Бакыт Тѳрѳбаев талапкерлигин качан алат?

28.09.2017 | Саясат

1024852968

“Республикачы” Ѳмүрбек Бабанов менен “Ѳнүгүү-Прогресс” партиясынын тѳбѳлү Бакыт Тѳрѳбаев тандемдешкенин Жалал-Абадда жар салышкан эле. Алардын планы боюнча Бабанов президент, Тѳрѳбаев премьер-министр болушу керек. Логикага ылайык, Бакыт Эргешович президенттикке талапкерлигин алуу боюнча БШКга кайрылышы абзел. Бирок алигиче БШК кайрыла элек, жер-жерлерде жолугушууларды ѳткѳрүп жүрѳт. Ушунун ѳзү Бабанов-Тѳрѳбаев тандеми убактылуу экенин, эки “азамат” бири бирине ишеним артпастыгын айгинелебейби? Бакыт мырзага караганда Камчыбек Ташиев эр экен, ажо жарыштан расмий четтеди. Мындай кадамга баралбаган соӊ Бабановдун президент, Тѳрѳбаевдин башбакан болушу жүзѳгѳ ашкыс кыялга айланды ѳӊдѳнѳт…


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: