Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 1-серия

13.03.2016 | Маданият

Периште жолу

Бул жер кыргыз бейиш деп сыпаттачу жердин бири: чоң кокту, бир тарабы калың карагай, экинчи тарабы тулаң чөптүү күнгөй, сейрек  бадалдуу, ал жакка мал жайылат. Аяк-быягы ат чабым коктунун таманында буркан-шаркан көк ирим  суу. Жаздын аяк ченинде бу суу кирип, жөн ат эмес килейген айгырды камгак кылып агызып кетиши бар. Анан жайды-жайлата ачуусу тарагандай жайлап агат. Төр жакта ак кары кетпеген заңкайган аскалар, андан ары эмне бар дегенди окумуштууң билбесе жөн адамдар билбейт, аларга билип деле кереги жок. Суунун эки-үч жеринде өйүз-бүйүз болуп катташып турууга жайык кечүү бар, жайкысын ал кечүүдөн кымызга тойгон кызыл жүз, кер мурут жигиттер жөө эле кечип чыгып кетет.

Жайкысын бу тарапта кайырмагын көтөрүп самсыгандар оголе көп болот. Бири чындап эле балык уулаганды сүйүп, кумарланып келсе, көбү «…эшек кошо дүрбөйт» болуп келет, балык уулаганды оң иш көрүп, андан кандайдыр бир кадыр-барктуулукту көрүп, абройлуу, тандалмалуу болгонсуп… кадыр-барктан айлансын ошол кылганың. Балык кармаганың накта мыкаачынын иши го бир, тирүүлөй немени кайырмак менен тамактан илип… карышкырды мыкаачы дейбиз, карышкырың үчүнчү орунда калбайбы. Биринчи, экинчиби? Биринчи — ошол балыкчы, экинчи — анын аялы, балыгын куурганча шашкан. Бу жөнүндө өмүр бою ушул жерде мал менен жүргөн бир карыя жактырбай ойлоп койгон.

Балык уулаганы менен кошо кымыз уулаганы да бар. Бирок, илгеркидей эмес, сатып алат, анысы күндө болбосо да күн аттап кымбаттап турат, жарык кымбаттады, бензин кымбаттады деп шылтоо кылат. Жайлоодо кенен жайылып, жараткан берген чөбүн оттогон бээге жарык менен бензиндин кымбаттаганынын кандай тиешеси бар? Эмне, бээлердин баскан-турганына бензиндин кереги бар бекен?! Байталдар  жарыгы жок эле үйүргө кошулат… Балээнин баары жылкычы менен анын катынында болуп жатпайбы, алардын пейили «кымбаттап», адамдыгы «арзандап» жатпайбы!

Дайранын карагайлуу тарабындагы жээктен жүз кадамдай окчун жерде  аппак акталган чакан үй, маңдайында узунунан кеткен там: мал сарай, кампа, тамак жасачу ашүй. Короо тегиз тапталбаган, эки жагы ачык, ар кай жерин чөп басып турат. Үйдүн тегерегинде, нараакта музоо-торпок, кой-козу,  эчки-улагы менен жерден башын албай оттоп атат. Тээ алысыраакта, кебетеси, бир үйүр жылкы жайылат. Короо ичинде, сыртында тооктор, жөжөлөр жер тытат.

Сарайдын ашүй жак башындагы тулгада тайказан асылып, анда суу ысыйт. Анын жанында саргыч  футболкачан, башына туура тарта жука жоолук байланган, спорттук шымчан бойго жете жаздаган кыз чоң жашикке коюлган илегенде кир жууп жатат. Тулку бою, өңү-башы эми-эми калыптанып, сулуулук кууп, аз өтсө татына дегендердин катарына кошулчудай көрүнөт.

Кыз улам жууганын эки катар тартылган кермеге  жайып жатат. Арыкчырай, кымча бел бу кызды көрүп турган жигиттер болсо, гүлгө конгон аарыдай үймөлөктөшмөк. А бул жерде топ эмес, сыңар жигит жок. Өз келбетине өзү суктанбаса, башка суктанчу жан жок. Кыз болсо денеси, өңү жөнүндө ушул азыр ойлогонго, маашырланганга көңүлү жок эле. Деле көңүлү болгон күндө деле анткенди үйрөнө элек, а балким, антип ойлочулардан эмес жаралгандыр…

Кыздын колу кирде, ою да кирдеп турат. Жуугандарынын кири кетип жатса, оюндагылардын кири кетпей жатат. Аз жашында таза, көңүл толчу турмушу аз болуп, кир турмушу көп болуп кеткендей. Ошол кир турмуш өтүп кетсе, ошол өтүп кетердин учу көрүнсө,  мейли эле да, бирок, аның өтпөй жатпайбы, кар калың түшүп, суук азапты берген кыш сындуу болуп турат го, жакшылыктын карааны бүлбүл көрүнгөнсүп жок болуп, качан биротоло кайрылары белгисиз болубатпайбы. Көкүрөгүнө жакшылык-үмүт, жыргал-үмүт батпай турчу курагы бу кыздын… Андай болбой туру. Жок, өзү күнөөлүү эмес, күнөө тапканга али жаш, анан да периште сындуу бу кыздын жүрөгү кардай аппак эле…

***

Кыздын атасы Кубатбек – айыл арасындагы тыңчыкма жигиттердин бир болчу. Аскерине барып, андан соң казак тараптан токойдун окуусун бүтүп келип  иштеп, көп өтпөй райондун токой чарбасын башкарды. Райборбордо жашашчу. Дагы бир аз обдулса, бу жигит борбордогу чоң жерге барып олтурат деген сөз чыгып калган кезде теңирден тескери болуп, борборго эмес, башка жерге кетти кайрылгыс, бүлөсү  айылдардан алыс тоонун  ушул жерине сүрүлдү.

(Уландысы кийинки санда)


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: