Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 11-серия

25.06.2016 | Маданият

Жанатан бутун учкаштырып кериле олтурган Сыргактын учкашкан буту өзүнөн өзү берки буттан ыргып, бүжүрөй түштү, эңкейе олтурду жер карай. Анткен менен эки көзү тигилерде. Ырасы болуп, кара көз айнектин пайдасы тийип жатат. Бир маалда жигит кыздын колун алып тизесине коюп алды, кыздан каршылык болбоду. Акырын бурула берип жигиттин бетинен билинер-билинбес өпкөн болду. Мунусу Сыргакка аткан ок болуп тийди. Жүрөктүн толтосун көзөп кетти окшойт! Ордунан туруп кетүүгө кудурети жетпейт, мурунку эрдигинин бири жок, бу кургурдун. Турса эле тигил экөө аны көрүп шылдыңдап күлчүдөй элестеди, «менин артыман иттей болуп ээрчип жүрөт» деп кыз ай-ааламга жар салчудай сезилди. Бу кыз антип жаман ишке барбасын ичи таза эмес жигит билбейт эле. Ар ким өзгөнү өзүнө жараша баалайт эмеспи… Сыргак да кызды өзүндөй көрүп жатпайбы. Сыргак   куру намысчыл, көңдөй, мактанчаак, бой көтөрмө, сылаңкороз, сыртынан «баатыр»… анан ошонун баарын жымсалдап турган укмуштуудай жасалмалуулугу бар эле да.

Тээ далайда барып Сыргакты «жер сүздүргөн» кыз менен жигит орундарынан туруп кыналыша колтукташты да кете беришти жай басып. Кыз-жигит деп ушул экөөнү айт, бири-бирине жарашат экен. Сыргак ушуну баамдады. Кызыгың кур, бул ирет туура баамдады. Өзүн алсыз, арсыз сезип кетти. Анан кайра куру намысы алдыга суурулду: «урганым жок, кыз деген азыр кырса түгөнгүс, мындан сулуу, мындан сонундар толубатат, эмне, мен талаада калган жигит белем…». Ушинтип өзүнө өзү дем берип далайга олтурду. Ичи ачышканы оңой менен кете койбоду… «Өзүңдү эр ойлосоң, өңгөнү шер ойло» деген акылдуу бүтүм бар эмеспи, бу жолу Сыргак тиги жигиттин алдында мышык болуп турду окшойт…

***

Кыз кирин жууп болду. Тиги-мунусун жыйыштырып үйгө кирди. Кызга жайлоонун керемет кооздугу, наркы-терки самсыган туристтер, жакын-тегеректе эс алгандар… баары-баары кызыктырбайт, аларга көңүл кош. Кыздын ойлогону жандай көргөн атасынын жоктугу.  Энеси болсо, эч нерсе менен иши жок шапар тээп жүргөндүр. Үйгө бир күнү консо, эки-үч күн дайынсыз. «Ал жерим ооруду, бул жерим ооруду» болуп жатат да анан эртесиби же эки күндөн кийинби, куландан соо оюн салып кеткени-кеткен. Кээси менен машиначандар алып кетет. Мына, быйыл кырк бешке чыгат, дале болсо, чырайынан жазбай, соорусу чыгып, төшү асман тээп, жүзү албырат. Сулуунун өңү оңой менен өчпөйт тура…

Турдукан үйдөн кеткен сайын эле эркектин кучагында жүрбөйт. Кубатбек иштеп жүргөндө жакшы санаалаш болгон анын досторунун аялдарына барат, өзүнүн мектепте, институтта чогуу окуган бул аймактагы тааныштарыныкына барат. Алардын арасында жакшы көргөнү бар, жактырбаганы бар. Ал жөнүндө Турдукан баамдабайт… Кээсинде кон дебесе деле конуп калганын айт…

Кыздын апасы азыр кезектеги «кетүүдө». Аман болду бекен деп санааркайт мөлтүр кыз. Бу эки жыл мурун каза тапкан Кубатбектин ортончу кызы Салкын. Быйыл он биринчи класска келген. Үйдүн түйшүгү сиңдиси Бактыгүл экөөндө. Эч нерседен кеми жок өсүп, райборбордо чоңоюп, атасынын камы менен жокту билбей, түйшүгүңдү түшүнбөй өскөн неме эми билибатат жашоо оңой эмес экенин. Астра эжеси окууга өткөндөн кийин бат-баттан келип турчу эле, атасы өлгөндөн бери бир-эки эле жолу келди. Мына жыл айланып барат, дайын-дареги жок. Окуусун бүтөрдө таштаптыр, чет элге кетиптир деген кабар да келген. Аныгын дааналап, сураштырып  издеген эч ким жок. Издеп-иликтечү апасынын өзүн издеш керек. Чоң ата менен чоң эне жалгыз эркеги каза болгондон кийин чөгүп калышкан. Таткан тузунан башкага зыяны жок немелерге Салкын сиңдиси Бактыгүл экөө кезектешип каралашат. Бактыгүл он чакты күндөн бери ошол жакта.

Салкын үй ичин ирээтке келтирди. Анан чай коюп, бир чыны ичкен болду, жүрөгү тамакка тартпайт. Сыртка чыгып тоокко жем чачты. Дайым таң эрте чаччу, бүгүн кеч калыптыр, туруп эле кир жууганга киришпедиби. Кыз эмдиги жылы мектепти бүтөт. Борбордон окуйм деген илгери үмүтү бар. Анысы жакшы, бирок, кантип окуду? Чоң ата, чоң энесине ким каралашат?  Апасы тентиген күндөрү Бактыгүлдүн жанында ким калат? Каражат жагын кантти? Атасынын  үч эжеси, эки карындашынан беш тыйынчалык жардам жок. Алардын үчөө ушул тегерекке тумушка чыгышкан, өп-чөп турмушун өтөйт. Калган экөө борбордо турат, биртоп бай деп угат. Илгери кичине кезинде атасы экөө ошол эжелериникине барган, элес-булас эсинде, бирок, аларды азыр көрсө, дароо тааныбайт го. Алар чоң аталарыныкына келип кеткенде тоодо болуп калат. Эжелери бул жакка келбейт, жөнсүз чыккан жеңесин көргүлөрү жок. Атасы тирүү кезинде алар кез-кези менен келип турушчу, анда Салкындын кичине кези эле.  Акыркы жолу атасы өлгөндө келишкен. Андай кайгылуу кымкуутта көңүл токтотуп бирөөнү карамак кайда…

Кыз тоогуна жем бергенден кийин, тээ нараакта аркандалып турган торпокту которуп келди. Жогору жактагы калың карагайдан ылдый ачык жерде кой-эчкилери жайылып жүрөт. Атасы тирүү кезинде күткөн жандыктардын калгандары: бир уй торпогу менен, быйыл кысыр калган  төрт кой, он чакты эчки… Төрт жылкы, үч уй кара ашына, кыркына, жылдыгына, эстелигине деп союлду, сатылды. Дагы жакшы аз болсо да жандыктардан калганы. Былтыр  кышта  жем-чөптөн атасынын досу Жеңиш байкеси жардам берди. Колунда бар ак көңүл киши. Кези келип ачууланса, жанындагылардын жанын чыгарат. Андай мезгили чанда. Көбүнчө жайдары, жай турмуштун адамы. Райондогу суу чарбасын башкарат.

Атасына алчу пенсияны да ушул Салкын кармайт, тамак-ашка, кийим-кечеге эби менен бөлөт. Апасы кандай болсо да тогуз ай көтөрүп төрөп, ак сүтүн эмизген эне, үч кыз тең аны жанындай көрөт.  Турдукандын чалакайым  болгону менен кыздарына жаман кеби жок Анан да акчага, дегеле көроокатка ачкөз эмес, иши да жок. Күйөөсү тирүү кезинде кийимди тандоо жок эле,  түрдүүлөп  ала берчү, эми анысы жок, кайдан болмок. Кез-кези менен  жаңыланып калат, машинага салып кеткендер алып берет го кебетеси…

* * *

Баягы кара мурут Сатар эми Турдуканды карабай калган. Кубатбек өлгөндөн кийин ою, тилеги орундалып анын кызмат ордун ээлеп, райондун бүт токоюн, токойчуларын мыкчып турат. Карагай болсо оңду-солду сатылып, акчанын алдында калып дегендей, дындыя көпкөн кези.

Кандай болгон күндө да Кубатбектин бүлөсүнө пайдасы тийди. Кубатбек көп жыл бою райондук токой чарбаны башкарып, анын алты бөлмөлүү үйүндө турду. Баары колунда туруп айылга же башка жерге үй салбады. Жеп-ичип жатат деген сөздөн качкан. Чаканбы, чоңбу,  үйдү ойноп эле салып алмак, антпеди. Анан ал каза болгондон кийин бүлөсү токой чарбанын үйүн бошотуш керек болду. А кезде Сатардын Турдукандан биротоло тажай элек кези, анча-мынча жылуулугу бар эле. Анан ойлонуп олтуруп, Турдукандар азыр турган тоодогу үйдү менчиктештирип берген. Чын чынына келгенде Кубатбектин ал үй эмес, андан чоң нерсени алууга эмгеги бар болчу. Кандай болсо да эл көзүнө,  «Сатар Кубатбектин бүлөсүнө үй берди» аты калды. «Жакшы жигит экен» дешти биртоптору…


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: