Домой Спорт Бакыт Жумагулов, коомдук ишмер: «Нарында жылына 10го жакын спорттук мелдеш өткөрүп...

Бакыт Жумагулов, коомдук ишмер: «Нарында жылына 10го жакын спорттук мелдеш өткөрүп жатам»

215

Кыргызстан тилекке каршы сасык саясатыбыз менен, же өп-чап экономикабыз менен дүйнө жүзүнө эч качан мактана албайт экенбиз. Мактансак, маданиятыбыз жана спортубуз менен гана мактана алабыз. Ал эми спортту көтөрүү иши биринчи кезекте айылдардан башталууга тийиш. Себеби, биздин Кыргызстандын 70 пайызга жакын эли дал ушул айылдарда, тоолуу аймактарда жашашат эмеспи. Чынында тоолу аймактарда спорттун түрлөрү укмуш өнүккөн деп айтууга болбойт. Ойдогудай өнүктүрүү үчүн көп талыкпаган эмгек жана керектүү каражат кетет. Мына ушул ж.б. багыттарда өз күчүн жумшап, анысын эч кимге милдет кылбай эле, барган сайын мындай үлгүлүү иштерин салтка айлантып күчөтүп жаткан Бакыт Жумагулов менен баарлаштык. Чынында Бакыт мырзанын жасап жаткан иштери бүтүндөй мамлекетке үлгү боло турган, тарыхта кала турган татыктуу иш экен…

—Бакыт мырза, алгач өзүӊүз жөнүндө окурмандарга айтып берсеӊиз?

—Мен өзүм Нарын шаарында төрөлүп, ошол тоолуу аймакта өстүм. Экономика жана экология факультеттерин бүтүрүп, эки жогорку билимге ээ болгом. Жашоо-шартка байланыштуу көбүрөөк жеке ишкерлик кылып келдим. Ошондой эле коомдук иштерге да аралашып, мамлекетибиздин өнүгүшүнө колубуздан келишинче салым кошолу деген аракет менен жүрөм.

—Көбүнчө спорт тармагын көтөрүүгө өз салымыӊызды кошууга аракет кылып жүргөнүӊүздү угуп жүрөбүз. Мыну ушул боюнча окурмандарга кенен кеп кылсаӊыз?

—Мен бала кезимден спортко шыктуу, күйөрман болуп өстүм. Бала чакта Нарында стадион жок болгондуктан, шаардын четине чыгып, боз талааларга өзүбүзгө чактап аянтты чийип алып ойночубуз. Кийин ошол биздин ыкма футзалда колдонулуп калды. Бир сөз менен айтканда футзалды биринчилерден болуп түзүп калдык десем болот. Ал кезде спорттук кийип, бут кийим деген жок эле. Ошол учурда кийин чоӊойгондо спортко кызыккан балдарды көтөрөбүз, жардам кылабыз деп кыялданчубуз. Акыркы эки жылдан бери Нарын шаарындагы Олимпиадага кирген спорт оюндарын өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз. Мисалы, Нарын шаарында волейбол боюнча кыздар командасы унутулуп калыптыр. Бул тоолуу аймакта бул оюн бир гана Ат-Башыда өнүгүп, ал жактын кыздары республикалык деӊгээлде ойноп, ийгиликтерди жаратып жүрүшөт. Футбол, волейболдон тышкары, Нарын шаарында вело жарыш боюнча спортту өнүктүрөлү деп, вело жарыштарды уюштуруп келатабыз. Өкүнүчтүүсү ошол 2-3 жыл мурун Нарын шаарынын базарында бир да велосипед сатылбаганын көрүп кейидим.

—Болбосо Нарын шаары Кыргызстандагы чоӊ облустун бакыйган борбор шаары деӊиз…

—Ооба. Мындай көрүнүштөн улам Нарында веложарыш такыр өнүкпөгөнүн, жаштардын, жалпы эле Нарын элинин веложарышка кызыкпаганынан ачык-айкын кабар берип турат. Азыр эми ал көрүнүш жоюлуп, шаарда велосипеддер сатылып, эл акырындык менен велосипедди көбүрөөк тээп калышты. Анткени, Нарын шаары кичинекей. Кичинекей шаар болсо да ал жакта жашагандар деле башка аймактардагыдай басымдуу көбү бир башына экиден машина айдап жүрүшөт. Машина канча көп болсо, тыгын ошончо көп болуп, экология бузулат. Биздин вело жарыштарды уюштуруубуздун бир максаты да ушул маселени камтыйт.

—Демек, сиздин демилгеӊиз Нарын шаарында вело жарыш өнүгө баштады деп тартынбай айтсак болот…

—Кудай буйруса, акырындык менен өнүгүп жатат. Биз жаштарды спортко тартуу максатында 2018-жылы Нарын шаарына биринчи жолу вело жарыш уюштурдук. Ага катышкандардын саны 100дөн ашты. Эркектерди өзүнчө, аялдарды өзүнчө жарыштырдык. 2019-жылы да 100дөн ашты. Бул жарыштарды эл көп укпай калышты. ЖМК тарабынан маалыматтык колдоо азыраак болуп калды окшойт. Бирок бул жарыштарга бир гана Нарындан эмес Бишкек шаарынан ж.б. аймактардан келип катышышты. Былтыр аялдар арасында 8-март аялдардын Эл аралык майрамына арнап волейбол өткөргөнбүз. Бул жарышка облустагы дээрлик бардык райондон кыз-келиндер келип катышышты. Абдан жакшы деӊгээлде өттү. Ал иш-чара өзүбүзгө да жакты. Андан кийин дагы суранышып, мугалимдер күнүнө арнап, Нарын шаары менен Нарын районунун мугалимдер арасында областтык деӊгээлде уюштурдук. Жалпы 17 -18 команда болду. Ал тургай ошол жарышка Нарындагы кыздардын медресесинен кыздар бир команда болуп келип, катышышып экинчи орунду алып кетишти.

—Мындай иш-чаранын баары эле барып каражат маселесине такалат да. Канча каражат сарптадыӊыз?

—Ар бир мындай иш-чара 100 миӊ сомдон ашпайт. Ошол каражатты байге ж.б. чыгымдардын баарына жеткиргенге аракет кылабыз. Биринчи орундан төртүнчү орунга чейин байге берилет. Өзүбүздүн мал-жаныбыз бар, андан тышкары чакан ишкерлик кылабыз. Тапкан акчабызды ушундай иш-чараларга сарптап, коомго пайдалуу иш кылалы деген асыл максатты туу тутуп келатам. Өткөн жылы Нарындан спорттун лыжа тебүү боюнча Алматыга Эл аралык мелдешке 4 жигит катышып келишти. Негизи 8 бала бармак, бирок төртөөнүн документтери туура эмес болуп, бара албай калышты. Алардын да чыгымын көтөрүп бердик. Кудай жалгап, ал мелдеште кичинекей 6 жаштагы бала 2-орунду алып келди. Ал мелдеште бир да казак балдар алышпаптыр. Россиядан ж.б. мамлекеттерден анан биздин жигит алдыӊкы орундарды багынтышты. Ал жигиттин мыктылыгына өзүбүз да таӊгалып калдык. Ушинтип колдоп турсак, эл ичинен мыктылар чыгат экен да.

—Сиздин мындай үлгүлүү ишиӊизге таасирленип башка байлар да спортту өнүктүрүүгө бел байлап калышы да толук мүмкүн да…

—Ооба. Ылайым ошондой эле болсо дейм. Биз мактансак, маданият жана спортубуз менен дүйнөнү дүӊгүрөтүп мактана алабыз. Мына ошондой деӊгээлге жетиш үчүн ар бирибиз күчүбүздү жумшап, салым кошсок жакшы болот эле. Чынында бизде акчасын батыра албай жүргөн байлар аз эмес. Ошондой чоӊ байлар спортко кызыгып, демөөрчү болушса деп ойлойм. Азыркы тапта жылына Нарын облусуна спорт тармагына болгону 1 миллион 200 миӊ сом бөлүнөт экен. Анын 500 миӊ сому Нарын шаарына каралат. Албетте, бул аз да. Эми түшүнсө болот, экономикабыз өнүккөнчө ар кимибиз мамлекетти колдоп, жардам берип турушубуз керек.

—Мыкты спортчулардын сүрөттөрүн чоӊ баннерлерге чыгарып, коомдук жайларга илип жаткан экенсиздер…

—Ооба. Бул иш-аракетибизде жеке эле Нарындан чыккан спортчулардын эмес, Кыргызстан боюнча мамлекеттин желегин дүйнөнү дүӊгүрөтүп көтөрүп жүргөндөрдүн сүрөтүн чоӊ баннерлерге чыгарып Нарынга илип жатабыз. Биринчи болуп былтыр ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болгон генерал Мелис Турганбаевдин, экинчи орунду алган Билим деген жигиттин, профессионалдык бокста жүргөн, Азия чемпиону боксер Турат Осмоновдун, балбан, жаштар арасында дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбековдун, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын да баннерлерин илип жатабыз. Алардын сүрөтүн эл көрүп, кеӊири таанышсын, айрыкча спортко кызыккан жаштар таасирленип турсун деген ниеттебиз. Бирок бул маселеде жергиликтүү бийлик жер-жерлердеги жарнама илген атайын жайларды берип колдоп жатышат. Жаман жери көбү чоӊ компаниялар, анан партиялар да шайлоого карата эмитен сатып алып коюшуптур. Ошондуктан биз өзүбүз жок дегенде 5-6ны жасайлы деп жатабыз. Бул иштерден тышкары 7-февралда Нарын шаарында областтык деӊгээлде улуттук Ордо оюнун өткөргөнү жатабыз. Байкасак, Ордонун илгерки эрежеси да бузулуп баратыптыр. Бул маселени да өз ордуна койбосок болбойт. Андан кийин 8-мартта кыз-келиндер арасында волейбол оюнун уюштурууну максат кылуудабыз. Буга чейин волейбол ойногондордун башкасын айтпаганда формалары жок эле. Биз аз убакыттын ичинде 10дон ашык командага атайын формаларды алып бердик. Мурун кызыгуу аз эле. Азыр абдан кызыгып, “Газпром” салып берген залда күнүгө ойноп жатышат. Жалпылап айтканда, жылына 10го жакын спорттук мелдештерден өткөрүп жатабыз.

—Спортту колдогондон тышкары да демөөрчүлүк жана кайрымдуулук иштерин да колго алып келесиз? Бул багытта аткарылган иштерди учкай айтып берсеӊиз…

—Демөөрчүлүк боюнча айтсак, былтыр досум Токторбаев Жолдош,иним Бакай Абдыкеримов болуп Нарынга эки жаӊы автоунаа белек кылдык. Бирөөсү Орток айыл өкмөтүнө, экинчиси ооруканага берилди. Андан тышкары. Кочкор району өткөргөн өтмө кубокко бир автоунаа бердик. Бул иштерден тышкары күнүмдүк оокаттарга муктаж болушкан жетишпеген үй-бүлөлөргө да кайрымдуулук кылып, колдон келген жардамдарыбызды берип жатабыз. Аларды тизмектеп айтпай эле коёюн. Нарын шаарында 360 Баатыр эне бар экен. Былтыр Энелер күнүндө аларга Нарын мэриясы менен биргеликте өзүбүздүн белектерибизди бердик. Буйруса, быйыл да белек тапшырабыз. Андан тышкары, 1-июнь балдар күнүндө да 3000 балага балмуздак берип, көӊүлдөрүн көтөрдүм. Бул жерде эӊ башкысы белектин арзан, же кымбаты эмес, көӊүл эмеспи.

Айбек ШАМШЫКЕЕВ