Бакыт Жетигенов: Партиянын съездинде Жээнбековдун талапкерлиги бекитилет

16.06.2017 | Саясат

 

25854

Буга чейин айрым маалымат каражаттары КСДП президенттикке премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон башка экинчи талапкерди көрсөтөт экен деген маалыматтарды тараткан. КСДП фракциясынын парламенттеги депутаты Бакыт Жетигенов ушул маселе боюнча орус тилдүү агенттиктердин бирине пикирин билдирип, аталган маалыматты жокко чыгарган. Анын айтымында, КСДПнын съездинде саясый кеңеш тарабынан президенттик шайлоого премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги бекитилет.  “Саясый кеңеш С. Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөн. Ал эми съездде аны бекитет. Башка кандидат чыгат экен деген – ушак. Аймактык өкүлдөр С.Жээнбековдун талапкерлигин бир ооздон колдошту”, — деди Б.Жетигенов.

Ошондой эле депутат өзү тейлеген  аймактагы шайлоочулардын да басымдуу бөлүгү С.Жээнбековдун талапкерлигин колдоп жатканын билдирген. “Мен шайлоочулар менен дагы сүйлөштүм, эч кандай маселе жок. Шайлоочулардын басымдуу бөлүгү С. Жээнбековду колдоого алышууда. Менимче, съездде анын талапкерлигин бекитебиз. КСДПдан президенттикке бир эле талапкер болот”,- деди Б.Жетигенов.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: