Бабановдун курулай убадалары, же конкреттүү механизми жок кооз сөздөр

20.09.2017 | Коом, Саясат

3792F87B-E7F9-4C34-8240-53D53C65A8F4_w1023_r1_s

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов 2010-2015-жылдары берген убадаларынын биринин да өтөөсүнөн чыга алган жок. Эми президенттик шайлоого катышып дагы тоодой убадаларды берүүдө. “Мени шайласаңар жашоо оңолот” деп гана оозун кургак чөп менен аарчыган Бабановдун ишке ашпай турган убадаларын жиликтеп көрөлү.

Бабановдун программасында билим берүү тармагын көтөрүү тууралуу курулай гана сөздөр айтылган. Ал элдин алдында берген убадасынын жадакалса аткаруу механизмин көрсөтө алган эмес. “Мен элимдин азыркыдан жакшы жашоосун каалаймын. Жаштар мыкты мектептерде жана университеттерде билим алса. Ал ушул жерде! 20 жылдан кийин эмес, азыр болсо. Өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү сапаттуу билим берүүдө. Мамлекеттин келечеги бала бакчаларда жана мектептерде. Биз Кыргызстандагы билим берүүнүн сапатын дүйнөлүк деңгээлге чыгарабыз”, — дейт. Бирок, Бабанов муну кантип, канча убакытта, кандай механизмдер менен ишке ашыра турганын так көрсөтө алган эмес. Азыркы Конституция боюнча президенттин укуктары чектелүү экенин эске алганда мындай убадага эч ким ишенбейт.

Өз өлкөсүнө ишенбей, инвестициясын сыртка салган Бабанов кантип сырткы инвесторлорду Кыргызстанга тартат?

Кыргызстандын Ички дүң өндүрүмүнүн (ИДП) 18 пайызын айыл чарбасы, 26 пайызын өнөр жай, 56 пайызын кызмат көрсөтүү түзөт. Президенттик кызматка талапкер Бабанов бул сандарды көрсөтпөй туруп тоодой убадаларды берүүдө. Ал туризм экономиканын локомотиви дейт. Азырынча экономиканын локомотиви туризм эмес жана бул тармакты өнүктүрүү үчүн көптөгөн иштер жасалышы керек. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2016-жылы чет элдик конокторду тосуудан түшкөн киреше 415 млн. долларды түзгөн. ИДПнын сатып алуу жөндөмдүүлүгү 21,5 млрд. доллардан ашып жатканда туризмди экономиканын локомотиви катары атоо жаңылыштык. Ал үчүн Бабанов эмес, өкмөт бир топ башталган иштерди аягына чыгарышы керек.

Анан дагы Бабанов президент болсом Кыргызстанда инвесторлорго максималдуу эркиндик берем деп жатат. Бирок, өзү 300-400 млн. долларга бааланган цемент заводун Россиянын Пенза шаарына куруп, чет өлкөгө инвестиция салганын айткысы келбейт. Кыргызстан сырттан келе турган инвесторлорго абдан муктаж болуп турганда, колдо турган инвестицияны сыртка салган Бабановдун мындай кылыгы чыккынчылык эмей эмне? 5-10 жылдан бери иштеп жаткан ошол заводун Кыргызстанга салганда миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болуп, миллиондогон салыктар өлкө казынасына түшөт эле го? Ошентип өзү өз өлкөсүнө ишенбей, өзгө мамлекетке инвестиция салып атып, анан кантип чет элдик инвесторлорду Кыргызстанга тарта алат эле?

Элге жеңилдетилген кредит бербейм, өзүм алам

Айыл чарбаны көтөрүү үчүн селекция керек деп какшаган Өмүрбек Бабанов президент болсом ЕАЭБке, Кытайга айыл чарба товарларын экспорттой турган 10 борбор курам деп турат. Бирок, айыл чарбаны көтөрүү үчүн биринчи кезекте тармактагы ишкерлерди колдоо керектигин эстебейт. Ал үчүн алгач арзан насыялар керек. 2010-жылы 7 пайыздык насыяны убадалаган Бабанов өкмөт башчысы болуп турганда деле анын өтөөсүнөн чыга алган эмес.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жеке эмгеги менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлүп, андан дыйкан-фермерлерге арзан насыя бериле баштаган. Ошондо да “колу туткак” Бабанов ага да “беш манжасын” салып, 17 млн. Долларды жеңилдетилген пайызда кредит катары алып алып жатпайбы. 0,1 пайыз менен алган бул каражатты өзүнө тиешелүү банк аркылуу элге 20 пайыздан берип жатканын бир катар ММКлар жазып чыкты. Бул кара тамандарга келген арзан насыяга солда борборун курду деп ишенгендер да бар. Ушул багыттан алып караганда Бабанов айыл чарбасын эч качан көтөрө албайт.

Казак менен орустун паспортунун эмне кереги бар?

Бабанов алгачкы сунуш кылган программасына мигранттар тууралуу бир да сөз кошкон эмес. Кийинчерээк түштүктү кыдырып жүрүп кокустан эле эл арасында мигранттарга кайрылуу жасай калды. Анда да оозу-мурду кыйшайбай туруп кош жарандуулукту киргизем деп күпүлдөдү.

Биринчиден, кош жарандуулукту киргизүү Кыргызстандын президентинин колунан келе турган иш эмес. Ага Казакстан же Россиянын жетекчилиги макулдугун бериши керек.

Аны ишке ашыруу бир топ жылдарды талап кылып, убакыт өткөндөн кийин актуалдуулугун жоготушу да мүмкүн. Бир четинен азыркы шартты алып караганда кыргызстандык мигранттар үчүн кош жарандуулуктун өтө зарылчылыгы деле жок. Анткени, өлкө ЕАЭБге кошулуп, биздин атуулдар Казакстан менен Россиянын жарандары сыяктуу тең укукка ээ болду. Жада калса Россияда улуттук айдоочулук күбөлүктөр менен эл ташып ишкердик кылууда.

Кел бөбөгүм жомок угабыз: “Кыргызстанды кыска аралыкта Бабанов өнүккөн 10 мамлекеттин катарына кошом деп алдап, өзү алдыңкы 10 олигархтын катарына кошулганда…”

Бабановдун Кыргызстанды кыска аралыкта дүйнөдөгү 10 өнүккөн мамлекеттин катарына кошом дегени жөө жомок. Анан дагы “2020-жылы ар бир кыргызстандык 2 эсе байыйт” дегеничи. Бабанов жана анын технологдору элди мүмкүн болбогон убадалар менен ынандырууну бекем сүйлөшүп, бул үчүн бүтүндөй ММКларды тартууну макулдашып алгандай.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ИДПсы ар бир кыргызстандыкка 3 500 долларды түзөт жана бул боюнча дүйнөдө 184-орунда. Ал эми ИДП Бабанов өкмөттү башкарып турганда бир топ төмөн түшүп кеткени менен акыркы жылы 3,8 пайызга өскөн. Ушундай факторлорду эске алганда Өмүрбек Токтогуловичтин мындай убадасын экономиканы терең терең түшүнгөн адам укса күлкүсүн тыя албай калчудай.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: