле көңүл жай олтурбаса, көбүнчө тынчы кетет, «бу коногу качан тарайт» деп чыдамы түгөнө күтөт. Турдуканга болсо конокко баруу чоң майрам. Таң эрте камына баштайт, саны көп, сапаты жок кийимдеринен кайра-кайра кийип, жактырбай… мына-мына үйдөн чыгар мезгилде араң даяр болот. Ошондо да «ка-ап, башкасын кийсем болмок» деген ою жанында. Анын мейманда олтурганы да өзүнчө бир жосун: оозун эпсиз, эсепсиз чормойтуп, бир нерсе жеген сайын ошол оозун кайра-кайра аарчып, жээр-жемексен болуп кенедейден алып, бүт эле тамакты жактырбагандай түр көрсөтүп, мындай тамактардын далайын көргөнбүз дегенчелик кылып… айтор, тамактын баарын кесир кылат, көз болсо сүзүлүү. Улам бир эркекти сырдуу, шойкомдуу тиктеп, ал эркегиң болсо «апбали, мен жагып турат көрүнөм, буюрса, бир серперим бар экен» деп ичтен кыпылдап, башка эркектерден кызгана кетип… а дагы жандалбас. Ошо конокто канча эркек болсо, баары түгөл жандалбас! Турдуканың ошол маанайга салып таштайт. Бу кудай урган аялың  арак-шарабын тандабай согот. Анан, ууртап-татып олтуруп, оо далайда барып мас болот. Эми көрүп ал, көзү сүзүлгөн бойдон өчүп, тилинен бир толук сөз чыкпай булдуруктап, оогон жагына жыгылып, табарсыгы толсо турган жеринен коё берем деп камданып… абийири кетти деген кепти багыштатып дагы далай кылыктарды жасатып, Кубатбектин эл караган жүзүн жер каратып чүнчүтөт эмеспи. «Аял жакшы-эр жакшы» дегениңдин калети бар беле, аялы жакшы болбой, Кубатбек көп сынды, жерге кирип кетчү абалда көп калды. Ушу эси жок сулууну кайсы күнү жакшы көрүп калды десең! Бул аялын жакшы  көрөт. Акылы кемдигин алгандан кийин билип, «жаман катын кайдан чыгат» дегендин маанисин ошондо түшүнүп, аялына боору да ооруйт, аны эч качан кетире албайт. Жараткан бул аялга биротоло жабыштырып таштагандай. Турмуш дегениң каалаганын кылып таштайт турбайбы, карасаң эй, керилген жигитке кем катынды кошуп койгонун…

Апыртып ашыкча айтпай, кээрин кетирип кемитип айтпай, сындын туурасын бергенде Кубатбек «жигиттин гүлү» дегенге барып такалчу. Өңдүү-түстүү, келбети келишкен, сөзү менен өзү курч, ошол курчтугунун жанында токтоолугу да жашаган, калпты караандатпай, чынга таянып жашаган жигит эле. Анан айкөлдүгүн айт! Жигиттик деп сыпатталчу сапаттардын бардыгы бар да, ушу жер караткан аялды оңдоп-түздөөгө же биротоло кол үзүп кетүүгө кудурети жетпеди. Аздап тилдемиш эткени болбосо, ушунча болуп колу тийбеди. Аялына кылган жакшы мамилесинен улам «бузулган аял башын айландырып алыптыр» деген жардыгы бар Кубатбектин. Кайран кыргыздын катындары, мындай жардыкты аянбай беришет да, оңду-солду!

Бир ирет Жеңиш деген кыйбас досу түз эле айтты: «Куке, достугума салып түз эле айтайын, «катыны башын айландырып салыптыр» деп элдин баары эле айтыбатат. Аныңдын жүрүшүн оңдоп, болбосо биротоло кол үзсөң болбойт беле…». Кубатбекке досунун бу сөзү октой тийгени менен, кайрылып «а-бу» дебеди. Дароо аялынын элеси келип, өзүнө тартат шоруң кургурду. Жеңиш досу андан бир жооп күттү эле, ал айтылбады. «Бишкектин үстүндөгү бир айылда табып бар экен, башы айлангандарды жандырган, жок дегенде ошого барып көрчү» — деди Жеңиш айласы кете. Досунун бул сунушуна да Кубатбек жооп бербеди. Ошону менен Жеңиштин сөзү  байыды, көңүлү да калды окшоду, «деги шоруң калың экен, досум» дегенди ичинен кайрып жолуна түштү…

* * *

Ошондон көп өтпөй Кубатбектер дагы бир конокто болуп, эс-учу жок мас болуп оңкодон сайылган аялын машинасына эптеп салып үйүнө апкелип жаткырды да анан  наркы-терки оодарыла уйкуга кеткен аны тиктей олтурду эле, бир маалда өткөн, өтүбаткан өмүрү өзүнөн өзү маңдайга тартылып турду…

* * *

Ооба, ата-энеси чоң билими болбогону менен акылга бай немелер болчу, ошого таяна жашап келишти. Атасы майда актип болуп жүрдү. Энеси болсо колхоз жумушунда жүрүп карыды. Ушул азыр экөө бирдей килейген айылдын сый үстүндөгү адамдары. Кеп-кеңештин ортосунда болушат, сөздөрү өтүп, көп ишке жарап берет. Жакшы жашап келсең, ыйман жаныңда жүрсө, өмүр соңу бейпил болот тура, башкалардын сыйы күтүп алат тура. Ошол эл сыйына эгедер ата-энесиникине Кубатбек аялы, кыздары менен шартка жараша каттап турат. Тамак-аш, кийим кечеден кеңири алып дегендей… Атаганат, колдон келсе, күндө эле келе бермек…

(Уландысы кийинки санда)


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: