Бакыргандан башка кылган иши менен эсте калбаган Адахан

09.10.2017 | Саясат

000388

Кыргыз саясатында кыйкыргандан башка колунан эчтеке келбеген, куру сөзгө кыргызга күйүмүш этип, “оо” десе оозунан сахна өрттөнгөн, бирок “ушул долбоор, ушул иштер ушунун убагында бүттү эле” дегидей бир кылган кызматы жок жоон топ бакырчаак саясатчылар бар. Алардын анабашы Адахан Мадумаров. Адахан сүйлөсө Кыргызстан 10 жылдын ичинде эмес, эртен эле Сингапур болуп кетчүдөй сүйлөйт бирок иш жүзүндө кыйраткан деле, эсте каларлык деле бир иши жок.

Каркыраны казактарга карматканы чындык

Ачыгын айтыш керек, Мадумаров, Аскар Акаев режиминин чекесине чыккан чыйкан болуп жүрүп, элге алынды, караламанга таанылды. Раматылык Мелис Эшимканов агездеги досунун ийгилигине, ишине кубанып, “Адахан-дулдул, Адахан булбул” —  деп мактап, калк арасында мартабасын көтөрдү, полит-аренада рейтинггин жогорулатты. Бирок Бакиев бийлигинин келиши менен Мадумаров ээрден түшпөс эрке кадрга айланып, иштебеген жогорку кызмат орду калган жок. Кайран Адахан беш жыл доор сүргөн Курманбек Бакиевдин доорунда вице-премьер, депутат, мамкатчы, ЖК спикери, коопсуздук кеңешинин катчысы сындуу чо-оң креслолордо чочоңдоп отурду. Мүнөзу Кокон хандыгындагы элди тырмагына теңебеген баш вазир, ордобашчы төбөлдөргө окшошуп.

Адахан ошол кезде мансапка мас болуп көптү, кошоматчылыктын заманбап дагы, классикалык дагы түрүн көрсөтүп, калп айткандын устатына айланды. Сөзүбүз кургак болбос үчүн төмөндө айрым фактыларды назарыңыздарга суналы:

Адахан эл менен жолукканда, гезит-телеге интервью бергенде айтылуу Каркыра боюнча суроо берилсе эле, “ой аны казактарга берүүгө Акаев 2001-жылы кол коюптур. Менде күнөө жок” – дегенсип так секирип келет.

Чындыгында Каркыра боюнча 2001-жылы ошол кездеги преизденттер А.Акаев менен Н.Назарбаев кол койгон. 2003-жылы казак Парламенти бул келишимди колдоп ратификация кылып берген.

Бирок биздин Жогорку Кеңеш ратификация кылбаса кайран жайлообуз өзүбүздо кала бермек. Арийне, “Ак-жол” партиясы жана анын төрагасы Адахан Мадумаров баш болгон депутаттар Каркыраны казактарга өткөрүү келишимин ратификациялап, кол коюп беришкени – тарыхый факт.

Карапайып элди, сырттагы мигранттарды эми гана ойлойбу?

2007-жылы Кыргызстанда “ун кризиси”  болуп өткөнү белгилүү. Өлкөдө буудай жана ун өтө тартыш болуп, эл алардын кымбат экенине карабай базарларда кезекке турушуп, дүрбөлөңгө түшүшкөн. Себеби, нан деген эң улук азык эмеспи.

Ал ун кризистин башкы күнөөкөрлөрүнүн бири ошол туштагы каржы министри Акылбек Жапаров болгон. Анткени, ушундай азык-түлүк коопсуздугу үчүн түзүлгөн матрезервдер мекемесинин жетекчиси Ж.Нуржанов буудайдын бир тоннасы 122 доллар кезинде 100 миң тоннага чейин буудай алууга Казакстан менен келишим түзүп келсе, Жапаров “акчаны депозитте кармоо пайдалуу” деп керектүү сумманы которбой койгон. Ошол убакта Бакиевдер үй-бүлөсү жана аларга жакын болгон Бакыт Төрөбаев өңдүү ун магнаттары казак буудайын дүңүнөн алып келип, ун жасап пайда көргөндуктөн кыргыз дыйкандарынын буудайы өтпөй, Кыргызстанда буудайдын эгилиши өтө төмөндөп, ушул фактордон улам 2007-жылы өлкөнү ун кризиси каптап, анын кесепети ар бир кыргызстандык үй-бүлөгө тийген.

 

2008-жылдын 8-апрелинде Мадумаров жергиликтүү ММКга маек берип жатып, биздеги болуп өткөн ун кризисин жакшы жашоо издеп, Казакстан, Россияга кетип жаткан мигранттарга шылтады. Анын айтымында, ошолордун айынан жүз миңдеген гектар жер айдалбай калган имиш. Анан сыртка кеткен жаштар ата-энесинен эркин жүрүүнү каалашат экен. Кудум дискотека же сайраң клубдарына кетип жаткансып. Ушундай таризде жооп кайтарды кайран “кыйкырчаак короз”. Дыйкандардын кайнаган, тер төгүлгөн көйгөйү, өкмөттүн аларга эч кандай шарт түзүп бербегени, айдаган буудайын сатуудагы мамлекеттик камкордук, коопсуздуктун ж.б. жоктугу тууралуу ооз ачканга жарабады.
Себеби, мындайкөйгөй 2009-жылы кайра жаңырды. 2008-жылы Бакиев өкмөтү  дыйкандардын муңун уккан кишиче 200 миң тонна буудайды, 20 сомдон алууга убада берет. Бул ишти көзөмөлгө алууну “Агропродкорпорациясына” тапшырат. Сүйүнгөн баба дыйкандар кредитке, карызга акча таап, буудай айдап, мол түшүм (1 млн 200 миң тонна – авт.) алышат. Тилекке каршы, жалаң “алып-сат” философиясынан алыс кете албаган, ортодон “чотур” көрүүнүчоң бизнес катары түшүнгөн Максимдин “Агропродкорпорациясына” чогулганшулерлери болгону “20 миң тоннаны 10 (!) сомдон алабыз” деп чыгышат. Казак буудайынан 400 миң тонна сатып алышат. Ошондо дыйкандардын бакиевдерди каргап-ыйлаганын айт да, асты биртке пайда көрүп, арты карыз алган акчасын араң төлөгөнүн айт. А эмнеге азыркы тапта калк жыргалчылыгын жатса-турса да ойлонгондой түркөрсөткөн Кимсанбай молдонун уулу ошондогу дыйкандардын куураганын айтып чыгаалган жок? Эмнеге ошол кезде мигранттардын оор абалын айтып чыга алган жок.

Себеби, агезде Адахандын көзүн арзыматчылыктын сөзү жаап калган болчу…

Мадумаровдун дагы бир калпы – 2005-жылы маркум ага-инилерТынычбек, Рысбек Акматбаевдердин Чолпон-Атада өткөзгөн тоюуна катышпаганын айтып безеленгени. 2005-жылы алтойго мен дагы баргам. Адахан адатынча сахнаны бербей сүйлөп, Рысбек Акматбаевге карата “түштүк менен түндүктү бириктирүүдө зор кызмат өтөп жатат” деген таризинде КурСалиевичтин ыраазычылык салам-дубайын айтып, жаңылбасам  “семерка” үлгүсүндөгү жети жаңы “Жигули” байгелерге ала келсе керек эле.

Андыктан, илгери бийликтеги кезде кыргызга күйбөгөн Адахан азыр Кыргызстандын гимни ойнолуп атса урматтап коймок беле, гимн бүткүчө ордуна тура турса деле болмок да.

 

Семетей Талас уулу


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: