«БАЛАПАНДЫ САТЫП, БҮРКҮТКӨ…»

20.03.2018 | Саясат

Без названия

С.Жээнбеков кайсыл бир башкаруучу кадрларды алмаштыруудан трагедия издештин кажети жок. Ал кишинин да өзүнчө иштеше турган командасы бар. Бүгүн бирөөнү кызматтан бошотуп койсо дароо «истерика» кылып жатышат кээ бир «жасалма тарапташтар».

А.Атамбаевдин жасаган иштерин жокко чыгаруу менен алектенип, экөөнүн ортосуна от койууну гана көздөп турушат. Бул саясий күрөш эмес, бул саясаттан жыдып калгандардын өч алуу гана максаты. С.Жээнбековду жактап аны менен биргеликте өлкөнү өнүктүрөйүн дешкен жок, болгону экөөнү бири-биринен ажыратуу керек.

Мен убагында А.Атамбаевге добушумду бергем, кийин С.Шариповичке бердим. А бүгүн «тарапташы» болуп аткандар «кечээ» добушуңарды кимге бердиңер эле? Элдик президент болоорун билип БИЗ башынан бүгүнкүнү колдогонбуз, бүгүнкү күндү кечээ эле көргөнбүз.

Авторитар, автократ болсо А.Атамбаев бийлигин сактап калууну көздөп экинчи мөөнөткө барбайт беле. Сөзүнө туруп туугандарын башкарууга аралаштырган жок, сөзүнө туруп өз мөөнөтүндө президенттиктен кетти.

Азыр С.Шариповичти колдосоң А.Атамбаевди сатып кеткен киши катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Андай эмес. Саткын деп так ошол шайлоо убактысы бүткөнчө балапанды колдоп, утулган соң БҮРКҮТТҮН тарапташы боло калгандарды айтыш керек.

Мамлекетти силерсиз эле өнүктүрсө болот экенин артта калган алты жыл тастыктады. Силер тарыхта БУЗУКУ катары калдыңар. Өлкө үчүн ынтыматкы бекемдөөчүлөр эмес, өзүңөр үчүн өч алгычтар катары эсте каласыңар.

Кытыгыласам чымчыгандай кабыл албагыла!

Адилет Калыгуловдун Фейсбук баракчасынан алынды


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: