Бакыт БАКЕТАЕВ: «Батыш Астанага карата санкцияларды киргизиши ыктымал»

11.10.2017 | Коом, Саясат

Бакыт Бакетаев

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы ɵткɵрмɵ-кɵзɵмɵл пункттарындагы  кырдаал  начарлады. Дегенибиз, жарандардын сааттарга созулган кезек күтүүлɵрү орун алып, казак тарап ɵткɵрүү процедураларын татаалдантты. Кырдаалга  ар кандай баа берилүүдɵ. Бирок негизги себеби катары Казакстандын Алмазбек Атамбаевдин айткандарына жообу катары  кабыл алгандар кɵп.

Бул казак тарап белгилеп жаткандай, КРдагы шайлоого байланыштуу гана убактылуу кɵрүнүшпү? Же мунун себеби тереңде жатып, кырдаал узакка созулуп кетиши мүмкүнбү?

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев  буга казак олигархтарынын КР президенттигине талапкерлердин бирин колдоп, сүрɵɵнгɵ алуусу себеп болгонун айтат. Ал мындай пикирин «ВБ» гезитине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Атамбаевдин айткандарын карапайым казактар туура кабыл алышканы менен Казакстандын Назарбаев  баштаган бийлик башындагылары үчүн башка чапкандай эле болду. Кɵзɵмɵл-ɵткɵрмɵ бекеттериндеги  кырдаалдын башкы себеби ушунда жатат. Ал эми кырдаалды  шайлоого, техникалык бузуктуктарга  байлоо жɵн гана шылтоо.

Мындан сырткары, серепчинин  пикиринде, Казакстандын мындай кадамы ЕАЭБди  таркап кетүү коркунучуна кептеши ыктымал. «Эгерде Казакстандан биздин мигранттарды массалык түрдɵ депортациялоо башталса, анда буга Евро биримдик менен АКШ  кийлигишет. Бул ар кандай натыйжаларга алып барат. Керек болсо Батыш Астанага карата санкцияларды киргизиши  мүмкүн. Тирешүү жакшылыкка алып барбайт. Бирок муну биз баштаган жокпуз, казак тарап баштады, ɵздɵрү терс  кесепетин кɵрүп калышы ыктымал, », — дейт Бакыт Бакетаев.

Эми абал кай жагына ɵзгɵрɵт? Кырдаалды жеңилдетип, эки ɵлкɵнүн ортосундагы мамилени калыбына келтирүү үчүн эмне кылуу керек? Бакетаев эки ɵлкɵ кечиримдүүлүккɵ келүү менен кырдаалды андан бетер курчутпоого аракет кɵрүшү керектигин айтат. Болбосо, тирешүү толкуну Ɵзбекстан, Тажикстан, Түркмɵнстанга да жетиши мүмкүн.

«Бир нерсени унутпасак, кичинекей Тунисте башталган «араб жазы» Египет, Ливия, Сирия, Йемен, Түркияга чейин жетпедиби. Ошол үчүн азыр бизге «борбордуказия күзү» коркунучу бар. Араб ɵлкɵлɵрүндɵ болгондорду бизге таңуулагылары келип жатышат. Бул ɵңүттɵн алганда, алдыбызда чоң сыноо турат. Киссинджердин Борбордук Азиядагы  планын ишке ашырууга жол ачылды. Кырдаалдан чыгуунун жолу оор, бирок ага аракет кɵрүү керек. Биз да жɵн отурбай мунун үстүндɵ иштеп жатабыз. Ɵзүбүздүн сунушубузду ɵлкɵ жетекчилерине беребиз. Араб ɵлкɵлɵрү кетирген катачылыктардын кайталануусуна жол бербешибиз керек», — дейт саясий серепчи.

Бакыт Бакетаевдин саясий серепчи катары кɵрɵгɵчтүгү, алдын-ала кимдин президент болорун, эки револциянын ишке ашарын күн мурунтан айткандарын эске алсак, анын жогоруда айткандарына маани бербей коюуга болбойт го.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: