Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 15-серия

25.06.2016 | Маданият

Сатар бу мөлтүр кызды көз кыйыгынан карап, «шилекейин жутуп» өлүп бараткандай болот. Өзүмдүк кылып өстүрүп алчулардын бири экен. Эмитен эле ээлигин кылып, башкаларга тийгизбей, керек болсо окутуп-чокутуп, кийинтип-ичинтип дегендей… Ушинтип бу шүмшүктүн ниети бузулуп турду, кызындай кызды самап…

-Атың ким эле, кызым? — деди Сатар мээримдүү үнгө салып.

-Салкын.

-Мектептесиңби?

-Быйыл он биринчиге барам.

-Аа, жакшы экен, мектепти бүтсөң окуйсуң да, э?

-Окуйм го…

-Окуйт,-деди апасы,-деле эмне болгон күндө да окутам.

-Буюрса десең, туурабы Сакинтай? -деди Сатар.

Кыз билинер-билинбес баш ийкеген болду.

-Мен атаң менен аздыр-көптүр чогуу иштеп калдым, жардамын көрдүм. Экөөбүз аябай ынтымактуу элек. Ой-тилегибиз бир жерден чыгып турчу эмес беле, арман! Ал мен үчүн, мен ал үчүн аябай күйчүбүз. Тагдыр экен, эрте кетип калбадыбы. — Сатар ушул жерден оор үшкүрүп, жашый түшкөндөй болду. Бет аарчысын алып көз кычыгын сүртүбатат. -Эми раматылыктын калган өмүрүн силерге берсин. Мен колдон келишинче силерге жардам берип турам. Сен окуп калсаң да жардамдашам, буюрса, уктуңбу, Сакинтай.

-Уктум…- Кыз уялат, үнү чыгып-чыкпай…

-Рахмат сага, Кубакайдын арбагы колдоп жүрсүн! -деди Турдукан Сатарга.

«Колдоочу арбакты тапкан экенсиң, энеңдурайын мээси жок шуркуя!» деди Сатар ичинен. Анан кызга багыштаган сөзүн улады:

-Эмне керек болсо дароо мага айт, апаңды жибер же өзүң кел, колдон келген жардамымды аябайм. Анан сага айтарым, кызым, тартиптүү болуп жакшы жүр, сабагыңды жакшылап оку… Азыр эмне, кыздар мектептен эле бузулуп кетип жатпайбы.

-Кудай сактасын! -деди Турдукан чочуп.

Сатар чыгарда Салкынды улуу кишидей, атасына теңчамал кишидей эмес, бир башкача имере тартып өөп, кызды оңтойсуз абалга калтырып коштошту.

* * *

Бир жумадан соң бул ар кай жердеги төрт үйлүү тоо айылынын жогору жагына аппак боз үй жана кенен аскер чатыры тигилди. Боз үйдө меймандар, чатырда болсо тамак-аш жасаган, конок узаткан кыз-жигиттер турат. Чоңдорду тосуу боюнча алдына адам салбачудай болгон Сатар жакшы даярдатты. Каражатын бүтүн бойдон райондук токой чарбанын адамдары кызматына жараша чыгарды. Ал каражат меймандарды сыйлаганга, чөнтөгүнө салганга гана эмес, Сатардын жеке чөнтөгүнө түшкөнгө да жетет.

Төрт киши келет. Төртөөнө төрт келин даяр, алар ырдап берет, жанына олтуруп эрмек болот. Алар райондогу маданият үйүндө иштейт, үчөө артист, бирөө кеңсесинде. Булардан сырткары, дагы үч келин чай сунат, тарелкаларга салаттан, тамактардан салып берип турат. Анан да маданият бөлүмүнүн ансамбли, берки кыздардан башка кызмат кылчу дагы үч келин, үч жигит, тамак-аш даярдаганга, эт бышырганга, мас болуп калган мейман болсо сыртка жетелеп чыгууга, кусам десе илеген тосо коюуга дагы жигиттер, келиндер бар. Айтор конок тоскондор бир короо.

Меймандар үч консо үч кой, төрт консо төрт кой союлат. Чучугу, казы-картасы өзүнчө. Адегенде жылкы соймой болушкан, анан андан баш тартышты, ушул азыр бошоп турган элдин оозунан чочушту окшойт… Алар кетерде төртөөнө төрт кой союлуп машинага салынат, желим идиштерге куюлган кымызы болот, конверттер сөзсүз…

Бир боз үй, чоң чатыр тигилгенден кийин Сатар ойлонуп дагы төрт чакан боз үй тиктирди. Аларды төрт конок ээлеп, каалагандай эс алса болот. Аларга бирден келин даяр эмеспи, чайын, арак-шарабын бергенге, эрмек болгонго, эзиле кетсе, эзилишип турганга…

Эртең меймандар келет деген күнү кечинде бардыгы шайма-шай даяр болуп бүттү. Боз үйлөрдүн, палатканын ичине, сыртка жарык коюлду, ансамблдин аппаратурасы орнотулду, союлчу куйругу кучак ириктер бадал түбүнө байланды. Алда кандай болуп кетеби деген Сатар козу-улактан да даярдаткан…

Эртеси эртең менен самоорлордон түтүн булап, өйдөрөөктөгү жылкычы кымызын чайкап, келин-кыздар күзгүдөн нечен ирет өтүп, жамбаш-белдерин колу менен сылап, жигиттер курун бышыктап, бычактарын курчутуп, жоо тосчудай шымаланып, мейманың бул эле борбордон эмес, тим эле Бээжинден келсе да тосуп алууга даяр турушту.

Ошентип, баары шайма-шай. Сатар меймандарын райборбордон күттү. Он экилер чамасында килейген аппак жапон машинасына түшкөн төрт мейман, шопуру менен бешөө, дагы бир суйкайган сулуусу менен, алтоо болуп келишти кантор маңдайына. Сатар төрт-беш кызматкери менен күтүп турган эле, машина токтогондо учуп жетип алдыңкы эшикти ачты, ал жерден досу түштү. Аты Кубан. Айланайы-ын, илгерки совхоздун зоот букасындай болгон жоон моюн, орто бойлуу неме экен, күпүлдөйт тимеле. Сатар экөө кучакташты, өбүшүп ийишти. Берки үчөөнүн экөө да тоголонот, казысы эки кучак, төртүнчүсү ийне жеген иттей болгон арык, узун неме экен, ыргалып араң турат, жалгыз аял ойсоктойт, чачы-башын оңдонуп…

Шоопурдан башкасынын баары кызуу. Бул жердегилер галстукчан зыңкыйган немелерди күтүштү эле, тегиз спорттук кийимчен келишиптир, эч кандай иши жок эле эс алганы келген турбайбы.

Сатар кабинетине чучук-пучугу, ичкилиги менен стол даярдатып койгон, эки ирет каалоо айтылып тоого сапар тартышты.

-Жакшы эс алабызбы? -деди чоң досу Сатарга машинасына түшөрдө.

-Сен каалагандай.

-Ии, айтсаң, мен кандай каалачу элем?

-Баары-баары болот, кыз-келиндердин түрү да…

-А билет экенсиң, досум, кеттик анда!

Сатардын машинасы жол баштады.

Тээ алыстан эле машиналар көрүнгөндө бул жердин командири Төкөр «даяр тургула, келди» деди да чоң боз үйгө кирип дасторконду эми бир карап өттү. Анан төрт боз үйдүн төрт келинин, беркилерди чогулта салып эми бир чогулуш өткөзүп жиберди…


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: